Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

СОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын (Финпол) маалыматына ылайык, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча шектүү катары камалды.

Финансы полициясы тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына таянып, Саламаттык сактоо министрлигиндеги жогорку кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзгөнү аныкталып, андан казынага 9 миллион сомго жакын суммада зыян келгенин маалымдады.

Азырынча күч органдары Чолпонбаев шек саналып жаткан иштин чоо-жайын, кайсы компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөнү боюнча кенен маалымат бере элек.

Юстиция министрлигинин сайтында Чолпонбаев Космосбек Сариевичтин ысымына саламаттык сактоо жаатында иш алып барган "Кыргызфармимпэкс" ишканасы катталган.

Ал эми анын баласы Чолпонбаев Эркин Космосбековичтин ысымында "ГАЛЕНФАРМ" компаниясы катталганын көрүүгө болот.

Эркин Чолпонбаев жогорудагы ишканалар бир эле экенин жана бул компанияларга атасы Космосбек Чолпонбаевдин тиешеси жоктугун билдирди.

Эркин Чолпонбаев атасы кызматта турган учурда аталган компания эч кандай тендерге катышпаганын айтты:

«2008-2010-жылдары майда тендерлерге катышкан болушу мүмкүн. Атам иштеп жүргөндө эч кандай тендерге катышкан эмеспиз. Эмнеге камалганын өзүбүз да билбейбиз, суракка кеткен бойдон келген жок», - деди Чолпонбаевдин уулу "Азаттыкка".

Өкмөткө фармацевтика тармагынан келген Космосбек Чолпонбаев өлкөнүн саламаттык сактоо системасын дээрлик эки жыл (2018-жылдын 20-апрелинен - 2020-жылдын 1-апрелине чейин) башкарды.

Ал кызматта турганда “дары бизнесине аралашкан жана кызматтык автоунаа катары кымбат баалуу жолтандабас сатып алган деген” сындарга кабылган. Парламентте аны кызматтан алуу тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок министр айтылган дооматтарды четке каккан эле.

Чолпонбаев быйыл апрель айында Коопсуздук кеңешинде президенттин сынынан кийин жумуштан кеткен. Коопсуздук кеңеши "Чолпонбаев өзүнө коюлган кызматтык милдеттенмелерге жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн бир катар ири катачылыктарга жол берилген" деп маалымат тараткан.

Коопсуздук кеңеши "министрдин катасы эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, оору жуккан жарандардын көбөйүшүнө алып келди" деп жыйынтык чыгарган.

Жакында эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, шайлоого талапкер Өмүрбек Суваналиев саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди өкмөт криминалдын таасиринен улам жумуштан ала албай койгонун айтып чыккан.

«Коопсуздук кеңеши саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди өз убагында жумуштан ала албай койду. Абылгазиев «пандемия болот, вирус келе жатат, даярдык көрүш керек» деп айткан. Бирок Чолпонбаев деген жигит мурда депутат болуп жүргөн «Хоп» аттуу кримчөйрөдөгү жигиттин акеси. Ошон үчүн ага эч кимдин алы жетпей койду».

Мындан кийин Чолпонбаевдин жакындары алардын үй-бүлөсүнүн криминалга байланышы жок экенин айтып чыгышкан. Мурдагы министрдин уулу Эркин Чолпонбаев «атамдын, дегеле биздин үй-бүлөнүн криминалга эч кандай байланышы жок» деп жооп берген.

Пандемиядагы кырдаалга байланыштуу Чолпонбаев менен кошо кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да бир нече жолу суракка чакырылган.

Жакында эле пандемиядагы кризиске байланыштуу тергелип жаткан ишке мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы кошулганы белгилүү болду.

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова дегеле пандемияга кыйын кырдаалга кириптер кылган өкмөттүн чабалдыгы үчүн бирөө-жарым жооп берип, иш аягына чыгарына көзү жетпейт.

«Ошол министрди ким коюп, ким дайындаган? Кырдаал боюнча өкмөт башчы кайда карап жүрдү? Ошол тармакты караган вице да жооп бериш керек. Эми акырына чейин күнөөлүү адамды табат деп ишенбейм. Космосбекке баарын жүктөп коюшат. Себеби, Абылгазиев кетти, Өмүрбекова шайлоого катышып жатат. Макул, Өмүрбекова менен Чолпонбаев жасай албай кызматтан кетиптир. Андан кийин келген Боронов менен Исмаилова эмне кылды? Исмаилова шайлоого кетип калды. Эч ким жооп бербейт», - деди Арзыматова.

Чолпонбаев кызматтан апрель айында бошотулган. Ал эми өлкөдө коронавирус илдетинен көз жумгандар июль айында көбөйгөн.

Саясий айдыңда Чолпонбаевдин кармалышы ар кыл пикирлерди жаратып, “бул бийликтин пандемиядагы алешемдиктерди териштирүү аракетиби же шайлоо алдындагы кожокөрсүн кадамыбы” деген суроо жаралды.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде мурдагы министрдин камалышы шайлоого байланыштуу.

«Бир министрдин камалышы менен коррупцияга каршы күрөш же пандемиядагы жоопкер адамдарды жазага тартуу башталды деп айтууга болбойт. Шайлоо учурунда нааразылык күчөп, бийликчил партияларга ишеним болбой жатканы үчүн бийлик аракет кылып жаткандай. Болбосо буга чейин кармалбай келип, үгүт иштери башталганда камалганы саясий упай топтоо аракетиндей сезилет», - деди Турдукулов.

Коомчулукта пандемияда каза болгондордун айрым жакындары бийликти эпидемиологиялык абалдын алдын албаганы үчүн айыптап, жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылып келишет. Азырынча бийлик алардын талабы боюнча үн ката элек.

17-сентябрда мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралат. Ошол учурда пандемиядан жакынын жоготкондордун айрымдары нааразылык акциясына чыгарын билдирди. Алардын бири - Асел Айтбаева.

«Чолпонбаев апрель айында эле кызматтан кеткен. Андан кийинки жетекчилер жооп береби? Ошол учурда кыйылган өмүрлөр үчүн ким жооптуу? Бардык абалды иликтеп чыгышын талап кылабыз».

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев пандемиядагы абал боюнча иликтөөнү аягына чыгаруу азыркы бийликтин негизги милдети экенин белгилеп, мурдагы министрдин камалышын иштин башталышы катары сыпаттады.

«Эл баарын көрүп туруп талап кылып жатат. Мындан ары бул талап күчөй берет. Ошондуктан буга иштин башталышы катары баа берсек болот. Мындай иштер аягына чыгышы керек»., - деди Ибраев.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты.

COVID-19: Өлүм үчүн ким жооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG