Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Хосроу Шаханинин күлкү даамдуу өмүр таржымакалы


Ирандык сатирик, жазуучу Хосроу Шахани (02.1.1930 – 20.5.2002).
Ирандык сатирик, жазуучу Хосроу Шахани (02.1.1930 – 20.5.2002).

"Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышында ирандык даңазалуу калемгер, маркум Хосроу Шахани (1930-2002) өзү агынан жарылып жазган өмүр таржымакалын сунуштайбыз.

Куш тилиндей алгы сөз

Айтылуу Марк Твен, Бернард Шоу сыяктуу сатириктер эми туулбайт ко деп жаш кезимде ойлочу элем. Андан кийин түркиялык Азиз Несин, ирандык Хосроу Шахани Шарк (خسرو شاهانی شرق) сыяктуу калемгерлердин дарбыз ичине таттуу шире шыкалып алгандай юморго ширелген чыгармаларын окуган соң, ар бир доор юмор жаатында өз кереметинен куру калтырбастыгын түшүнгөн элем.

Эми XXI кылымдын башындагы украиндердин “Дизел-шоу”, кыргыздардын “Жарайт сити” сыяктуу тамашакөйлөрүнүн, кыргыз, казак, өзбек, орус ж.б. такмазачылардын жана маркум куудулдар Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов, азыркы Күмөндөр, Жамбыл, Абдылда, Рахман, Борончу, Майрамбек, Тынар сыяктуу куудулдардын, Султан Акторпок, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) сыяктуу юморчулардын өнөрлөрүнө күбө болгон соң, жаңы муундардын далай тамашалуу жана сатиранын кермек даамын каткан баяндары калайыкты күлдүрүп да, күйдүрүп да ойгото берет ко деп өзүмчө сүйүнүп койдум.

Төмөндө фарсы тилдүү жазуучу Хосроу Шахани Шарктын (02.1.1930, Нишапур, Иран – 20.5.2002) азил автобиографиясын (орус тилинен) которуп сунуштайбыз. Бул куш тилиндей автобиографиялык баянын Шахани аксакал “Амир Каабир” аттуу басма үйдүн өтүнүчү боюнча 1968-жылы жазган экен (келээрки жылы бул чакан чыгарманын 40 жылдыгы белгиленет экен, тообо!)

* * * * * * *

“Кишилер ушул менин тагдырым өтө бай жана нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн бир укмуш болсо керек деп ойлошот... Эгерде турмуштук чыйырым белгисиз кала берсе, анда болочокку биографтардын, изилдөөчүлөрдүн жана ар кыл антологиялык жыйнактарды түзүүчүлөрдүн сазайы окулат го. Чыгармачыл түйшүктөрдүн болочоктогу терең урматтуу изилдөөчүлөрүнө огожо болуу үчүн мен алардын назарына мына буларды өзгөчө таазим менен баяндап коюуга батынып жатам:

Аты – Хосроу.

Тегаты – Шахани Шарк.

Атасынын ысымы – Али Асгар (маркум болду). Урматтуу изилдөөчүлөр анын мүрзөсүн табууга далаалат кылбай эле койгону эп – бул убакытты текке кетирүүгө тете.

Энесинин ысымы – Алавийе Бейгам (маркум болду).

Туулган мезгили жана орду – 1930-жылдын 2-январы, Мешхед шаары. Демек, мен азыр 38демин.

Бою – 161 см, салмагы – 61 кило.

Өзгөчө белгилери – коюу өстүргөн кара муруту бар (албетте, азыркы таптагы сыпаты ушундай).

Байырлаган орду – азырынча Тегеран шаары, ал эми болочокто кайсы жер болот – муну Алла-таала гана билет...

Турмушундагы өзгөчө олуттуу окуялары - төрөлүүсү жана өлүмү.

Тагдырындагы өзгөчө айырмалуу учурлар – бала чагында суу астындагы кеменин же учак конуучу зор аскер кемесинин башчысы болууну самаган. Эми өзүм ким болуп чыктым, аны өз эркиңизче таразалап алыңыздар”.

Дагы төрт жылдан соң, 1972-жылы Шахани өмүр баянына мындайча кошумчалаган:

“Дагы эле мага алиги автобиографиялык баян дегенди жазып бериңизчи деп суранып калышты. Мен ары калчап, бери калчап ойлонуп туруп, мындан төрт-беш жыл илгери “Оюн коюунун комедиясы” аттуу жыйнагымдын жарык көрүшүнө карата өзүм жазып берген өмүр таржымакалым эң мыкты болгон экен деп чечтим. Тек гана буга кошумчалай кетээрим – бул жылдардын аралыгында тагдырымда эч кандай деле өзгөрүү болгон жок; өзүм деле эч кандай өзгөрүп кетпедим; бир гана айырмам ушул: чачым саал-паал агара түшүптүр жана өмүр жашым нөлдү көздөй бир нече жылга жакындаптыр”.

* * * * * * *

Ирандык карикатурачы Бехнам Мохаммадинин “Соттун (казынын) көз карандысыздыгы” деген сатиралык сүрөтү. 2017.
Ирандык карикатурачы Бехнам Мохаммадинин “Соттун (казынын) көз карандысыздыгы” деген сатиралык сүрөтү. 2017.

(P.S. Маалыматнаамаларда сатирик Шаханинин туулган шаары катары Нишапур көрсөтүлүп жүрөт, бирок ал өз өмүр баянында Мешхед шаарын сөз кылат. Бул жагдай дагы,демек, анын болочокку биографтары азык таап жеши үчүн кошумча изилдөө бутасын жана алар кызыл чеке болгуча талкуулашкандай суроочону жаратат).

XS
SM
MD
LG