Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Кафелерде, ресторандарда, тойканаларда орунду көбөйтүүгө уруксат жок


Санитардык талаптарды бузуп той өттү деген ресторандардын бири. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы 17-августта тараткан сүрөт.
Санитардык талаптарды бузуп той өттү деген ресторандардын бири. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы 17-августта тараткан сүрөт.

Кафелерде, ресторандарда, тойканаларда орунду көбөйтүүгө уруксат жок. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүн, 15-сентябрда брифингде билдирди. Ал учурда кафе-ресторандар менен тойканаларда кардарлардын санын 100 кишиге чейин көбөйтүүнү сунуш кылып кайрылгандар көп болуп жатканын билдирип, бул маселе штабда каралмайынча ага уруксат берилбей турганын эскертти:

«Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларда 100 орунга чейин уруксат берүү боюнча маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын ачылбай тургандыгын эскертемин. Азыркы тапта жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандардагы орундарды 100-150гө чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар түшүп жатат».

Премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе кырдаалга жараша каралышы ыктымал экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы учурда айрым өлкөлөрдө коронавирус кайрадан күчөп жатканын белгилеп, жарандарды сак болууга, санитардык талаптарды бекем сактоого чакырды. Ал жарандар беткап тагынууну унутуп, той-аштар кадимкидей калыбында өтүп жатканынын аягы жаман болорун айтты.

15-сентябрда Ош шаарындагы тойкана ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Алар базарлар иштеп, коомдук транспорт каттап турган учурда ресторандардын ишин токтотуп коюу адилетсиздик деп эсептешет.

Коронавируска каршы республикалык штабдын чечими менен март айынан тартып массалык иш-чараларга, аш-тойлорго тыюу салган. Кийинчерээк коомдук тамактануучу жайларга адамдын санын 50дөн ашырбай иштөөгө уруксат берилген. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Кыргызстанда 15-сентябрга чейин 45 миңдей киши COVID-19 жуктуруп, алардын миңден ашууну каза тапты. Акыркы сутка ичинде 71 киши илдетке кабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG