Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Жол министрлиги: Кара-Кечеде көчкү токтой элек, жаңы айланма жол курулат


Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.
Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде 14-сентябрда башталган көчкү токтой элек, жер массасы дагы эле жылып жатат. Бул тууралуу 15-сентябрда Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен окуя болгон жерге жаңы айланма жол салынмай болду.

Жолдун узундугу болжол менен 3,5 чакырым болот, курулуш иштерине техника Ат-Башы районунан жана Талас, Ысык-Көл облустарынан тартылат.

Министрликтин баштапкы маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү эки миллион куб метр болду, жолдун 600 метрден ашык аралыгы тосулуп калды, электр зымдары үзүлдү.

«Кыргызкөмүр» ишканасы буга чейин билдиргендей, көчкүгө жаан-чачын себеп болду, жабылып калган жолду тазалоого бир жумадай убакыт кетет, тосулуп калган аралык 500 метр болду.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын «Кара-Кече» көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Адам өмүрүнө залака тийген учур катталганы тууралуу маалымат жок.

Окуя болгон жерге Бишкектен тийиштүү мекемелердин жетекчилери барышты. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында болгонун, Бишкектен барган жетекчилер тобу зыяндын көлөмүн аныктап, кайсы жерге жаңы айланма жол куруларын аныктай турганын кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG