Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстандын экспорту кризиске карабай көбөйдү. Бирок сүйүнүүгө себеп жок


Быйылкы жарым жылда Кыргызстандын сыртка товар ташуусу 2,4%
көбөйдү.

Дүйнөлүк кризис шартында бул өзү кубана турган көрүнүш. Тебетейди көккө ыргытыштан мурда бир жагдайга абай сала кетели - экспорттун көбөйүшү алтындын эсебинен болду. Анын баасы жыл башынан бери 30% кымбаттап кетти. Кыргызстандын экономикасы болсо Кумтөр алтын кенинен мурункудан да көбүрөөк көз каранды болуп калды.

Алгач азыноолок сандар:

  • 2020-жылдын январь-июнунда Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсү 2 млрд. 557 млн. долларды түздү. Бул былтыркы жарым жылдыкка салыштырмалуу 22,4% аз;
  • экспорт - 950 млн. доллар (↑2,4%), импорт - 1 млрд. 607 млн. доллар (↓32,2%);
  • анткен менен алтынды эсепке албаганда экспорт 22,5% азайып, болгону 412 млн. долларды түздү.

Кыргызстан алтынга барган сайын көбүрөөк көз каранды болуп баратат. Бул баалуу металлга өлкөнүн экспортунун 56,9% туура келет.

Диверсификация жок - алтындын баарын Улуу Британия алып атат. Кыргызстандын экспортунун теңинен көбү бир өлкөгө туура келүүдө.

Кыргызстандын экспорт картасы ансыз деле жупуну. Өлкө арзыбаган суммадагы товар сатып, кызмат көрсөтөт.

Алтын азырынча статистиканы сактап келатат. Алтынды жалпы эсептен алып таштап өткөн жыл менен быйылкы жылдын көрсөткүчтөрүн карасаң, жагдайдын кандай экени кашкайып ачыкка чыгып калат.

Көрүнөөсү: алтынды кошкондогу экспорт быйылкы жарым жылда 950,3 млн. долларга жетти, алтынды алып койсок - болгону 412,2 млн. доллар.

Таажы вирусу күчөп турган чакта дүйнөдө алтынга талап күчөдү. Анын натыйжасында алтын жыл башынан бери 30% кымбаттаган.

Жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы Кумтөр кенине көбүрөөк байланып, ага ого бетер көз каранды болуп калды. Бир жыл мурда Ысык-Көл облусундагы алтын кени Кыргызстандын ИДПнын 9,4% түзүп келсе, быйылкы жылы 14,2% жетти.

2020-жылдын биринчи жарым жылдыкта өткөн жылдын ушул кезине салыштырмалуу Кыргызстан ИДӨсү 5,3% кемиди. Бул көрсөткүчтү Кумтөрдү алып салып карасак, төмөндөө 6,9% болгонун байкоого болот.

Бийликтин экономиканы диверсификациялайбыз деген аракети тескерисинче бир ишканага көз карандылыкка алып келди. Кумтөр кениндеги табигый байлыктын запасы расмий маалыматтарга караганда 2026-жылга чейин гана жетет.

XS
SM
MD
LG