Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Октябрда пенсия орточо 397 сомго көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйөт. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, пенсиянын базалык бөлүгүнө 100 сом кошулганы жатат. Натыйжада 4286 сомдон ашпаган пенсия кеминде 300 сомго көбөйүп, андан жогору өлчөмдөгүсү 360 сомго арбыйт.

Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6061 сом болот. 689 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө 827 миллион сом талап кылынат.

Ошентип, орточо эсеп менен пенсия 397 сомго көбөйтүлөт.

Буга чейин пенсия 2019-жылы орточо 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG