Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:57

Иранда массалык нааразылык акциялары беш күндөн бери жүрүп жатат. Демонстранттардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.

Ирандык журналист Ниуша Бограти "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде он миңдеген ирандыктар эмнени көздөп көчөгө чыгып жатканын айтып берди.

Бограти: Бул массалык толкундоолор өлкөнүн туш-тарабына тарады. Дээрлик бардык чоң шаарлар менен ар бир провинцияда өтүп жатат. Башкалаа Тегерандын калкынын санына салыштырганда нааразылыкка чыккандар өтө эле аз. Бирок ошол эле маалда өлкөнүн түндүгүндөгү Рашт шаарында түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгышты.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе – нааразылыктын жүрүшү ар кандай экени байкалат. Коюлган талаптар дагы бирдей эмес. Маселен, Шираз шаарында миңдеген адамдар ар кандай ураандарды чакырып, тынч маанайда демонстрацияларды өткөрүүдө. Ошол эле маалда Изе жана Доруд сыяктуу шаарларда акциялар башаламандыкка айланып, зордук-зомбулук менен коштолду.

Нааразылыкка чыккандар банктарды, өкмөттүк мекемелерди өрттөшкөнү тууралуу маалымат тарады. Изеде бир нече саат ичинде шаар кыйроого учурап кала жаздаганы кабарланды. Мына ушундай ар кандай масштабдагы, ар түрдүү маанайдагы демонстрацияларда кырдаалды колдон чыгарбай, чара көрүү бийлик үчүн бир топ эле кыйын болду.

"Азаттык": Нааразылык акциялары жаңы башталганда социалдык маселелер коюлуп жатса, өткөн жуманын этегинде талаптар саясий өңүт алды. Элдин башкы талабы эмне болууда?

Адамдар көчөлөргө чыгып, өз өмүрүн тобокелге салып, саясий системага каршы экенин бийликке угузуу үчүн кыйкырып жатышат. Алар тыюу салынган кызыл сызыктын көбүнөн өтүп кетишти.

Бограти: ​Эң кызыгы ушунда. Нааразылык акциялары башталганда социалдык-экономикалык маселелер гана айтылып жаткан. Көчөгө чыккандар "Эмне үчүн биз жардыбыз?", "Маяналар көтөрүлсүн" деген сыяктуу талаптарды коюп жатышса, анан нааразылыктын маанайы саясий маселелерге ооду. Ошол эле чыккандар президентке каршы ураан-чакырык таштай башташты. Роуханиге каршы чакырыктар жаңырды. Ушундан улам Иран өкмөтүнө жакын адамдар, өлкөнүн вице-президенти саясий демонстрацияларды режимдин ичинен, президент Роуханиге каршы адамдар – консерваторлордун блогу уюштурууда деп ишарат кылды.

Мен кечээ кыркка чукул ар кайсы шаарлардагы нааразылык иш-чараларынын видеосун карап отуруп, экономикалык бир дагы талапты уккан жокмун. Элдин баары тең саясий режимди "тоталитардык, диктаторлук" деп сындап, бийликке каршы кыйкырып жатышат.

Ушул тапта авторитардык режим жер-жерлердеги нааразылык акцияларын өтө акылдуулук менен колго алууда. Буга чейинки мындай массалык толкундоолорду алсак, 2009-жылы Революциячыл сакчылар корпусу элди күч менен басып, эч кимди аяган эмес. Азыр болсо адамдарды өлтүрүп, чогулгандарды күчкө салып таратуу байкалган жок. Эгер демонстрациялар тынч өтүп жатса коопсуздук күчтөрү чекеден көз салып гана турушат. Айрым жерлерде гана күч колдонулганы айтылып жатат. Соңку маалыматтар боюнча 600дөй киши камакка алынды. Азырынча мындай массалык кыймыл эмне менен аяктарын айтыш кыйын болуп турат.

"Азаттык": Мен дагы сизден дал ушуну сурайын деп турам. Массалык нааразылык эмне менен бүтөт? Кандай божомолдор бар?

Н.Бограти: Бул нааразылык акцияларын жетектеген эч ким жок. Бул жерде бир адамды көрсөтүп, "эл ошону ээрчип чыгып атат" дегенге болбойт. Андай адам жок. Көчөгө чыккандар азыркы саясий режимге каршы экенин гана билдирип жатышат. Аларды баштаган бир кишинин же бир күчтүн жоктугу массалык нааразылык бир нерсеге жетет деп айтуудан оолактатат. Бул жерде ал үчүн стратегия да жок.

Демонстрациялар бир максатка жетпей, же күч менен басылып калса дагы анын Иран режимине таасири чоң болот.

Нааразылык эмне менен бүтөөрүн божомолдош кыйын. Ар кандай жагдай болушу мүмкүн. Иран бийлиги алдын-ала кылдат аракет көрүп, Интернетти чектеп салды. Эң популярдуу, маалымат алмашуунун негизги каналы болгон "Телеграмга" толук бөгөт коюлду. Бийлик элдин маалымат алмашуусун чектеп, нааразылыктын толкунун басаңдатышы мүмкүн. Бирок ошол эле маалда Интернетти таптакыр жаап салуу мүмкүн эмес. Эгер бийлик ошондой акыркы чарага барса, анын кесепети дагы оор болот.

Дагы бир божомол – Иран бийлиги каарын чачып, полициянын күчү менен элди таратуунун камын көрөт. Бул өлкөдө мындай ыкма буга чейин кеңири колдонулуп эле келгенин эске алсак, андай болушу да мүмкүн.

Бул нааразылык акциялары кандай аяктаса дагы эске ала турган бир нерсе – адамдар көчөлөргө чыгып, өз өмүрүн тобокелге салып, саясий системага каршы экенин бийликтин чокусундагыларга угузуш үчүн кыйкырып жатышат. Алар тыюу салынган кызыл сызыктын көбүнөн өтүп кетишти. Бул демонстрацияларда карапайым адамдар бийликтен коркпой, эркин көрсөтүп жатышат.

"Азаттык": Ошентсе дагы бул массалык иш-чаралардын жогорку бийликке кандайдыр бир таасири болобу?

Н.Бограти: Ооба, талашсыз түрдө. Анткени бул окуялар режимдин өзгөрүшүн каалагандардын катмары калың экенин көрсөттү. 80 миллиондон ашуун элде андай тилек өтө күчтүү экени талашсыз. Өлкөнү жапырт каптаган элдик толкундоолор - анын күбөсү. Ирандын тышындагы миллиондогон оппозициялык маанайдагылар эле эмес, өлкөнүн өзүндө да мындай мүдөө күч экенин көрүп турабыз. Бул саясий режимдин алмашуусун каалаган элдин маанайын көрсөттү.

Ирандагы нааразылык акцияларынан бир көрүнүш. 8-декабрь, 2017-жыл.
Ирандагы нааразылык акцияларынан бир көрүнүш. 8-декабрь, 2017-жыл.

Бирок ал кандайча ишке ашат, саясий оппоненттердин күчү мененби, ага кандай стратегия керек – азырынча беймаалым. Ал эми азыркы толкундоолор ирандыктар ошол багытка бет алганын көрсөтөт. Буга чейин элди консерваторлор же реформаторлор баштап чыкса, бул ирет эки лагерге кошулбаган, Иран Ислам Республикасынын башкаруучу режимине каршылар чыгышты.

Демонстрациялар бир максатка жетпей же күч менен басылып калса дагы анын Иран режимине таасири чоң болот. Бул реформаторлорду демократиялык баалуулуктарга, ыкмаларга багыт алууга түртөт. Ошол эле маалда консерваторлор менен коопсуздук күчтөрүн Иран коомуна жакындатууга түртөт десек болот.

"Азаттык": Биздин аймакта мындай массалык нааразылык чыкса, аны "тыштан бирөөлөр уюштуруп жатат" деген сөздөр көп айтылат. Иранда дагы "мунун артында башкалар турат" деген пикир айтылбадыбы?

Н.Бограти: Ирандын бийлиги ар кайсы өлкөлөрдүн атын атап, "ошолордун таасиринен улам болду" деп жатат. Тегеран Израилди, Сауд Арабиясын, АКШны атады. Иран бийлиги буга чейин деле кандай гана демонстрациялар болбосун, ал тургай чакан иш-чара болсо дагы башка бирөөлөргө оодарып келген. Бул Иран бийлигинин "бейиштей жайын" сактап калуу гана аракети. "Биз эч кандай жаман нерсе жасаган жокпуз, мунун баары башкалардын кылганы” деген шылтоосу.

Израил болсо "биздин эч кандай тиешебиз жок" деп билдирди. АКШ Тегерандын мындай дооматына “тамаша” деп жооп кайтарды. Сауд Арабиясы болсо унчукпай койду. Менин жеке көз карашымда, нааразылык акцияларынын башталышынан тартып өлкө боюнча жайылганы бул кыймыл Иран коомунун ичинен гана чыкканын көрсөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG