Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Республикалык штаб партияларга COVID-19 коркунучун эскертти


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга коронавирус пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды эскертти.

Штабдын 17-сентябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков карантин режими уланып жатканын билдирип, эл аралап үгүт жүргүзүп жаткан саясатчылар коомдук саламаттыгына кайдыгер болбошу керек экенин айтты.

Талапка ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында бир жарым-эки метр аралык сакталууга тийиш.

Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган. Андан бери 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Өкмөт илдеттин экинчи толкуну болорун эскертип жатат.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллион 764 миңден ашты. Алардын 939 миң 500гө жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия. (SE)

XS
SM
MD
LG