Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:38

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартып, "жашыл экономиканы", айлана-чөйрөнү коргоону көздөгөн бул демилгени колдоого коомчулукту чакырды.

Уюм Кыргызстандын табиятын желим буюмдар, баштыктар каптап, айлана-чөйрөгө чоң зыян келтиргенин эскертип жатат.

Өлкөдө күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес. Бирок дүкөндөрдө, базарларда азык-түлүк, кийим-кече менен кошо берилген, сатылган баштыктардан, тамактануу жайларындагы идиштерден улам өлкөдө аны пайдалануу жогорку чекке жеткенин байкоого болот. Өлкөдө пластик буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ушул айдан тартып өзү колдоо көрсөткөн жыйындар менен иш-чараларда бир жолку желим идиштерди колдонууну токтотууну чечти. Мекеме ар кандай жыйындар өтө турган мейманканалар менен башка жайларга кайрылып, бул демилгени колдоого чакырды.

Уюмдун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычевдин айтымында, бул аракет азыр кеңири пайдаланылып жаткан желим идиштер менен баштыктардан экологияга олуттуу зыян келип жатканын коомчулукка жеткирүүгө багытталган:

- 5-июнь - Айлана-чөйрөнүн дүйнөлүк күнү быйыл “Пластик менен булгоону токтотуу" деген ураан алдында белгиленди. БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело өзүнүн видеокайрылуусунда Кыргызстандагы бардык супермаркеттерге жана дүкөндөргө уюм менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну сунуш кылды. Биз жыл аягына чейин өлкөдө бир жолу пайдаланыла турган пластмасса буюмдарынан баш тартууга чакырып жатабыз. Бизге азырынча чоң дүкөндөрдөн кайрылуу түшө элек. Бирок алар менен тыгыз иштей баштайбыз. Супермаркеттердин ээлери да бул маселенин чечилишине кызыгат. Ошого алар желим баштыктарды сатып калышты. Пластик - азыр дүйнөнүн олуттуу маселеси. Кадимки эле биз кофе-чай ичип жатканда кант аралаштырган кашыктардан жылына жүз миллиондон ашык даанасы колдонулат экен. "Ошону жыгачтан жасалган кашыктарга алмаштыргыла" деген чакырык таштап атабыз. Азыр пластиксиз жашоо болбой калбадыбы. Дүкөндөрдүн баарында желим баштыктар бар. Кээ бир жерлерде бекер. Супермаркеттер бир-эки сом кылып кичине болсо да алардан баш тартканга жол салып атышат. Пластик баштыктарды мындан да кымбат кылып койсо, эл дүкөндөргө өз баштыктары менен барып калышы мүмкүн.

БУУнун маалыматына караганда, 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган целлофан баштыктардын азыр дүйнөдө жыл сайын бир триллион даанасы өндүрүлүп жатат. Алар океандардын түбүнөн тартып Эвересттин чокусуна чейин жетти. Деңиз жаныбарларынын курсагынан пластик табылганы да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Эгер бул тенденция сакталса, "2050-жылга карата океандарда балыкка караганда пластик көп болот" деген божомол бар. Мындай мүшкүл Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт.

Пакистан
Пакистан

- Биз медициналык калдыктарды кайра иштетүү боюнча көптөгөн жеке ишкерлер менен иштедик. Кыргызстанда пластик өндүрүүгө чек коюлган эмес, уруксат бар. Таштандыга пластик өзүнчө коюлса, аны кайра иштеткенге мүмкүнчүлүк бар. Анткени чогулткандар аларды жеке ишкерлерге өткөрүшөт. Алар аны кайра иштетип жатышат, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычев.

Жээкти булгаган желим

Ысык-Көл облусунун тургундары да ушул маселеге көңүл буруп, көл жээктерине желим буюмдар ыргытылганына тынчсызданып келатышат. Былтыр ноябрда бир катар активисттер желим идиштерди алып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салууну, айнек буюмдарды өндүрө турган заводдун курулушун бир жыл ичинде баштоону сунуш кылып президентке кайрылышкан. Азырынча ага жооп кайтарыла элек.

Активист Дария Абдиметалиева Кыргызстанда жер-сууга азыркыдай пластик ыргытыла берсе, 5-10 жылдан кийин экология маселеси курчуйт деп эсептейт:

- Биологиялык ресурстардын жоголуп баратканы менен бирге, биздин сууларыбыз менен табиятыбыз үрөй учурарлык өлчөмдө полиэтилен пакеттерине жана пластикалык идиштерге толуп баратат. Чынында адамзаттын эң зыяндуу 15 табылгасынын бирөө ушул полиэтилен деп ойлойм. Ал азыр бүткүл жер бетиндеги сууларды булгай турган эң негизги нерсе. Пластик идиштер менен полиэтилен пакеттери азыр Ысык-Көлдүн да, Кыргызстандагы башка агын суулардын да, тоолордун да туруктуу «жашоочусу» болуп калды. Көл жээгинде айрыкча жайында желим баштык, баклажка толуп кетет. Анын канчасы көлгө ыргытылып жатканын эч ким карабай жатат.

"Азаттыктын" архиви: Абаны ууландырган таштанды

Москва-Бишкек: абаны ууландырган акыр-чикир
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00

​Кыргызстандыктар күн сайын же жылыга канча пластик колдоноорун эсептеген так маалымат жок. Бирок дүкөндөрдө, базарларда сатуучулар азык-түлүк, кийим-кечени сөзсүз түрдө желим баштыктарга салып беришет. Кагаз баштыкка салгандар же өз баштыгы менен дүкөнгө баргандар өтө сейрек учурайт.

Супер жана гипер маркеттерде орточо жана чоң баштыктын баасы бир-эки сом болгону менен кичинекей баштыктарды каалашыңча алсаң болот. Базарларда жана жеке күркөлөрдө болсо алар акысыз. Жеке соода күркөсүнүн ээси Асел муну кардарларды тартуу далалаты менен түшүндүрдү:

- Мисалы, бир кардар келип, азык-түлүк, анан жуунуучу каражаттарды алды дейли. Ал сөзсүз нанга өзүнчө, жуунучу каражаттарга өзүнчө баштык сурайт да. Андан кийин аларды чогуу дагы бир чоңураак баштыкка салып беребиз. Ашыкча эле баштык алып, ар бир товарды өзүнчө салып берүүнү талап кылгандар да көп. Баштыктарды биз деле сатып алабыз. Анын баасы чоң-кичинесине, түрүнө жараша бааланат. Бирок кардарларга бекер эле беребиз. Антпесе жаман көрүшөт.

Учурда желим баштык, идиш-аяктар базар-дүкөндөрдөн тышкары тамактануу жайларында да кеңири колдонулат. Айрыкча шаарларда кафе-ресторандардан желим идиш-аяктарга куюлган тамак-аш алгандар көбөйгөн. Тез тамактануу жайларында да чай-кофе куюлган идиштерден тартып, кашык-вилкага чейин желимден жасалган. Той-аш өткөн жерлерде да сөзсүз баштык берилет, кешиктерди да желим идиштерге салып берүү адатка айланган.

Өлкөдө бир жолу колдонулуучу желим идиш-аяктын баасы 8-10 сомдун тегерегинде. Алардын дүң баасы мындан бир топ арзан.

"Азаттык" Бишкектеги эл көп кирген дүкөндөрдөн бир күндө желим идишке куюлган канча суусундук жана желим баштык сатылаарын сурап көрдү. Эл көп кирген бир маркетте эле азыркы кезде күн сайын орто эсеп менен миңден ашык желим шишедеги суусундук өтөт экен. Мындан тышкары желим идиштерге салынып, үстү кайра эле полиэтилен менен жабылган азык-түлүк, жер-жемиш да тынымсыз сатылат.

Башкалаада болсо кардар үзүлбөгөн супермаркеттердин саны 100дөн ашат. Чакан соода күркөлөрү да жүздөп саналат, бир нече базарда да кардарлардын аягы суюлбайт.

Эколог Калия Молдогазиева мынчалык көп өлчөмдө сатылган шише, идиш-аяк, баштыктар таштандыларга гана эмес, туш келди ташталып, жаратылышка зыян келтирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, желимдин жок болуп кетиши өтө кыйын:

- Желим буюмдар чирибейт, эч нерсе болбой тура берет. Мисалы, Индия мамлекеттик деңгээлде желим баштыктарды колдонбоо тууралуу чечим кабыл алды. Бизде деле эми кагаз баштыктарга, айнек идиш-аяктарга өтүшүбүз керек. Совет мезгилинде чүпүрөк баштыктарды эле жууп, ошону дүкөнгө, базарга көтөрүп барып, азык-түлүк салып колдончубуз. Сүт-айранды айнек бөтөлкө менен алып, аны чогултуп кайра өткөрүп койчу эмес белек? Андан экологияга эч кандай зыян келбейт. Азыр деле ошенткенге эмнеге болбосун?

Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды.
Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды.

​Биология илимдеринин доктору Биймырза Токторалиевдин пикиринде, пластик колдонуу жалаң эле айлана-чөйрөгө эмес, адамдын саламаттыгына да зыяндуу:

- Биз акчага кызыгып, ден соолукту унутуп баратабыз. Ошондуктан пластик буюмдарды өндүрүү көбөйүп жатат. Андыктан Жогорку Кеңеште да азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң программа иштелип чыгып, анын ичинде экология маселеси биринчи орунда турушу керек. Эгер биз келечекте балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн ден соолугу чың болуп, жакшы коом болсун, жер-суу таза болсун десек, бул маселеге көңүл бурууга тийишпиз. Айта бергенден эч нерсе чыкпайт. Аны ишке ашырып, мисал катары көрсөтүү зарыл.

Пластиктин ден соолукка зыяны бар

Дарыгерлер пластиктен чыккан уулуу заттар айыккыс ооруларды пайда кылаарын айтып келишет. Дүйнөлүк окумуштуулар айрыкча желим идиштерге куюлган ысык тамактарды жеп-ичүү зыяндуу экенин, ысыкта алардан уулуу заттар көп бөлүнүп чыгарын изилдеп чыгышкан. Өнүккөн өлкөлөрдө азыр пластиктин айлана-чөйрөгө, саламаттыкка тийгизген зыянына өзгөчө көңүл бурулуп, атайын иш-аракеттер көрүлө баштаган.

Анткен менен Кыргызстанда бул багытта мамлекеттик деңгээлде иш баштала элек. Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги желим баштыктарды колдонууну азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок Кыргызстандагы пластик чыгарган ишкерлердин нааразылыгынан улам ал коомдук талкуудан өтпөй, тиешелүү министрликтер тарабынан артка кайтарылган.

Желим идиштер
Желим идиштер

Мекеменин өкүлү Мирлан Скаков ушу тапта экологияга зыян келтирбегидей жана ишкерлерди нааразы кылбагандай жолдор каралып жатканын билдирди:

- Желим буюмдарды чыгарган ишкерлер ага чоң суммадагы акча салышкан. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирбедикпи. Ошонун алкагында көп ишкерлер чыгарган өндүрүмүн сыртка чыгаруу максатында тиешелүү жабдуу сатып алышкан. Бизде экологияга терс таасир эткен негизги проблема жука баштыктарга байланыштуу. Анткени аларды шамал учуруп кетип, туш келди тарап, айлана-чөйрөнү булгап жатат. Мындай баштыктарды желимди кайра иштеткендер да алышпайт. Ошол бойдон калып калат. Ошондуктан биз калыңыраак баштык чыгарыш керекпи деген маселени карап атабыз. Ишкерлердин жабдууларын ошого багыттайлы деп ойлонуудабыз. Чоң баштыктарды болсо кайра иштеткенге мүмкүнчүлүк бар. Такыр токтотуп салуу бизнеске зыяндуу болуп калат экен.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги иштеп жаткан мыйзам долбоордо желим идиш-аяктар кирген эмес. Мекеменин өкүлү Мирлан Скаков негизинен жука желим баштыктардын көйгөйү чоң экенин белгилеп жатат. Ал ошондой эле элди пластик идиш-аяктарды туура колдонуп, ар кайсы жакка таштай бербөөгө үндөдү:

- Желим идиш-аяк боюнча механизмдерди иштетүү керек. Кошумча кабыл алчу жайларды ачуу керек дегендей. Мисалы, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан акча бөлүнүп, көлдүн жээги тазаланып жатпайбы. Ар бир жаран өзү жоопкерчиликти сезиши керек. Мыйзам долбоору өтүп, таштандыны туш келди ыргыткандарга айыппул салынган күндө деле ар бир кишинин артынан карап жүргөнгө биздин чамабыз жетпейт да.

Активист Дария Абдиметалиева экологияга келтирген зыянды токтотуш үчүн желимден жасалган баштык менен идиш-аяктын ордуна чүпүрөк, кагаз, айнек буюмдарга өтүүнү сунуш кылууда. Мындан тышкары ал кайра иштетүү тармагын жолго коюу зарыл деп эсептейт:

- Мынча көлөмдөгү полиэтилен баштыктарын, желим шишелерди жана башка колдонуудан чыккан идиштерди кайда жоготобуз? Көмсөк да, сууга же көлгө ыргытсак да, өрттөсөк да айлана-чөйрөгө зыян келтиребиз. Өнүккөн өлкөлөрдө буларды кайрадан иштетүү маселеси жолго коюлган. 40 мамлекет акырын-акырындан же толугу менен полиэтилен буюмдарын ташып келүүгө жана колдонууга тыюу салып койду. Илим изилдөөчүлөр учурда дүйнө жүзү боюнча 83 пайыз суу түтүктөрүнөн чыккан сууда пластиктин бөлүкчөлөрү бар экенин далилдешти. Жалпы жер бети боюнча желим шишедеги сууну колдонуу көбөйүүдө. Полиэтилен буюмдары өлкөбүзгө баштан-аяк жайылып бүттү. Бизде да башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мезгил жетти.

Ошентип, Кыргызстандын борборунда таштанды челектерге ыргытылган желим буюмдардын ичинен негизинен шишелер гана чогултулуп, чакан ишканалар аны кайра иштетет. Ал эми баштык жана башка идиш-аяктар Бишкектен 11 чакырым жерде жайгашкан таштанды талаасына төгүлүп, өрттөлүп кетет.

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, курулуш башталат деп айтылганы менен иш жыла элек. Мындан майда ишканалар менен Кытай ишкерлери пайда көрүп жаткан кези.

Кытайлыктар таштандыдан чогултулган желим идиштерди өз өлкөсүнө экспорттойт да, ал жактан кайра түрдүү буюмдарды чыгарып, башка мамлекеттерге сатат.

Германиядагы таштанды челектери.
Германиядагы таштанды челектери.

Кыргызстандын өзүндө деле желим буюмду кайра иштеткен 20дай жеке ишкана бар. Арген аттуу ишкер пластикти кайра иштетүүдө таштандынын аралаш ташталганы тоскоол болоорун айтып берди:

- Калдыктарды таштаган учурда пластикти өзүнчө, чирий турган заттарды өзүнчө таштоого чакырам. Ошондо аны кайра иштетүү бизге жеңил болот.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруш үчүн 8 миллиондой евро керек болот.

Быйыл жазда АКШнын үч шаарын кыдырып, акыр-чикирди кайра иштеткен ишканалар менен таанышып келген журналист Салабат Эркетаеванын айтымында, таштандыны кайра иштеп чыгуу мамлекеттик бюджетке оңбогондой киреше алып келмек:

- Американын Нью-Йорк, Вашингтон жана Боулдер шаарларында таштандыны кайра иштеткен фабрикалар бар экен. Алардын ээлери "мындай ыкманы колдонуу кыйынга турбайт" деп айтышты. Мисалы, "Бишкекте кайра иштеткен ишкананы 10 миллион долларга куруп коюуга болот" дешти. Ал жакта кайра иштеткен фабрикада түтүн жана башка уулуу заттар сыртка чыкпайт экен. Баары чыпка менен камсыз болуптур. Ал жердин жумушчулары төрт саат эле иштейт экен. Саатына жасаган ишине жараша 100 доллардан көп акы төлөп беришет. Аралаш таштандыларды кайра иштетип, пропан газын алган ишкерлерди да көрдүк. Булардын ишинен экологияны булгаган көрүнүшкө күбө болгон жокмун. Эгерде Кыргызстанда да бийлик жарандарга таштанды ыргытуу боюнча маалымат берип, көчөлөргө үкөктөрдү орнотсо, шаарлар таза болмок. Экинчиден, эл да акырындап ошого көнмөк. Кайра иштетиле турган буюмдарды өзүнчө бөлүп таштоону үйрөнмөк.

Бишкек шаар башкармалыгы таштандыны кайра иштетүүчү завод качан курулаары тууралуу маалымат берген жок. Ошол эле учурда инвесторлор менен сүйлөшүү уланып жатканы белгилүү болду.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы эле Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтилен буюмдары түзөт.

БУУ Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнөн зыян тартып жатканын, аба ырайы жана климаттагы кескин өзгөрүүлөр, жаратылыш ресурстарын туура эмес башкаруу түрдүү кырсыктарга себеп болуп келатканын эскертүүдө. Уюмдун билдирүүсүндө, өлкөдө жыл сайын жаратылыш кырсыктары алып келген экономикалык жоготуулар ички дүң өнүмдүн 1,0-1,5 пайызын түзөт.

"Жашыл экономиканын" талаптарын сактоого башка уюмдар да чакырып жүрүшөт.

"Азаттыктын" архиви: таштанды талаасы жакында көмүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG