Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кыргызстандагы БУУнун тобу бир жолу пайдаланылуучу желим буюмдардан баш тартат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын 14-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы тобу уюм колдоого алган жыйындарда жана иш-чараларда бир жолку пайдаланылуучу пластмасса буюмдарды колдонууну токтотууну чечти.

“Биз мындан ары мейманканалар, кызмат көрсөтүүчүлөр жана өнөктөштөр менен иштешип, ушул жашыл саясатыбызды карманууга чакырабыз. Биздин бул аракетибиз кеңири пайдаланылган пластик шишелер жана желим баштыктар сыяктуу глобалдык өндүрүмдөрдүн экологияга олуттуу зыяны тууралуу экологиялык маалымдуулукту тереңдетүүгө багытталган”, - деп жазылган аталган уюм тараткан маалыматта.

5-июнда дүйнө жүзүндө Айлана-чөйрөнү коргоо күнү “Пластик менен булгоону токтотуу: кайра кайталап пайдалана албай турган нерседен баш тартыңыздар” деген ураан менен белгиленди. БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстандагы бардык супермаркеттер жана дүкөндөр боюнча өзүнүн видеокайрылуусунда БУУнун системасы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну сунуш кылып, ушул жылдын аягына чейин өлкөдө бир жолу пайдаланылуучу пластмасса буюмдарын колдонууну токтотууга чакырган.

БУУ тараткан маалыматка караганда, болжол менен 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган желим баштыктар азыр дүйнө жүзүндө жылына бир триллион даана өлчөмүндө өндүрүлүп жатат. Алар океандардын эң терең түбүнөн тартып Эверест тоосунун чокусуна чейин полярдык мөңгү чокуларында пайда болууда. Жыл сайын океандарда 8 миллиондон ашык тонна калдык табылат. Деңиздердеги микропластиктер азыр галактикадагы жылдыздардан да көп. Эгер бул тенденция сакталса, 2050-жылга карата океандарда балыктарга караганда пластик көп болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG