Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жаңы бийликке үмүт арткан мигранттар


Инаугурация учурунда тартылган сүрөт.
Инаугурация учурунда тартылган сүрөт.

Чет жактагы мекендештер Садыр Жапаровдун «мигранттарды мекенге кайтаруу - президент катары милдетим» деген убадасына үмүт артышат.

Чет жактан Кыргызстандагы соңку окуяларга, өлкөдөгү абалга тынчсыздануу менен карап, өлкөнүн өнүгүү жолуна түшүшүн тилеген миграциядагы мекендештер Жапаровдун убадасын кубаттоо менен кабыл алышты.

Бир топ жылдан бери Стамбулда иштеген Элмира Түркиядагы кыргызстандык мигранттар чет жерде да жумуш таппай кыйналып жүрүшкөнүн айтты.

«Шайлоодо көпчүлүк катары Садыр Жапаровго ишеним артып, ага добушумду бергем. «Мигранттарга жардам берем, мекенине алып келем» деген болсо, анын муну ишке ашырууга көзү жетип турса керек деген ойдомун. Азыр Түркиядагы мигранттардын жашоосу абдан эле оор болуп жатат. Жумуш жок. Мен тааныган кыргыздардын көбү ишсиз. Мен өзүм 1,5 айдан бери үйдө отурам. Жапаровдун «кыргыз эли жаркын жашоого келет» деп айткандарына ишенем».

Москвада чакан ишкерлик кылган Самат Уранкай Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал оңолгон убакта чет жактагы мигранттар өздөрү кайтат деген ойдо. Анын белгилешинче, азыркы кезде сыртка иш издеп чыга тургандардын санын азайтуу маанилүү.

«Кызматка жаңы киришип жаткан президенттин «чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, сыртка чыккан мекендештерибизди чакырып алабыз» деген убадасы кулакка жагымдуу, жүрөккө жылуу нерсе. Үмүт кылабыз, албетте. Бирок, канчалык оптимист болбойлу, ондогон жылдардан бери сыртка чыгып кеткен миллиондой мигранттардын социалдык абалы ар кандай катмарларга бөлүнүп калды. Ошонун баарын тез арада Кыргызстанга кайтарып, жумуш менен камсыз кыла коюу мүмкүн эместей сезилет.

Мигранттарга жумуш орундарын түзүп берүүдөн тышкары, Кыргызстандагы саламаттык сактоонун сапаты, билим берүүнүн деңгээли, сөз эркиндиги, сот, укук коргоо органдарынын адилеттүүлүгү, кылмыштуулук жана кылмыштуу топтор менен күрөш сыяктуу шарттар түзүлүшү керек. Андан тышкары мамлекеттик камкордук – пенсия, балдарга төлөмдөрдүн көбөйүшү маанилүү. Ушунун баарында өзгөрүүлөр болсо анан бир айда же бир жылда эмес, акырындык менен биринчиден, сыртка кеткендердин агымы азайып, анан сырттагылар кайта баштайт».

Европада билим алып, кийин бир нече жыл Орусияда миграцияда жүрүп, эми АКШга ишке барган Нурланбек Кайымов жаңы президент Жапаров биринчи кезекте элдин бийликке болгон ишенимин кайтарышы керек деп эсептейт. Нурланбек чет жакта билим менен тажрыйба алган мыкты адистердин, ишкердик кылып, капчыгын толтурган ишкерлердин кайтышы үчүн алгач Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында реформа болушу керектигин айтты.

«Мигранттар качан кайтат? Бийликке ишеним артканда, дагы бир президентти курчап алган коррупционерлер тазаланганда, мамлекеттик башкаруу системасы түп тамыры менен өзгөргөндө гана кайтат. Мамлекетти башкарууда реформа болушу керек. Өкмөт, министрликтердин түзүлүшүн карап чыгып, бири бирин кайталаган, үстү үстүндө отурган органдарды кыскартып, эффективдүү иштеген система курулушу керек. Чынчыл, жаш, иштей турган кадрларды алып келиш керек. Ошолордун иштешине айлык, турак жай жагынан жакшы шарт түзүлүшү керек. Ошол эле Грузияда Михаил Саакашвили жасаган реформаларды, ошол тажрыйбаны алсак болот. Мындай иштерди бир айда жасап, дароо элдин ишенимин актаса болот. Бизде чоң каражат жок. Завод-фабрика кура албайбыз. Жакшы кадрлар гана чече алат бул көйгөйлөрдү. Иш билги адамдар өкмөттө турса гана жакшы нукка өзгөрүү болот. Эгерде Садыр Жапаров ушул эл берген шансты туура пайдаланып кетсе, Кыргызстан өнүгүүгө бет алат».

Кыргызстандын бир миллиондой жумушка жарамдуу жараны чет өлкөлөргө убактылуу агылып, эмгек миграция агымында. Алардын эсебинен жылда Кыргызстанга 2,5 миллиард доллардай акча которулат. Пандемия жана жер-жерлердеги карантин чараларына байланыштуу бардык өлкөлөрдө жумуш орундары кыскарып, чет жактагы мигранттар бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушту.

Кыргызстандын миллионго жакын жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Бул өлкөдөгү ар бир үй-бүлөдө бери дегенде бир адам миграцияда жүрөт дегенди билдирет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG