Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Иран палестин согушкерлерине жардам сунуш кылды


Палестиндердин туусун көтөрүп бараткан бала.
Палестиндердин туусун көтөрүп бараткан бала.

Иранда Ислам револициясынын сакчылары палестин согушкерлерине жардамын сунуш кылды. Жоочулар АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалим боюнча чечимине каршылык көрсөтүүгө чакырууда. Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары тааныган Трамптын чечиминен кийин Жакынкы Чыгышта чыңалуу күч алды.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусунун жогорку даражадагы кол башчысы Касем Сулеймани мындай сунуш менен палестиндердин "Ислам жихады", «Из ад-дин аль-Кассам» деген топторуна телефон аркылуу кайрылганын ушул корпуска караштуу "Sepah News" деген маалымат агенттиги кабарлады. Аталган эки кыймыл тең Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС исламчыл тобунун аскер канаттары болуп саналат.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусунун жогорку даражадагы кол башчысы Касем Сулеймани.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусунун жогорку даражадагы кол башчысы Касем Сулеймани.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн генералык штабынын башчысы Мухаммад Бакери Трамптын Иерсуалим боюнча "ойлонулбай ташталган кадамын" жаңы интифаданын же Палестинадагы жаңы көтөрүлүштөрдүн башталашы деп кабыл алса болорун 11-декабрда билдирди.

Ирандын коргоо министри Амир Хатами бул кадам "сионисттик режимдин жок кылынышын тездетип, мусулмандардын биримдигин бекемдейт" деп айтканын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

АКШнын президенти Дональд Трамп 6-декабрда Иерусалимди Израилдин башкалаасы деп таануу боюнча чечимин жарыялагандан бери Газа тилкесинде ХАМАС кыймылынын жоочулары менен Израил армиясынын кагылышуулары уланууда. Кабарларга караганда кагылышууларда кеминде төрт палестин жараны мерт болду. 11-декабрда эки тарап бири-бирине ракеталык сокку урушту. Кызыл жарым ай эл аралык уюму билдиргендей, 27 палестин жараны ар кандай жаракаттарды алышты.

Иранда Трамптын чечимине каршы демонстрациялардын бири, Тегеран. 8-декабрь, 2017-жыл.
Иранда Трамптын чечимине каршы демонстрациялардын бири, Тегеран. 8-декабрь, 2017-жыл.

Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган мамлекеттерде уланууда. Дүйшөмбүдө Тегеранда жүздөгөн ирандыктар ушундай эле каршылык акциясына чыгышты. Алардын бири Фатемех Каземи өз оюн мындайча билдирди:

- Израилдин бул аймакта болгонунун өзү катачылык. Палестина жана Иерусалим аларга таандык эмес. Ошол себептен алар Иерусалимди башкалаа деп таанымак тургай, эч кандай чечимдерди кабыл алууга укуктары жок.

Демонстрация өткөн аянтта "Израилдин жок болушуна 8240 гана күн калды" деген неон тактасы коюлган. Мындай алдын-ала божомол Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеинин сөздөрүнө таянуу менен жазылган. Ал бир кезде "2030-жылы Израил жок болот" деген сөздөрдү айткан эле.

Ушул эле күнү Ирандын Ливандагы өнөктөшү, 2006-жылы Израил менен куралдуу кагылышууларга барган "Хизбалла" радикал уюму Бейрутта ири акцияларды уюштурду. Ага катышкандар "Израилге өлүм!", "Америкага өлүм!" деген ураандарды чакырып жатышты.

Ал эми Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху 11-декабрда Брюсселде Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушканда Европа өлкөлөрүн да АКШнын жолун жолдоого чакырды.

Беньямин Нетаньяху.
Беньямин Нетаньяху.

- Палестиндер жөөттөрдүн мамлекетин таанып, анын башкалаасы бар экенин жана ал Иерусалим экенин моюнга ала турган мезгил жетти. Азырынча эч кандай макулдашуу болбогону менен келечекте дал ушундай болоруна ишенем. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн көбү өз элчиликтерин Иерусалиге көчүрүп, бул шаарды Израилдин башкалаасы катары таанышат деп үмүттөнөм.

Евробиримдиктин өкүлдөрү болсо, анын ичинде шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Иерусалим боюнча "эл аралык консенсусту" сакташарын билдиришти. Эл аралык коомчулук бул чөлкөмдө Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деген турумду карманып келишет.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси.

Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Ал жерде азыр 200 миңдей палестин жашайт. Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы кыска согушта ээлеп алган Израил болсо мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаарды 1948-жылы мамлекет болуп түзүлгөндөн тартып эле өзүнүн жана жөөт калкынын байыркы борбору деп эсептейт. Өлкөнүн мамлекеттик институттарынын баарынын кеңселери да ушул шаарда орун-очок алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG