Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Көрөгөч жазуучу Жорж Оруэлл бүгүн жүзгө чыкмак


2003-жылы июндун 25инде көрүнүктүү британ жазуучусу, адилеттиктин жана демократиялык түзүлүштүн жарчысы болгон публицист Жорж Оруэллдин жүз жылдык мааракеси кеңири белгиленди. Оруэлл өз чыгармаларында авторитардык коомдорду күзгүдөй чагылдыра алган устат. Эмесе, саясатты, идеологияны жана көркөм сөздү өз чыгармаларына жуурулуштура алган даңазалуу чебер жөнүндө азыноолак кеп куралы.

Июндун 25инде жүзгө чыккан британдык жазуучу Жорж Оруэлл (George Orwell; 1903-1949; өз аты – Эрик Артур Блэр / Eric Arthur Blair) кыргыз окурмандарына көбүнесе орусча котормолор жана чет элдик адабиятка арналган адабий сын макалалар, энциклопедиялык кыскача маалымдамалар аркылуу гана белгилүү.

Тоталитардык доорду жек көргөн, орусиялык коммунисттердин 1930-жылдары Испаниядагы атуулдук согуш маалында солчулдарга карата эки жүздүү саясат жүргүзгөнүнө өз жон териси менен күбө болгон бул жазуучу өмүр бою социализм идеясына берилген бойдон калган. Бирок анын кыялындагы социализм – Советтер Биримдиги баштан өткөргөн авторитардык түзүлүштөн демократиялык маңызы менен айырмаланчу.

1945-жылы августта, Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасы ташталгандан көп өтпөй, Жорж Оруэллдин калеминен жаралган чакан китепче Лондондогу китеп дүкөндөрүнө түштү. “Айбанат чарбасы” (Animal Farm) аттуу бул китепти жазуу тууралуу Оруэлл тээ 1937-жылы эле ойлонгон экен, бирок китеп 1943-жылы гана жазылып бүтүп, кочкул-күрөң коркунуч – фашизм кыйрап, кызыл коркунуч – коммунизм Евразиянын кеңири аймагында чыңдала баштаган чакта гана жарыкка чыкты.

Оруэллдин эң мыкты чыгармасы саналган бул эмгек тууралуу жазуучунун биографы, сэр Бернард Крик мындай дейт:

- “Айбанат чарбасы” – мүдөөсүнө жетпей ойрон болгон революциянын кошогу, сталинчилер тарабынан эски большевиктердин ойрондолушунун кошогу. Ал – көркөм ой чеберлеринин эркиндигинин жокко чыгарылышына жана орусиялык революциянын алгачкы баскычында ага берилгендердин үмүт-кыялынын ойрон болушуна күйүп жазылган кошок. Ал – идеалисттик түшүнүктүн бийлик тарабынан бурмаланып-бузулушуна карата айтылган кошок.

Крик мырза таасын белгилегендей, чыгарма революциянын атын жамынып, бийликке келген күчтөр кантип чексиз диктатура орнотууга жетишкенин ашкерелейт. Китепте адамзатка каршы жан-жаныбарларды көтөрүлүшкө чакырган чочколордун алгачкы ураандарынын бири төмөнкүдөй:


Soon or late the day is coming,

Tyrant Man shall be overthrown,

And the fruitful fields of England

Shall be trod by beasts alone.

“Эртеби, кечпи, биздин күн келип,
Залим Киши тактан кетмекчи,
Англиянын молчулуктуу майсаны
Айбанаттын карамагына өтмөкчү”.


Тим эле “Интернационалдагы” жалындуу сөздөрдү бурмалап кайталагандай болгон бул гимн, акыры, айбанатты түгөл башкарып, алардын теңдик жөнүндөгү оболку идеяларын тебелеп, өзүнүн жекече үстөмдүгүн орноткон жандыктын куралына айланат.

Сталин, Мао Цзедун, Ким Ир Сен, Чаушеску сыяктуу диктаторлор түзгөн коомдун келечеги жоктугу Жорж Оруэллдин дагы бир даңазалуу чыгармасында – 1948-жылы жазылган “1984” аттуу романында сыпатталган. Жазуучу өлөөрдөн бир нече ай мурда, 1949-жылы жарык көргөн бул чыгармадагы каармандардын бири О’Брайэн өкмөттүк бийлик тууралуу мындайча баасын айтат:

"'Power is not a means, it is an end. One does not establish a dictatorship in order to safeguard a revolution; one makes the revolution in order to establish a dictatorship.'"

“Бийлик – бул каражат эмес, ал – (баары жоктун) акыркы чеги. Революцияны коргоо үчүн диктатура орнотулбайт. Революция диктатураны орнотуу үчүн жүргүзүлөт”.

О’Брайэн айткан бул катаал чындык коммунизм идеясын жеке өзүнүн бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланган нечендеген “кызыл” диктаторлордун саясий бийлигинин табиятын көрсөтөт. Эми Крик мырзанын бул роман тууралуу сөзүнө конок берели:

- “1984” романында революция жүзөгө ашырылат, бирок ал сасыткы болуп чыгат. Бийликке жеткен партия өкмөттүк бийликтен башы айланып, бузулбай койбойт. Оруэлл сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылчу нерсени аңдаган го деп эсептебейм. Романда сатира менен эскертүү жуурулушкан. Аны алдын-ала пайгамбардык кылгандык дешке болбойт.

Крик мырзанын бул оюна кошумчаласак, башка бир катар замандаштарынын ишениминде, жазуучу Жорж Оруэлл мурдагы Советтер Бирдиги, Румыния, Югославия, азыркы Кытай, Түндүк Корея, Куба сыяктуу өлкөлөрдө жашабай туруп эле, андагы коомдордун саясий маңызын талдай билген.

Жеке партиянын үстөмдүгү – иш жүзүндө коомдук тап же партиянын атынан өз үстөмдүгүн орнотчу залимдердин үстөмдүгүнө өсүп чыгаары жана акыры мындай коом кулай тургандыгы тууралуу анын көрөгөчтүгү ХХ кылымдын этегинде эле таасын далилденди.

Оруэллдин чыгармалары пост-советтик бир катар өлкөлөрдүн эч бир партияга ишенбей, эски советтик бюрократиялык механизмди (“бийлик партиясын”) эби менен пайдаланып жаткан төбөлдөрү үчүн да олуттуу эскертүү бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG