Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ирандагы милдеттүү хижабга каршы акциялар


Иран: хижабга каршылардын акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Иран: хижабга каршылардын акциясы

Иран полициясы баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылыгын билдирип жоолуктарын чечип салган 30 чакты аялды кармап кетти. Акыркы бир нече жумадан бери буга чейин анда-санда болуп келген нааразылык акциялары күч алды. Аларга эркектер да тилектештигин билдирүүдө. Кийинип жүрүү тартибин бузган аялдар Иранда бир нече жумага камалышы мүмкүн.

Сөз болгон 29 кыз-келин кайдан кармалганы так маалымдалган жок. Тартип коргоочулар аялдар чет жерде жашаган ирандыктардын үгүтүнө сугарылып, баш кийимдеринен баш тартышканын айтууда.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иран бийлиги аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү керек деп чечкен. Ошондон бери аялзатынын сырткы келбетине тыкыр көз салынат. Аялдардын бардыгы, жаш-карысына карабай, денесин жана чачтарын жашырган кийим кийиши шарт. Адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд жүргүзүп турат. Үстүбүздөгү аптада эле башкалаа Тегеранда алты аял жоолугун чечип, жылаңбаш жүргөндүгү үчүн кармалган.

Өткөн айда социалдык медиада борбор шаардагы Энгелаб (Ыңкылап) көчөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда баш кийимин алып салган жаш келин мыйзамга нааразылыгын тынч билдирген. Кийин полиция аты аталбаган аялды кармап кеткен.

"Эмнести Интернешнл" эл аралык укук коргоо уюму “Ыңкылап көчөсүндөгү аялды” дароо жана шартсыз бошотууну талап кылган. Укук коргоочулар ошондой эле Иран бийлигинен “милдеттүү хижабга каршы чыккан аялдарды жазалоону токтотууну, бул кемсинтүүчү жана дискриминациялык тажрыйбаны жоюуну” талап кылышты.

28-январда ирандык адвокат Насрин Сотудех ал кыз бошотулганын билдирди.

Кийинип жүрүү тартибин бузган аялдар бир нече жумага камалышы мүмкүн.

Жоолукка каршы акцияны колдогон аял.
Жоолукка каршы акцияны колдогон аял.

Ирандык журналист Хуман Аскари буга чейин анда-санда нааразылык акциялары болуп келсе, бул ирет анын масштабы алда канча чоңураак дейт:

- Жакындан тарта бул кыймыл күчөй баштады. Эң кызыгы акцияга кыз-келиндер гана эмес, эркектер да катышууда. Социалдык тармактарда жоолукту желбиретип ирандык аялдарга тилектештигин билдирген жигиттердин видео-сүрөттөрүн да көрсө болот. Андан тышкары паранжыга чүмкөнгөн кээ бир аялдардын да ак жоолукту кармап алып кыймылга кошулганы өтө кызыктуу. Ошол аялдардын биринин "Твиттерге" жазгандарын окуп калдым. Ал паранжыны өзү тандаганын, бирок башка аялдардын тандоосун да урматтарын айтат. Кантип кийинип жүрүүнү өкмөт чечип же тескебеш керек деп жазыптыр.

Ирандык активисттердин бири Масих Алинежад "Инстаграмда" ошол кыймылдын баракчасын ачып, өлкөнүн булуң-бурчунан, чет өлкөлөрдөн келген сүрөт, видеолорду жарыялап келе жатат.

Аялдамада автобус күтүп жаткан ирандык аялдар. 8-июнь, 2017-жыл.
Аялдамада автобус күтүп жаткан ирандык аялдар. 8-июнь, 2017-жыл.

Ирандын өзүнөн тартылган видеолордун биринде эмчектеги баласын көтөрүп, ак жоолук булгап жылаңбаш турган жаш келинди көрсө болот:

- Хижаб милдет эмес! Бизге эркиндик керек. Бизге кийим тандоо эркиндиги керек. Укуктарыбызды кайтарып бергиле. Хижаб милдет эмес! Мен кызымдын келечеги үчүн күрөшөм. Ага бейпил жана эркин турмуш керек. Жашасын Иран! Жашасын эр жүрөктөр! Жашасын эрдик. Биз жеңебиз. Жашасын Иран!

Өткөн жылдын аягында өлкөдө антиөкмөттүк демонстрациялар болгон эле. Экономикалык каатчылыкка нааразы болгон миңдеген киши Тегеранда гана эмес алыскы чөлкөмдөрдө да көчөлөргө чыгышкан. Полиция менен кагылышууларда аз дегенде 22 киши өлгөн, бир миңден ашууну кармалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG