Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:51

Этибар алына элек «экинчи толкун»


Кыргызстан.
Кыргызстан.

17-сентябрда COVID-19 илдети 81 адамдан табылып, бул акыркы жети күндүн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды.

«Кыргызстанда пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүнбү? Болсо ага кандай даярдык көрүлүүдө?» деген суроолор көтөрүлүүдө. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги өлкө калкынын канча пайызында антиденече пайда болгону, вирус канча кишиге жайылганы боюнча талдоо жүргүзүп жатат.

Расмий маалымат боюнча акыркы жума ичинде коронавирустан каза болгондор каттала элек. Бирок он күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп 17-сентябрда 81 кишиден COVID-19 илдети табылды. Ошентип, өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 45 153 кишиге жетти. Анын 41 317си айыгып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборунун вирусологу Зуридин Нурматов эпидемиологиялык абалды изилдеп, талдаш үчүн атайын эксперттер тобу иштеп жатканын билдирди. Тактап айтканда, учурда эксперттер өлкө калкынын канча пайызында антиденече пайда болгону, вирус канча кишиге жайылганы боюнча талдоо жүрүүдө. Вирусолог изилдөөнүн жыйынтыгы менен гана экинчи толкун жөнүндө божомолдоо туура болот деп эсептейт.

«Алгач экинчи толкун болобу же жокпу, ошону тактап алалы. Экинчи толкун деген эмне? Кээ бир оорулардыкы бир жылдын ичинде сезонго жараша болот. Эки-үч жылдан кийинки толкун дагы болот. Мунун баары эмне себептен? Иммунитети жок элде болот. Вирус жуккандан кийин анын белгилери пайда болбой эле антиденече пайда болгон учурлар көп. Биз ошондой изилдөө жүргүзүп жатабыз. Октябрдын жарымына чейин бүтүп калабыз деген оюбуз бар», - деди Нурматов.

Дүйнөдө коронавирус жукканы аныкталгандар 30 миллион адамга жакындады. Европа мамлекеттери күзүндө коронавирусту жугузгандар жана андан өлгөндөр көп болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат. COVID-19га чалдыккандар Испанияда, Францияда, Грекияда көбөйүүдө.

Кыргызстандык талдоочулар да коронавирустун экинчи толкуну болсо, кыргыз өкмөтүнүн даярдыгы жакшы болбой жатканын сындап жатышат.

Далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова өкмөттүн кырдаалдын күчөп кетишинин алдын алуучу иштери солгундап калганын сындады. Анын айтымында, илдеттин экинчи толкуну башка сезондук оорулар менен туш келип, абалды курчутушу мүмкүн.

«Экинчи толкун июлдагыдан көп болот деп ойлобойм, - деди ал. - Анткени элдин көбү ооруп бүтүп калды. Бирок экинчи жолу ооруп калган адам оор көтөрөт. Анын үстүнө башка сезондук сасык тумоо менен кошул ташыл болуп ооруп калса кыйын болот. Мен өкмөт баарына даяр болду деп ойлобойм. Анткени өкмөт менен мэриянын даярдыгы анын маалымат бергенине жараша бааланат. Коомчулукка маалымат таратып, «эгерде оорунун белгилери байкалса бул ооруканага келгиле, бул жак даяр» деген кабарлар жок. Азыр оору кайрадан күчөсө ким кайда кайрыларын дагы эле билбейт».

Барыктабасова санитардык эрежелерди так сактоого чакырган өкмөттүн аракетин көрбөй жатканын кошумчалады.

Чынында ири шаарларда той-топур, куран окутууга тыюу салынганына карабай жапырт иш-чаралар өтүп жатат. Ал эми көчөдө беткап тагынган адамдар азайды. Өлкөдөгү көпчүлүк ооруканаларда карантиндик чаралар алынып, алар кадимки штаттык режимде иштөөгө өтө башташты.

Аймактык ооруканаларда коронавирус илдети менен бейтаптар өзүнчө бөлмөлөрдө дарыланып жатса, Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылууда. Учурда республика боюнча 527 бейтап стационарда, 1788 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборунун вирусологу Зуридин Нурматов республиканын саламаттык сактоо системасы бардык жагдайга даярдык көрүп жатат деп ишендирүүгө аракет кылууда. Анын айтымында, балдар үчүн атайын 2500дөн ашык керебет, өлкө боюнча 11 кошумча оорукананын имараты даярдалып жатат. Ал эми дагы «Тез жардам» автоунааларын алыш үчүн тендер жарыяланды.

Сезондук ооруларды алдын алыш үчүн 16-сентябрдан баштап сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова эмдөөдөн тобокел топторго киргендер өтөрүн билдирди:

«Алгач тобокел топторуна кирген жарандар акысыз эмделет. Алар - жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар».

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев коронавирус көпчүлүк өлкөлөрдө кайрадан көбөйө баштаганын белгилеп, Кыргызстан июль-июнь айындагы кемчиликтерден сабак алып, алдын алуунун так аракеттерин башташы керек экенин эске салды:

«Экинчи толкунга даярдык деп жатабыз. Республикалык штаб керектүү органдарга кантип даярдануунун так талаптарын тизмелеп бериши керек. Анан ошол нерсе жасалдыбы, текшерилиши керек. Даярдык деген кенен түшүнүк. Аны так жазыш керек».

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыкандардын ичинен 1063ү жашоо менен кош айтышты. Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG