Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:42

Иран: кан төгүүгө жеткирген нааразылык


Иран. Тегеранда нааразылыкка чыккан аял көздөн жаш агызчу газ атылган учурда муштумун көрсөтүүдө. 30-декабрь, 2017-жыл.

Иранда 28-декабрда башталган, он миңдеген адамдар катышкан толкундоо токтой элек. Өлкө президенти нааразы адамдар көтөргөн көйгөйлөр бар экенин моюнга алды. АКШ менен Ирандын жетекчилиги кайрадан кайым айтышууда.

Иранда Жаңы жылга оогон түн өзгөчө оор болду. Мамлекеттик сыналгы каналы ал түнү он киши өлгөнүн кабарлады. Бирок качан, кайсы шаарда экенин тактаган жок. Болгону айрым куралдуу демонстранттар полиция бөлүмдөрүн жана аскер базаларын басып алууга аракет кылып, бирок коопсуздук күчтөрүнүн катуу каршылыгына кабылганын белгиледи.

Буга чейин Доруд шаарында эки киши өлгөнүн эсепке алганда, өкмөткө каршы нааразылык чаралары маалындагы курмандыктардын саны расмий кабар боюнча 12ге жетти.

Тегеран.
Тегеран.

Күбөлөр тарткан видеолор өлкөнүн борбору Тегеран баштаган Керманшах, Мешхед, Сари, Шираз, Илам, Изе жана башка шаарларынан келип жатат.

Анда кыйкырыктардын арасынан “Диктаторго өлүм!”, “Иран Республикасына эркиндик, азаттык!”, “Молдолор жоголсун!” деген сөздөрдү ажыратууга болот.

Полиция элди суу менен да атууда.
Полиция элди суу менен да атууда.

Демонстранттардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Алар адегенде 28-декабрда азык-түлүктүн кымбатташына каршы чыгышкан. Кийин ал жогорку бийликке каршылыкка, анан башаламандыкка өсүп жетти.

Көп жерлерде өлкөнүн диний жолбашчысы Али Хаменейинин сүрөттөрү айрылды. Тегеранда полиция нааразыларды таратыш үчүн суу аткыч колдонду.

Башаламандыкка байланыштуу жүздөгөн адамдар камакка алынды. Тегеранда эле 200 киши камалганы 31инде кабарланган. Бул күнү "нааразылык акцияларын уюштурууга өбөлгө болууда" деп бөгөт коюлган "Телеграм", "Инстаграм" социалдык түйүндөрү дагы эле иштей элек.

Буга чейин өлкөнүн бийлиги "ирандыктар арасындагы нааразылык маанайды “контрреволюционерлер” жана чет өлкөлүк агенттер жаратып жатат" деп билдирген.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Өлкөнүн президенти Хасан Роухани кырдаал боюнча 31-декабрда алгач ирет элге кайрылып, көйгөйлүү маселелер бар экенин мойнуна алды:

- Элдин бушаймандыгына экономика жалгыз себеп эмес. Адамдарда коррупция, айкындуулук боюнча айтчу талаптар бар. Алар ачык-айкындуулукту каалашат. Мыйзам жана анын аткарылышы боюнча, сот жана башка тармактарда эмне болуп жатканын билгиси келишет. Алар сын айтууга акылуу.

Президент ар бир жаран каршылык акциясына чыгууга да толук акылуу экенин айтып, бирок коомдук тартипти бузгандарга, башаламандык кылгандарга өкмөт жөн эле карап турбастыгын эскерткен.

Ал эми дүйшөмбүдө парламенттеги комитет башчы депутаттар менен жолуккандан кийин нааразылык акциялары “коркунуч сыяктуу көрүнгөнү менен маселе эмнеде экенин көрсөткөн мүмкүнчүлүк катары караса да болорун” билдирди.

Ал арада АКШнын президенти менен Иран жетекчилиги кайым айтышууда.

“Улуу Иран эли көп жылдар бою кысымга алынды. Алар тамак-ашка жана эркиндикке ач болуп турушат. Адам укуктары менен катар эле Ирандын байлыктары да каракталган. Өзгөрүүгө убакыт келди!” - деп жазды “Твиттерге” Доналд Трамп 1-январда.

Бир күн мурда ошол эле жерге Трамп Иранды адам укуктарын көп ирет бузган, терроризмди колдогон номер биринчи өлкө деп катуу сындаган.

Али Хаменеинин сүрөтүн айрып жаткандар.
Али Хаменеинин сүрөтүн айрып жаткандар.

Ага жооп иретинде президент Роухани АКШнын президентин “баштан аяк Иран элинин душманы” атап, Трампты эске алуу менен буларды билдирди:

- Бүгүн биздин элге тилектеш болгусу келип жаткан Америкадагы бул киши бир нече ай мурда эле Иран элин "террористтердин улуту" дегенин унутуп калган окшойт. Ал "террорист улут" деп атаган! Иран элине каршы чыккан бу киши эми ирандыктарды аяйбы? Бул күмөн суроолорду туудурат, күмөн жаратат.

Ал эми Иранга өнөктөш катары саналган Орусиянын Тышкы иштер министрлиги башаламандыктарды бул өлкөнүн ички иши катары баалап, “жагдайдын туруктуулугун бузуп сырттан кийлигишүүгө жол берүүгө болбойт” деп комментарийледи.

Бул Иранда 2009-жылы президент Махмуд Ахмединежадга каршы чыгып, 30дай адамдын өмүрү кыйылган окуядан берки эң ири толкундоо катары каралууда. Ал эми ага чейинкиси - 1979-жылы болгон ислам ыңкылабы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG