Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

COVID-19: Тажикстанда мамлекеттик мекемелер улгайган кызматкерлерин эмгек өргүүсүнө кетиришти


Эгемендик күнүнө карай мамлекеттик желек илүү учуру. Дүйшөмбү шаары. Сентябрь, 2020-жыл.
Эгемендик күнүнө карай мамлекеттик желек илүү учуру. Дүйшөмбү шаары. Сентябрь, 2020-жыл.

Тажикстанда коронавирус жугузуп алуу коркунучун азайтыш үчүн мамлекеттик мекемелердеги улгайган, пенсия курагындагы кызматкерлер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу COVID- 19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын мүчөсү, өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин өкүлү Хасан Холикзода билдирди:

«60тан ашкан, келишим менен иштеп жаткан кызматкерлер жетекчиликтин буйругу менен эмгек өргүүсүнө кетишти. Мындай чара коронавирустун жайылышыны алдын алыш үчүн көрүлүүдө».

Халикзоданын айтымында, пандемия башталгандан бери министрликтин бир нече кызматкери коронавирус жугузуп, дарыланып чыккан. Бүгүнкү күндө мекеменин борбордук аппаратында илдетке кабылгандар жок.

Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Мукимдин айтымында, өлкөдө расмий коронавирус катталгандан кийин мекеме республикалык штабдын сунушу менен пенсия курагындагы кызматкерлеринин баарын эмгек өргүүсүнө кетирген.

2015-жылы президенттин жардамчысынын буйругу менен Тажикстандагы мамлекеттик мекемелер пенсия курагындагы кызматкерлеринин көбүн иштен кетирген. Бүгүнкү күндө аларда улгайган адамдар келишимдик негизде гана иштешет.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин быйыл 30-апрелде гана мойнуна алган. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуккандар 9088 кишиге жетип, 72 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG