Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:58

Кыргызстан жана кеңири жашыл экономика


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Луиз Чемберлен.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Луиз Чемберлендин блогу.

«Мен бир нече себептерден улам Бишкектен анча алыс эмес жерде жайгашкан айылга көчүп келдим. Апам көп жөтөлчү. Биз шаардын чок ортосунда жашачубуз. Көчөнүн чаңы, ызы-чуусу бизге сезилип турар эле. Аба булганыч болгондуктан мен Бишкектен көчүп кетүүнү чечтим, анткени мен апамдын жана үй-бүлөмдүн жашоосун оңдогум келди. Эми болсо мен жаңыдан үйүмө келатканда Бишкектин үстүндө уюлгуган бозомук, кээде кара жабууну көрөм», - дейт Гүлайым Айылчы.

Гүлайым көргөн коюу кара түтүн – бул көмүр менен иштеген өндүрүштөн, турак жайлардын миңдеген жылуулук тутумунан жана ири көмүр электр станцияларынан чыккан кара туман. Бишкекте жылуулук энергиясынын көп бөлүгү казылып алынган отунду пайдалануудан алынат. Мындай отун күйгөндө пайда боло турган парник газдары болсо адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан көптөгөн экологиялык кыйынчылыктарга туш болууда. Көп адамдар зыяндуу жактары арбын, «күрөң» деп аталган экономикалык өнүгүү жолунун азабын тартып жатышат. Анын ичинде жаратылыш ресурстарын ченемсиз, ыксыз жана натыйжасыз пайдалануунун аркасында жаратылыш ресурстарынын жок болушу, климаттын өзгөрүшү, абанын жана суунун булганышы, таштандылардын жакшы тазаланбай калышы жана айыл чарбасы менен суу жана энергетикалык тутумдардын натыйжасыздыгы да бар.

Глобалдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бизди тамак-аш, суу, жылуулук, турак жай жана дары-дармек менен камсыз кылган, коом менен экономиканы бүтүндөй колдоп турган дүйнөдөгү экосистемалык кызматтардын 60% бузулат же бирдей бөлүштүрүлүп колдонулбайт. Сактоо жана калыбына келтирүү багытындагы чаралар туруксуз экономикалык ишмердүүлүккө дагы эле шайкеш келбейт.

Бул факторлор адамдардын жана жамааттардын, өзгөчө аялуу топтогулардын жашоосу менен жашоо каражаттарына таасир этет. Экология канткен менен көп өлкөлөрдө оорулардын козголушуна жана өөрчүшүнө таасир тийгизет. Дүйнөлүк банк ден соолуктун деңгээлин глобалдуу деңгээлде баалаган маалымат боюнча Кыргыз Республикасы 145 өлкөнүн ичинен 101-орунду ээлеп турат.

Абанын жана суунун булганышы адамдардын саламаттыгы үчүн абдан чоң экологиялык коркунуч болуп калды. 2019-жылга карата саламаттык сактоо менен айлана-чөйрөнүн булганышына байланышкан иш планына ылайык, абанын жана суунун булганышы жыл сайын 4500 кишини ажалынан эрте өлтүрөт. Экономикалык чыгымдар өндүрүштө 24-31 млн. долларга бааланган жоготууларга алып келет. Өпкөнүн өнөкөт илдети, жүрөктүн кемтик оорусу, төмөнкү дем алуу жолдорунун дарттары жана өпкөнүн шишиги – мунун бардыгына кандайдыр бир деңгээлде абанын жана суунун булганышы себепкер.

Айлана-чөйрөнүн начарлашы жана булганышы ошондой эле орто жана узак мөөнөттө өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө тескери таасир тийгизе алат. Анткени туруктуу өсүш жаратылыш ресурстарын башкаруу ыкмаларынан белгилүү бир даражада көз каранды. Азыркы экономикалык өнүгүү моделин айлана-чөйрөнүн мындай бузулушунан бөлүү боюнча бир канча себептер бар.

  • Кыргызстанда жерлердин бузулушуна басымдуу даражада айыл чарба жерлерин туруксуз пайдалануу, малды ыксыз көп оттотуу, жер айдоонун жана суу ресурстарын башкаруунун натыйжасыз ыкмалары себеп болот. Азыркы күндө бардык жайыттардын төрттөн бир бөлүгүнө жакыны орточо же олуттуу түрдө бузулган.
  • Токойлорду кыюу биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышынын дагы бир себеби болуп эсептелет. Өлкөдө малды көбөйтүү күч алды. Бирок малды жаюу жөнгө салынбаганы жана системага келтирилбегени жайыттык экосистемалардын бузулушуна шарт түзүүдө. Бул өлкөнүн бардык аянтынын 40% жана бардык айыл-чарба жерлеринин 85% түзөт.
  • Жерлерди ыксыз ашыкча пайдалануу, которуштуруп айдоонун жана калыбына келтирүүчү иш-чаралардын жетишсиздиги топурак кыртышынын түшүмдүүлүгүн начарлатып жатат. Жердин 160 000 гектардан ашыгын же дээрлик 14% жерди ар кандай деңгээлде шор баскан, ал эми 714 000 гектарга жакыны же айдоо аянттарынын жалпы аянтынын 59,3% суу эрозиясына туш болгон.
  • ​Суу ресурстарына негизинен таштандылар жана кен казуучу ишканалардын калдыктарын туура эмес башкаруудан улам келип чыккан химиялык жана органикалык булгануу коркунуч келтирүүдө. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын өндүрүш тармагындагы СО2 заты жана материалдык ресурстарды колдонууга байланыштуу келип чыккан булгануу көптүк кылат.
  • Өлкөнүн ири шаарларында абанын булганышы өтө курч маселе болуп саналат. 2017-жылы стационардык булактарда абанын булганышы 49 миң. тоннаны түзгөн, бул 2011-жылга караганда 36% көп. Ташталган, булганган калдыктардын көбүрөөк көлөмү жылуулук электр станцияларына (67%), кайра иштетүүчү ишканаларга (27%) жана тоо-кен өндүрүшүнө (6%) туура келет. Бул үч сектор атмосферага бардык булганган нерселердин 94,4% жакынын ыргытат. Бишкек менен Оштогу абанын булганышынын негизги булактары болуп жылуулук электр станциялары жана транспорттук тутумдар эсептелет.

Бул экологиялык мүшкүлдөрдүн көпчүлүгү ошондой эле Кыргызстандагы жана аймактагы климаттын өзгөрүшүнө да таасир этет. Глобалдык температуранын жогорулашы менен Кыргызстан жана анын коңшулары экономиканын бардык секторлоруна таасир тийгизе турган аба ырайынын чукул өзгөрүшүнө жана климаттын өзгөрүшүнө дуушар болушу ыктымал. Ушундан улам кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө даяр болуу зарыл.

Кеңири адамдык өнүгүүгө жана кеңири экологиялык туруктуу экономикалык өсүшкө карай жол

Алда канча кеңири, «жашыл» экономикага өтүү экологиялык тескери тенденциялардын мизин майтарууга мүмкүнчүлүк берет. Ал ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүү, үй чарбаларынын жана корпорациялардын чыгымдарын азайтуу жана инвестициялардын жаңы формаларын, өнүгүүнүн экологиялык туруктуу формаларын турукташтырыш үчүн да колдонулушу мүмкүн. «Жашыл» экономикага болгон инклюзивдүү мамиле айлана-чөйрөнүн бузулушун азайтууга багытталган.

Кыргызстан 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук концепциясын ишке ашыруу процессинде. Ошол эле учурда Бишкек Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетишүү процессин тездетүүдө бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш үчүн «жашыл» экономикага болгон инклюзивдүү мамилелерди жактай турганын билдирди. Ал инклюзивдүү жашыл экономикага (ИЖЭ) өтүш үчүн бекем улуттук саясий негиз түзүү менен Борбор Азияда лидер боло алды. 2018-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш «Кыргызстан – жашыл экономикалуу өлкө» концепциясын кабыл алды. Бул концепция өлкө үчүн жол картасы болуп калат жана ИЖЭ бир канча маанилүү тармактардагы реформалар жана инновациялар үчүн негиз болот. Алар төмөнкү негизги багыттарды жана ачык темаларды камтыйт: жашыл айыл чарбасы, жашыл өндүрүш, жашыл энергетика, көмүртеги аз жана экологиялык жактан таза транспорт, туруктуу туризм, жашыл шаарлар, муниципалдык калдыктарды жок кылуу, туруктуу каржылоо, салыктык өбөлгөлөр жана туруктуу мамлекеттик сатып алуу.

ИЖЭнин принциптери өлкөнүн «Божомолдор-2040» узак мөөнөттүү программасынын мониторингинин мазмунуна жана системасына кирди. Ушул жумада эле Кыргызстандын президенти климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү БУУнун алкактык конвенциясынын алкагындагы Париж келишимин ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жакын арада «Жашыл экономика» улуттук программасы бекитилери күтүлүп жатат.

«Жашыл» жумушчу орундары жана аймактык өнүгүү саясаты

Ушул жумада Экономика министрлиги «Жашыл экономика - күчтүү аймактар - туруктуу өнүгүү» деген темадагы жыйынтыктоочу форум менен бирге жетишкендиктерди, чакырыктарды, алынган сабактар менен ИЖЭ өлкөлөрүнүн башк багыттарын ишке ашырыш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында жыл сайын өтүүчү бешинчи Жашыл экономика жумалыгын уюштурат. 300дөн ашык өкүлдөр, анын ичинде жогорку кызматтагы адамдар жана саясатчылар жашыл экономикага, анын ичинде кичи жана орто өндүрүшкө басым жасашат жана бул боюнча өкмөттүн саясатын жана тажрыйбасын талкуулашат.

Жыйынтыгында БУУнун баш катчысынын сөзүн бөлүшүп коюууга уруксат этиңиздер: «Жашыл экономика - бул келечек. Ал гүлдөп өнүгүүгө жеткирет, татыктуу жумуш орундарын түзөт, чыр-чатактардын тамырлашкан себептерин кыркат жана адамдын бардык укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт». БУУӨП тарабынан, БУУнун туунду агенттиктеринин жана биздин өнөктөштөрдүн Кыргызстанга көрсөткөн жамааттык колдоосунун аркасында биз баш катчы айткан ИЖЭ ыкмаларынын транформациялык дараметин толук колдонуу үчүн иштеп жатабыз. Мындай инновациялык өнөктөштүк менен биргелешип иштөө менен биз бардыгына, анын ичинде Гүлайымга, анын апасына жана Кыргызстандагы бардык үй-бүлөлөргө жана коомчулукка жардам бере алабыз. Жашыл экономикага өтүүдөн пайда алыш керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG