Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Партиялар сунуштаган «экономикалык кереметтер»


Партиялар экономикага күйөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:11 0:00

Партиялар экономикага күйөбү?

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын программасы бир сыйра жарыяланып бүттү. Адистер жана шайлоочулар андагы багыттарды колу жетишинче талдап жатышат. Бул жолу «Азаттык» саясий жарышка түшкөн топтордун экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштары жана убадалары тууралуу сөз кылмакчы.

Жаңы секириктер парады

Биз темабызга Борбордук шайлоо комиссиясынын talapker.shailoo.gov.kg сайтында жарыяланган партиялардын программаларын негиз кылып алдык. Буга кошумча партия өкүлдөрүнүн КТРК телеканалы аркылуу жасалган кайрылууларын мисалга тартмакчыбыз.

Демек, алгач эң көп резонанс жараткан экономикалык идеялардан баштайлы. Бул жагынан алганда «Республика» партиясы менен «Кыргызстан» партиясы алдына ат салдырган жок.

Маселен, «Республика» өлкөнүн ички дүң өнүмүндө (ИДӨ) жылына 15 пайыздан өсүүнү камсыз кыларын, жарандардын айлыгына жылына 4 миң сомдон кошуп турарын, 200дөн ашуун жаңы ишкана ачарын, насыянын үстөгүн 5-6% түшүрө турганын билдирүүдө.

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев муну өз кайрылуусунда да айтты:

«Бизге жаңы технологиялар керек. Айыл чарба насыяларын биз 5% чейин төмөндөтөбүз. Мамлекеттик ипотекалык насыя 6 пайыздан көп болбойт. Дарыгерлер менен мугалимдерге ипотеканын баштапкы төлөмдөрүн жоёбуз», - деди.


Маалымат үчүн айта кетсек, акыркы он жылдан бери Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүү темпи 4-5 пайыздын тегерегинде гана кармалып келди. Экономисттер бул жагдай жөн гана инерция экенин айтып, жагдай өнүгүүнүн белгиси эмес дешет. Быйыл коронавируска байланыштуу бул көрсөткүч тескерисинче 10% артка кетери болжолдонгон. Ошол себептүү жылына «15% өсүш» деген убадага ишенүү кыйынга турат.

Мамлекеттик ипотекалык компанияда азыр 4-5 миңдей адам кезекте турары, бюджеттин каражаты жетишпей, сырттан алынган акча да көбүнө жетпей жатканы маалым. Ал эми маянага акча кошуу жылына дефицит менен кабыл алынып жаткан кыргыз бюджети үчүн канчалык реалдуу деген суроо жаралат.

«Кыргызстан» партиясында "жаңы секириктер" мындан да арбын. Бул партия жашыл экономиканы жолго коёрун, фермерлерди кооперативдерге бириктирерин, мигранттарды инвестор катары пайдаланарын, туристтерди көбөйтөрүн билдирүүдө.

Мындай караганда алдыңкы аталган эки ишти айрым ишкерлер парламентке барбай эле аткарып жатышат. Мигрантты инвестор деп атаганын көбү түшүнбөй калышты. Анткени сыртта иштеген миллиондой кыргызстандыктын кайсы бир бөлүгү эле жетиштүү киреше таппаса, калганы айылда үй-бүлөсүн араң багып жатканы белгилүү. Туристтердин көбөйүшү болсо таптакыр башка нерселер менен байланыштуу.

«Республика» партиясы да, «Кыргызстан» партиясы да «жылына жүздөгөн ишканаларды ачабыз» деген ураандары менен белгилүү. Бул партиялар мурдагы шайлоолордо да ушундай убада кылган, бирок анын жыйынтыгын кыргызстандыктар байкаган жок. Анүстүнө ишкана ачууга мүмкүнчүлүк болсо, аны депутат болбой деле ачууга эмнеге болбосун? Ансыз да мыйзам боюнча депутаттар эч бир ишканада кожоюн болбошу шарт эмеспи.

«Кыргызстан» партиясы салыктарды максималдуу кыскартарын, «Республика» партиясы бир эле жүгүртүүгө гана салыкты (налог на оборот) калтырарын айтууда. Бул жер казынасын пайдалануу тармагынан сырткары бардык тармактарга тиешелүү болот экен. Баса, ушундай эле «бир өлкө, бир салык» идеясы менен «Мекеним Кыргызстан» партиясы да чыккан жана алар да жүгүртүүдөн гана салык алууну колдоп жатат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Дастан Кадыров муну реалдуу эмес деп эсептейт:

Дастан Кадыров.
Дастан Кадыров.

«Бул ишке ашпаган демилге. Дүйнө жүзүндө андай практика жок. Ооба, жүгүртүүгө салык АКШ, Сингапур, Гонконг, Жапония сыяктуу мамлекеттерде бар. Бирок аларда аны менен кошо башка салыктар деле жоюлган эмес. Европа, КМШ мамлекеттеринде кошумча нарк салыгы (КНС - НДС) иштетилет. Маселен, Грузия салыгын азайткандардын ичинен эң алдыда турган мамлекет деп саналат, бирок аларда да алты салык бар. Бизде азыр сегиз салык бар. Мунун ичинен акцизди алып салганга болбойт, КНСти жоё албайсың, жер салыгы жана башка салыктар бар. КНС бул салыштырмалуу калыс салык, товарыңа канча баа кошсоң ошончо төлөйсүң. Эгер бизде жүгүртүүгө салык коюлса, коррупцияга жана калыссыздыкка алып келет. Анткени ишкерлери биринчиден, жүгүртүүнү жашырганга өтүшөт. Экинчиден, чекене сатыкта 25-100% чейин кошот, аларга төлөш жеңилирээк болот. Дүң саткандар 5-10% кошот, алардын жүгүртүүсүнө 5-10% салык коюп койсоң, алар төлөй албай калат. Негизи салыкты пайда түшкөндөн кийин төлөш керек».

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жогорудагы идеясынан сырткары алдыңкы он жылдыкта орто жана чакан бизнести өнүктүрө турганын, бизнести каттоону таптакыр жеңилдетерин, жашыл ишкерликке басым жасарын, туризм, айыл чарба жана кайра иштетүүнү колдоого аларын, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарарын убада кылууда.

«Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары өз программаларында «кен байлыктары - элге», «кендерди жамааттарда адилеттүү бөлүштүрүү» деген сыяктуу чакырыктарды таштады.

Бул жагынан «Ыйман нуру» партиясы чоң билдирүү менен чыгып, кендерден түшкөн акчаны ар бир жарандын банктык эсебине түшө тургандай шарт түзүүнү демилгелөөдө.

«Ыйман нуру» партиясынын талапкери Чыңгыз Макешовду угалы.

Чыңгыз Макешов.
Чыңгыз Макешов.

«Кыргызстандын кен байлыктары жана жер казынасы элге таандык! Биз иштетилген жерлерден каражаттарды бөлүштүрүүнүн жана алуунун деталдуу механизмин мыйзамдуу түрдө өзгөртүп, оңдойбуз. Кыргызстанда төрөлгөн ар бир адамдын өзүнүн жеке эсебине кен иштетүүдөн акча түшүп турушу керек! Кен байлыктардан кирешени олигархтар эмес, ар бир жаран алышы керек. Кыргызстанда 2700 алтын чыгаруучу жер бар. Эки миң тоннадан ашык алтын. Ага ылайык, ар бир жаранга 1500 миллион сомдон туура келет».

Кыргызстанда жалпы кен тармагынан жылына 10-12 млрд. сомдой киреше түшөрү белгилүү жана ал бюджетке кетет. Биринчиден, аны кескин көбөйтүп жиберүү азыр анчалык реалдуу эместей, экинчиден, бул акчаны жеке колго берсе кайра эле бюджет эңшерилип калбайбы.

«Ыйман нуру» муну менен кошо жаңы инвестициялык долбоорлор аркылуу жүз миңдеген жумуш орундарды түзөрүн, натыйжада ИДӨнү эки эсеге өстүрөрүн, банк системасын реформа кыларына ишендиргиси келет.

ЕАЭБ, айыл чарба жана IT

Партиялар арасында бир уюмдагы өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык кызматташууга байланыштуу убадалар көп экени байкалат.

Маселен, «Кыргызстан» партиясы Евразия Экономикалык Биримдикке мүчөлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн 100% пайдалануу жана Евробиримдик берген «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууну жакшыртуу жөнүндө да убада берүүдө.

Бишкек ЕАЭБге 2015-жылы кирсе, Евробиримдиктин жеңилдигин 2016-жылы алган. Бирок өлкө бул жеңилдиктерди ушул алты жылда деле жыргатып пайдаланган жок.

Ага карабай бул жагынан «Экономикалык эркиндик» деген ураанды карманган «Замандаш» партиясы да алар бийликке келсе, Кыргызстан ЕАЭБдин ичинде татыктуу орунга ээ болоруна ишарат кылат. Бул партия башка өлкөрлөрдүн рыногун «экологиялык таза азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү» менен багынтса болорун, «венчурдук» же «илимий тобокелчи» бизнести өнүктүрөрүн да билдирет.

Серепчи Марат Мүсүралиев экономиканы бир эле ЕАЭБге байлап алуу орунсуз деп эсептейт:

«Реалдуулукта Кыргызстан күчсүз болуп жатабыз. Бир нерсе болсо эле чек араны жаап салышат. Эмне кылып жатышат ошол мезгилде? Орусияга, Казакстанга эч кандай рычагыбыз жок. Теңата биримдик эмеспиз. Ошондуктан жакын арада бул уюмда 100% укугубузду пайдалануу жана тең укуктуу болорубуз реалдуу эмес го. Мунун баары ошол өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлеринин маанайынан көз каранды. Ошол себептүү биз бир эле ЕАЭБ менен эмес, башка өлкөлөр менен да соода-сатыгыбызды, экономикалык катышыбызды күчөтө беришибиз керек».

Ооба, адатта ЕАЭБдеги чектөөлөргө карата Кыргызстанда нааразылыктар көп. Уюмдагы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения менен соода кыскарып баратканы белгилүү. 2020-жылдын январь-июль айларында эле Кыргызстандын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 17,9 пайызга азайды.

«Жаңы дем» аттуу ураан менен чыккан «Ата Мекен» партиясы шайлоодо алар утуп чыкса, «экономика да жаңы дем аларын» маалымдайт. Бул топ сарамжал экономикага өтөрүн, өнөр жайды артыкчылык кылып аларын, сырткы экономикалык ишмердүүлүктү либералдаштырарын, башка өлкөлөр менен кош салыкты жоёрун убада кылат.

Партия ошондой эле ишкерлерге колдоо жасачу Өнүгүү банкын түзөрүн, Импорттун ордун алмаштыруу программасын ишке саларын, Инвестициялык кодексти иштеп чыгарын, үй-бүлөлүк жана улуттук өнөрлөргө арналган мамлекеттик программаны баштай турганын жана айыл чарбасына басым жасай турганын программасында көрсөткөн. «Ата Мекен» мындан сырткары электрондук валюталарга уруксат берерин, Google, Amazon сыяктуу ири компаниялардын дата-борборлорун өлкөгө тартарын жана IT технологияны өнүктүрөрүн кошумчалайт. Бул партия да «жашыл экономиканы өнүктүрүү» позициясын карманууда.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» өнөр жай жана агрардык секторду өнүктүрүүгө күч жумшап, багбандардын жана дыйкандардын өндүрүмүн калыс баада сатылуусуна шарт түзүп берерин айтууда. Анын ичинде жашылча жана мөмө-жемиштер, эт, сүт, жүн, тери жана башка нерселер кеп болуп жатат.

Партиянын лидери Акбөкөн Таштанбеков өз кайрылуусунда буларга токтолгон:

Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

«1990-жылдарга чейинки айыл чарбаны толугу менен жок кылышты. Асыл тукум мал чарбалары жана үрөн чарбалары жоюлду. Ушунун баарын калыбына келтирүү керек. Сүт суудан да арзан, жөн эле агып жаткан суу 24 сомдон болсо, сүттү 12 сомдон 15 сомго чейин сатып алышат. Коронавирус учурунда ал тургай көлдө сүт 8 сомго чейин түштү. Бул калыс эмес баа, талап-тоноочулук. Сүттүн наркы кеминде 25 сом туруш керек, биз программабызда ушул нерсеге жетишебиз. Муну үчүн кайра иштетүүчү комбинаттарды курабыз жана ал комбинаттарга элге караштуу болушу шарт. Ошондо сүт да, эт да, башка айыл чарба азыктарына да калыс баа коюлат. Биз муну менен кошо экономиканы жеп жаткан «ортомчулар армиясын» түп-тамырынан жок кылабыз».

«Реформа» партиясы Экономиканы мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүнөн бошотууну жана бардык социалдык чегерүүлөрдү 10% социалдык салык менен алмаштырууну убада кылат. Алар салыктык башкарууну түп-тамырынан жөнөкөйлөтүүнү, бирдиктүү салык киргизүүнү, кыйыр салыктарды азайтууну, бизнеске карата бюрократияны жоюуну сунуштайт.

Партия ошондо эле дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү, эл аралык аэропортторду дүйнөнүн алдыңкы операторлоруна - башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүнү, электр энергиясын сатууда монополияны жок кылуу жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү багытында иш алып барууга ниет кылат.

«Бир Бол» партиясы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программаларын иштеп чыгарын жана бул жааттагы иштерин ошонун негизинде аткарарын билдирүүдө. Иш катары – ИДӨнү эки эсе көбөйтүү жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын 3% чейин кыскартуу, экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70% чейин жеткирүүнү атайт.

Муну менен катар фискалдык реформа жүргүзөрүн, салыкты кирешеге эмес, чыгашага карата аларын, инвесторлорду беш жылга салыктан бошоторун, туризм тармагында кошумча нарк салыгын жоёрун жана тейлөө тармактарына мүлк салыгын кыскартарын убада кылууда.

Бирок бул жерде логика кайрадан эле «эгер салыктар азайса анда, бюджет кантип толтурулат?» деген айланкөчөк суроого келип такалат.

Абстракция жана жалпы кеп

«Евразиялык тандоо» жана «Демократиялык социализм» деген ураандарды карманып жаткан «Биримдик» партиясынын программасында экономикага байланыштуу так көз караштар конкреттүү берилген эмес.

Бул саясий топтун платформасындагы «экономика» деген пунктта партия «өнөр жай, энергетика, айыл чарба, курулуш, транспорт тармактарын модернизациялоону жөнгө сала турган, экономиканын чийки зат мүнөзүн жоюуга, ишкердикти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгууну өтө маанилүү деп эсептей турганы» гана жазылган.

Бул партия экономикада санариптешүүнү колго алып, «электрондук мамлекетти өнүктүрүүнү максат кылат.

Ушул жерден бизге экономист Эркин Абдразаков кепке кошулду.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Бийликтин партиясы деп айтылып жаткан «Биримдик» «Кыргызстан Евразиянын жүрөгү» деп чыгып алыптыр. Каяктагы жүрөгү? Евразияда эң артында калды го. «Бир бол» партиясы болсо мурда «Илбирстин секириги» деген программасынан кайтыптыр. Анысын аткарган деле жок, эми кайра жаңы программа менен чыгып жатат. Жалпы алганда эски чакырылыштан жүздөй депутат, партияларга бөлүнүп алып, кайра эле келатышат. Парламенттик башкаруу деген менен бизде партиялык түзүлүш жок, өнүккөн эмес. Программаларынын бардыгы эптеп депутат болууну гана көздөгөн программалар. Мени эч кимисинин программасы канааттандырган жок».

«Ордо» партиясынын программасы «керек, зарыл, кажет» деген сөз айкаштары менен берилген. Кыскасы «каржы, насыя саясатында көз карандысыздыкка», «экономикада катуу көзөмөлгө», «кенди иштетүү жырткычтык менен эксплуатациялоого жол бербөөгө», «насыяларды түшүрүүгө», «чет элдик биргелешкен долбоорлорду түзүүгө», «ички инвестициялардын үлүшүн көбөйтүүгө», «пландалган экономикага» жана башка нерселерге «жетишүүбүз керек» экен.

«Мекен Ынтымагы» партиясы «Кыргызстанды саясий- экономикалык туңгуюктан алып чыгарын», «жаңы экономикалык багытты ишке ашырарын», «көмүскө экономиканы ачыкка чыгарарын», «жогорку багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырарын», «жаңы жумуш орундарын камсыздап, мигранттарды мекенине кайтарарын», «айыл чарба азыктарын эл аралык базарга алып чыгарын», «жеңил өнөр жайын колдоого аларын» билдирет.

Бул партия «кошумча нарк салыгын кыскартууну» жана «экономикалык жеңилдиктер аймагын түзүүнү» да демилгелейт. Бул жерден биз Кыргызстанда азыр беш экономикалык аймак бар экенин жана ал жерде азыр инвесторлор «нааразы болуп, качып» жатканын эскертип койгубуз келет.

«Чоң казат» партиясы «Улуттун өнүгүү стратегиясы» аттуу программанын алкагында «Улуттук экономика» деген түшүнүктү сунуштайт. Анда «коомдук менчиктин формаларын кеңири жайылтып, жарандардын жеке менчикке болгон укугун чечип, материалдык өндүрүш тармагын өнүктүрүү зарылдыгы» көрсөтүлгөнү менен эмне иштер аткарылары жазылган эмес.

«Чоң казаттын» лидери Максат Мамыткановдун кайрылуусунан кыска угуп алалы:

«Биздин экономикабыз чоң кризиске такалды. Пандемиядан андан бешбетер катуу соккуга кабылды. Ушуну менен буга чейин иштеп келген базар экономикасы кыйрады. Ошону үчүн биз жаңы экономикалык стратегияны сунуштайбыз. «Чоң казатта» ошондой стратегиялар бар».

«Мекенчил» партиясынын программасында «кен байлыктарды, суу ресурстарды жана энергетиканы системалык башкарууну» жолго коюп, бул тармактарда уурулукту токтоторун, «банктык-насыялык саясатты элдин пайдасына бурарын», «бажы төлөмүн көбөйтөрүн» келтирет. Бирок аны кантип ишке ашырары көрсөтүлгөн эмес.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы «чийки заттарды эмес, даяр продукцияларды экспорттоого», «ишканаларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана криминалдан коргоого», «фермерлерди колдоого» жана башка нерселерге көңүл бурарын белгилейт. Бул партиянын лидери Адахан Мадумаров КТРКдагы кайрылуусунда да «экономикадан мурда ыйман жана маданият» биринчи кезекте экенин айткан эле.

«Социал-демократтар» партиясы «жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндө эл аралык транспорттук борбор болуу үчүн шарттарды түзүү», «алыскы аймактарга жеңилдетилген салык киргизүү», «электрондук салык киргизүүнү», «ишкерлерге жардам берүүнү», «инвесторлорго кепилдиктерди берүүнү», «бажыга электрондук көзөмөл орнотууну» убада кылат.

Кайра Эркин Абдразаковго сөз берели.

«Кеп болгон программалардын чети да ишке ашпайт. Себеби биринчиден, бул партиялардын көбү өтөбү же жокпу белгисиз. Экинчиден, мамлекеттик карыз 5 млрд. доллардан ашып кетти, ички бюджеттик дефицитибиз 20-30 млрд. сом болуп жатат. Ушундай кыйын мезгилде кайсы программаларды, кантип аткарышат? Бир жагынан «сүйүнчү беребиз» дейт, экинчи жагынан «салыкты кыскартабыз» дейт, бири «салыкты кыскартам» дейт, кайра «айлык көбөйөт» дейт. Бюджетте акча жок болсо эмнени беришет? «Пенсияны, жөлөкпулду көбөйтөм» деп оозуна батышынча айтып жатышат, президентибиз баш болуп ошенткен, кайсы акча менен бересиңер аны? Билбейм, түшүнбөйм, ойду-тоону сүйлөп жатышат, кайсы экономист, кайсы адистер менен кеңешип, ушундай убадаларды берип жатышат».

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 16 партиянын программаларында экономикадан башка багыттар да өзүнчө жазылган. Бирок ал айрымдарында ал бөлүктөр деле абстракциялуу берилип калган учурлар арбын.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG