Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Роухани: Ирандын лидерлери элдин үнүн угушу керек


Президент Хасан Роухани Ирандагы ислам ыңкылабынын лидери, аятолла Рухолла Хомейнинин күмбөзүнө барган учур. 31-январь, 2018-жыл.
Президент Хасан Роухани Ирандагы ислам ыңкылабынын лидери, аятолла Рухолла Хомейнинин күмбөзүнө барган учур. 31-январь, 2018-жыл.

Президент Хасан Роухани бул тууралуу 31-январда билдирди.

Анын айтымында, тышкы басымга карабай Ирандын эли диний истеблишментти колдоону улантууда, бирок “бийлик адамдарынын баары элдин талаптары менен каалоосун угушу керек”.

“Иран эли имам Хомейнинин мурасынан эч убакта баш тарпайт. Адамдар исламды, өз Иранын сүйүп, улуттук биримдигин коргогон учурда эч бир супер держава бул элдин багытын өзгөртө албайт”,- деди Роухани имам Хомейнинин күмбөзүнө барганда.

Ал “супер держава” дегенде Кошмо Штаттарды эске алды.

Роуханинин бул сөздөрү алдында АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстеги кайрылуусунда Иранда декабрдын соңунда, январдын башында болгон, социалдык талаптардан башталып, арты саясий талаптар менен коштолгон нааразылык акцияларды эске салып, бул өлкөнүн бийлигин “коррупцияланган диктатура” деп атаган.

“Америка Иран элинин эркиндик үчүн каармандык күрөшүндө алар менен бирге” экенин да белгилеген.

Трамп Конгресстен Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди оңдоодо жардам берүүнү суранды.

Кошмо Штаттардагы эреже боюнча президент ар токсон күн сайын Конгресске Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып же аткарбай жатканы боюнча маалымат берип турушу керек.

Быйыл 12 -январда кезектеги мөөнөт келгенде Трамп санкциялар боюнча Иранга берилген жеңилдиктин мөөнөтүн "акыркы ирет" узартып жатканын, өзөктүк келишим өзгөртүлүүсү керектигин, болбосо АКШнын андан "чыгып кетүү тобокелдиги" барын эскерткен.

Ага чейин 13-октябрда Трамп "Тегеран макулдашуунун талаптарын аткарып жатат" деп расмий бышыктоодон баш тарткан.

Иран 2015-жылы жайда дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн көп тараптуу макулдашууга ылайык, ал өзөктүк программасын кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар дээрлик жоюлган. Бирок АКШ Конгрессинин санкциялары али күчүндө. (UE)

XS
SM
MD
LG