Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Хижаб кийүү тенденциясы шоу-бизнеске жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку жылдары маданият, шоу-бизнес тармагында жүргөн чыгармачыл кыз-келиндер хижаб кийгенин, намаз окуй баштаганын байма-бай жар салууга өтүштү. Бул алардын руханий изденүүсүбү же коомдогу диндешүү тенденциясын ээрчигениби?

Белгилүү аткаруучу, салттуу музыканы жайылтууга салым кошуп жүргөн айымдардын бири Гүлнур Асанова «Instagram» баракчасына оронгон сүрөтүн жарыялап: «Ар бир нерсе Аллахтын каалоосу менен болот экен...» деген билдирүүсүн калтырды.

Ушул эле өңүттөгү билдирүүлөрдү алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Жанара Атабекова, аткаруучу Айпери Кубик кызы да социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышкан.

«Кыргыздын кыз-келиндери жылаңбаш, чачын жайып жүргөн эмес» деген алып баруучу Нурзат Токтосунова мындан ары дайыма кыргыздын улуттук кийимин кийүүгө басым жасай турганын билдирди:

Нурзат Токтосунова. Архивдик сүрөт.
Нурзат Токтосунова. Архивдик сүрөт.

«Мен бир нерсени байкадым: жоолук салынган аялдарга көчөдөгү жигиттер тийишпейт экен. Мисалы, көчөдө үч кыздын кимиси ачык кийинип келе жатса, көпчүлүгү ошону карайт. Жаман көз деген бар да. Мага каршы пикир айткандардын баарын туура түшүнөм. Алардын ичинде жүрөгү улут үчүн күйгөндөрү да бар да, менин жүрөгүмдөй эле. Мода үчүн кийди дегендерге кошулбайм. Ким кандай ниет менен кийгенин Аллах көрүп турат. Мода үчүн адам гардеробун өзгөртпөйт».

Кээ бир дин өкүлдөрү жана динге жакын чөйрө хижаб кийүүнү талап кылышат. Бирок хижаб кийгенин жарнамалаган туура эмес деген дин адамдары да бар. Нарын облусунун казысы, теолог жана психолог Мамбетасан Ибраев өз сөзүндө хижабды аял заты диндин талабы катары кийиш керек экенин айтты:

«Ар бир айым өзүнө ишенип, «ишенимде, динимде буйрук болгондуктан кием» дей алышы керек. Хижаб деген жоолук эле. Куранда аялзаты уяттуу жерлерин жаап жүрүшү керектиги айтылган. Кыргыз айымдары өздөрүнө жарашыктуу, уяттуу жерлерин жапкан кийимдерди кийсе жакшы болот. Элечек жаш кыздарга оорураак келет. Жоолукту ислам динин кабыл алып, мусулман болгондон кийин, алдындагы милдеттерин аткарайын деген максатта салынып жаткандар бар. Мусулман аялы жоолук салынып, намаз окуганын жарнама кылганы туура эмес. Ал Жараткан менен пенденин ортосундагы сүйлөшүү гана».

Кесиби мугалим, 50 жаштагы Чынара Сокеева төрт жылдан бери кыргыздын салттуу кийимин жарнамалап жүрөт. Анын пикиринде, Жараткан адам баласын бирдей жаратат, бирок ар бир эл, улут маданияты менен өзгөчөлүп турат.

«Кыргыз элинде ынтымак, биримдик болуп, ар бирибиз өз улутубуздун баалуулугун сактаганды билсек, бөлөктүн да баалуулугун сактай алабыз. Ар бир айым кылым карытып кеткен ата-бабаларыбыздын тамырынан күч алып, өзөк боло алышыбыз абзел. Андан чыккан мөмөлөр келечек муун болот. Ар бир келечек муунга кыргызымдын баалуулугун туура өткөрүп берүү – биздин парзыбыз», - деди ал.

Психолог Гүлзат Кымбатова адам баласына жетиле баштаган курагында жеткиликтүү көңүл бурулбай калса жан дүйнөсү дайыма бош болорун, түрдүү агымдарга оңой азгырыларына ишенет.

«Биз ортону билбейт экенбиз, - деди ал. - Башканы айтпай эле коёюн, көрүп эле жүргөн кыз-келиндерибиз чечинсе такыр эле жылаңачтанып алат, кийинсе такыр эле чүмкөнүп кетет. Бул биздин кыз балдарга туура эмес тарбия бергенибиздин натыйжасы болуп жүрбөсүн? Биздин коомдо кыз баланын ою менен көп эсептеше бербейбиз. «Кыздын каалоосу эмне?», «Эмне жөнүндө ойлонот?», «Кандай кийингиси келет?», «Ичинде эмне болуп жатат?» деген суроолорду бербей, басым менен чоңойткон үй-бүлөлөр көп. Ошондон улам кыз бала бой жеткен сайын башкаларга батыраак ишенип, өздөрүн ар түрдүү агымдардан издейт. Негизи динди түшүнбөй, изилдебей, илим албай туруп, оронуп алуу эртең кайра эле чечинип алууга жол ачат. Мурунку муундун айымдарынын кийимдери исламдык критерийлерге жооп берген, бирок алар ал кийимди «исламдык критерийлерди аткарам» деп кийген эмес».

Түркияда билим алган Мирлан Шатманов учурдун айымдары бир аз башкачараак; үгүткө кабылып, же өз каалоолору менен изилдегенден кийин хижаб кийип жатышат деген ойдо. Ал башкача айтканда мындай кийинүүнүн эки мотиви бар экенин айтты:

«Айрыкча эл көзүндө жүргөн айымдардын хижаб кийүүсүнө себеп болгон эки мотив бар деп ойлойм. Биринчиси - ар ким өзүнүн пикирин атактуу адамдардын аркасы менен жайылтууну инструмент катары колдонуп калбадыбы. Мисалга алсак, бир убакта Мундун агымы чыкты эле, андан кийин баптисттер чыкты, эми болсо исламисттер. Экинчиден, атактуу адам үчүн – аял болобу, эркек болобу - публиканын талабы да чоң роль ойнойт. Анткени атактуу адам ар дайым публиканын талабына жооп берип, тренд-топик болгусу келет. Эл исламдык мотивдерге оой баштаган үчүн атактуулар да хижаб кие баштайт же жума намазга бара баштайт».

21 жаштагы Айдана «Айчүрөк» соода борборунда идиш-аяк сатат. Ал динчил үй-бүлөдө чоңойгондуктан, хижаб кийүүгө 12 жашынан тартып өткөн. Көчөгө жоолуксуз чыга албайт, ал тургай чачын көрсөтүүнү өтө уят жосун катары көрөт.

«Мен мусулман аялзатына тиешелүү бардык жөрөлгөлөр жасалган үй-бүлөдө чоңойдум, - деп түшүндүрдү ал. - Апамдын таасиринен улам хижаб кийгем. Аялдардын аруулугу, назиктиги жоолук менен сакталат. Оронгон айымдар эркектердин көзүнөн далдоо болушат. Эркектердин аң-сезими аялдарды секс-символ катары гана көрөт».

24 жаштагы сүрөтчү Айкөл Кыргызстанда хижаб кийимин жарнамалоодон жакшы киреше түшөрүн, бул боюнча атайын уюмдар иштешерин билдирди. Ал белгилүү уюмда убактылуу моделдик кызмат көрсөтүп, кийинчерээк бул жумушунан баш тарткан.

«Мен уюмдун атын атабай эле коёюн, - деди маектешибиз. - Келбеттүү, бою узун, арык кыздарды атайын жарнама ишине чакырышат. Мен да бул иште бир аз иштедим. Акчасы чынында жакшы. Ал уюмдан белгилүү алып баруучуларды көп эле көрдүм. Алгач каражат табыш үчүн барышса, кийинчерээк жакшы жарашканына карап кийип калышат. Биз көбүнчө ээрчип, туурап жашаганды, коомчулуктун алдында талкууда болууну жакшы көргөн калкпыз да».

Айкөл мындан тышкары өз сөзүндө Кыргызстанда хижаб кийүү акыркы беш жылдан бери модага айланганын, кээ бир жаштар маанисин түшүнбөй кийсе, көпчүлүгү өзүн коргош үчүн кийерин, ал эми өзү учурда кыргыздын салттуу кийимдерин киерин кошумчалады:

«Биз жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Эки уулум бар. Кыргыз коомчулугунда ажырашып кеткен же күйөөсү жок аялды бузулган аял катары көрүшөт. Мен намаз окубайм, бирок жоолук салынып, кыргыз келинине тийиштүү узун көйнөк кийип жүрөм. Мындай кийингендин пайдасы көп. Мурда шым, кыска көйнөк кийип базарга чыксам жашы деле, карысы деле тааныбаса да сөз ыргытып, тийишкендер болчу. Азыр көңүлүм тынч, коркпойм. Мындай кийингеним олуттуу көрсөтүп, өзүмдү коргоомо жардам берет».

Кыргызстанда хижабды диний түшүнүктөн мурда коомчулуктун көз карашынан улам кийгендерин жашырбагандар көп. Айтсак, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Бактыгүл:

«Биздин коомдо кыска кийинип, боёнуп жүргөндөрдү «көчө кыздары» катары көрүшөт. Мен ата-энемдин сөзгө калышын, өзүм тууралуу башкалардын туура эмес ойлошун каалабаймын. Эркектер ачык-чачык кийинген кыздарды убактылуу көңүл ачыш үчүн пайдаланып, түбөлүктүү жар катары ыймандуу, оронгон, ал тургай чачын чоочун эркектерге көрсөтпөгөн кыздарды тандашат. Келечекте жакшы жолдошко жолуккум келет. Турмушка чыккан соң хижаб кийип-кийбегенимди өмүрлүк жарым чечет. Чынында бизде азыр турмушка чыга элек кыздардын жолунан адашпай туура жар тандаш үчүн ушул жолго барышканы да аргасыздыктын иши».

Жоолук салынып, оронуп жүргөн кыз-келиндер кыргыз коомунда ыйман жолунда жүргөн, динди түшүнгөн аял катары бааланат. Кээ бир келиндердин оронушуна жолдошунун басымы себепкер. Бул тууралуу атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургунунун маегин тыңдадык.

«Мен турмушка чыккан соң орондум, - деди ал. - Үйлөнгүчө жолдошум оронуу туралуу эч нерсе айткан эмес. Сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Намаз окубайм, окугум келет. Таза, тыкан, өзүнө жарашыктуу кийген келиндерге суктанам. Жолдошум беш маал намаз окуйт, анын басымынын алдында кийдим. Бул кийим балалуу аялга абдан ыңгайсыз, кээде чалынып кетесиң, көчөгө чыкканда этегиңе ыпыр-сыпырдын баары илээшет. Даабаттарга барганымда «аял жерден энергия алат, ошондуктан узун кийинүү кажет» деп айтышат, бирок мен азырынча жерден жалаң чаң, түкүрүк жабыштырып жаткандаймын. Үй-бүлөмдүн шарттарына көнүүгө аргасызмын. Мындай кийим жакпайт деп баламды атасыз чоңойткум келбейт».

Хижаб кийген айымдардын дээрлик көпчүлүгү негизинен аны өзүнүн денесин жана ички жан дүйнөсүн, аң-сезимин жаман көздөрдөн, коомдогу терс таасирлерден, адамдардын жаман мамилесинен, ыймансыздыктан коргонуш үчүн кийерин айтышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына таянсак, Кыргызстандын калкынын жалпы саны 2020-жылдын 1-январына карата болжолдуу 2,1% өсүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда алты млн. 456,5 миң адамды түзгөн. Ал эми өлкөдө динге берилген инсандардын саны жана алардын канчалык деңгээлде динди толук тутунары тууралуу так маалымат белгисиз.

XS
SM
MD
LG