Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Иран: демонстранттар жеңилдиби?


Өкмөткө каршы нааразылык жыйындарынан бир көрүнүш. Тегеран. 30-декабрь, 2017-жыл.
Өкмөткө каршы нааразылык жыйындарынан бир көрүнүш. Тегеран. 30-декабрь, 2017-жыл.

Иранда өлкөнүн тандалма аскер бөлүгү - “Ислам ыңкылабынын сакчылар кошууну” өкмөткө каршы чыккан демонстранттар “жеңилди” деп билдирүүдө. Мамлекеттик медиа да нааразылык жүрүштөрүн чагылдырууну токтотту, бирок нааразылык чаралары али улантылып жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө.

“Ислам ыңкылабынын сакчылар кошууну” (фарсыча "Sepâh-e Pâsdârân-e Enghelâb-e Eslâmi", "Ислам ыңкылабынын сакчыларынын сыпайлары"; англисче кыскартылган аталышы - IRGC) - Иранда 1979-жылдан кийин түзүлгөн жана өлкөдөгү бийликтин азыркы исламчыл делген системасын сактап, коргоо милдети жүктөлгөн тандалма аскер тобу.

Бул кошуун Ирандын армиясынан өз алдынча турат жана бул кошуундун жетекчилигине анын өзүнүн кургактыктагы аскерлери, аскер аба күчтөрү, атайын аскер топтору, ошондой эле ыктыярчыларды да камтыган "Басиж" деп аталган куралчан топтор баш ийет.

Өлкөнүн жогорку руханий көсөмү саналган аятолла Али Хаменейиге тикелей баш ийген бул аскердик кошуундун жекшемби күнкү (7-январдагы) билдирүүсүндө “Ирандын ыңкылапчыл эли, оң миңдеген Басиж күчтөрү, полиция жана Чалгын министрлиги менен бирдикте АКШ, Британия, Израил, Сауд Аравия, жоочулар жана монархиячылар жараткан (башаламандыктын) чынжырын үздү”, - деп айтылат.

Өкмөткө жана исламчыл режимге каршы нааразылык чараларын уюштургандардын жеңилгендиги жөнүндөгү билдирүү Ирандын парламенти (Majles-e Showrā-ye Eslāmī - "Мажлис-и шура-йи ислами, б.а. "Исламдык Кеңеш Жыйыны") өлкөдөгү соңку окуяларды, анын ичинде бир аптадан ашкан нааразылык иш-аракеттерин жабык эшик артында талкуулаган соң жарыяланды.

Реформачыл фракциялардын депутаттарынын демилгеси менен чакырылган бул жыйында парламентарийлер өкмөттүн коопсуздук чөйрөсүн тейлеген мүчөлөрүнөн соңку башаламандыктардын себептери тууралуу сурашкан.

Бул арада өкмөт, маалыматтарга караганда, Instagram социалдык түйүнүн колдонуу үчүн киргизилген чектөөнү жойгон. Бирок Telegram түйүнү мурдагыдай эле тосмолонгон бойдон калууда. Кат алмашууга ылайыкташкан бул социалдык түйүн 80 миллиондой ирандыктын дээрлик үчтөн бири үчүн жаңылыктын негизги булагы. Ирандык расмий өкүлдөр болсо дал ушул Telegram системасы демонстранттарды козутуу үчүн колдонулган деп ырастап келет.

7-январда болсо Ирандын мамлекеттик медиасы өкмөттү колдоо боюнча бийлик тарабынан уюштурулган демонстрациялардын бешинчи күнүн түз чагылдырып жатышты. Алардын жүрүшүндө “АКШга өлүм” деген да ураандар, чакырыктар айтылып жатты.

Тегеранда өкмөттү колдогон жүрүш. 6-январь, 2018-жыл.
Тегеранда өкмөттү колдогон жүрүш. 6-январь, 2018-жыл.

7-январда Шехр-е-Корд шаарынан өкмөтчүл демонстранттардын бири Рейтердин кабарчысына:

Биз жогорку көсөмүбүздү (аятолла Али Хаменейини) колдойбуз, анын турумун кубаттайбыз. Америкага өлүм!” - деп билдирди.

Мамлекеттик медиа, ошондой эле, өкмөткө каршы маалымат жыйындары жөнүндө маалымат берүүнү да токтотту. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын иран кызматы ("Фарда" радиосу) алган ишенимдүү кабарларга караганда, 6-январда да өкмөткө жана исламчыл делген режимге каршы нааразылыктар кеминде тогуз шаарда, анын ичинде байтакты Тегеранда да улантылган. Муну социалдык медиага чыккан видео тасмалар менен сүрөттөр да ырастоодо.

Махшехр шаарындагы нааразылык. 6-январь, 2018-жыл.
Махшехр шаарындагы нааразылык. 6-январь, 2018-жыл.

Өкмөткө каршы ар кандай сандагы адамдар катышкан жүрүштөрдө “диний бийлик кулатылсын” деген сыяктуу ураандар да айтылып келди.

Иран бийликтери болсо өкмөткө каршы нааразылык иш-аракеттерине чет өлкөлөрдөн "шыкактаган" кийлигишүүлөр болуп жатат деп, бул үчүн Кошмо Штаттарды да айыптап чыккан эле.

АКШ өз тарабынан Ирандагы демонстранттарга колдоосун билдирген, бирок аларга сырттан шыкак берди деген айыптоолорду четке каккан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жума күнү Си-Эн-Эн каналы үчүн курган маегинде Ирандагы соңку окуяларга байланыштуу буларга токтолду:

- Менимче, Иран эли бул режимден жабыр тартты. Алар бул режимдин аймактагы туруксуздаштырууга багытталган ишмердигине байланышкан экономикалык санкциялардан жабыр тартты. Кайсы бир учурларда адамдар мындан ары минтип жашоого болбойт деп чечет да. Биз бийликтин кыянатчыл эмес, тынч жол менен (бир колдон экинчи колго) өтүшүн колдойбуз. Биз азыркы демонстрациялар учурундагыдай көз караштарды 2009-жылкы шайлоодогу демонстрациялар учурунда да укканбыз. Биз жакшы жашоого, көбүрөөк эркиндикке умтулуп жаткан иран элин колдойбуз. Биз алар буга татыктуу деп эсептейбиз.

Ушул дем алыш күндөрү бозгунда жүргөн ирандыктар да Европанын бир нече өлкөлөрүндө Ирандын элчиликтери менен консулдуктарына барып, өкмөткө каршы нааразылык чараларын өткөрүштү.

Ирандагы нааразылык чараларды колдогон жыйын. Берлин ш. 06.1.2018.
Ирандагы нааразылык чараларды колдогон жыйын. Берлин ш. 06.1.2018.

Реформачылардын билдирүүсү

Ал эми Ирандын ичинен реформачыл маанайы менен белгилүү 16 коомдук ишмер, көбүнесе мурдагы президент Мохаммад Хатаминин тушунда кызматта тургандар же депутат болгондор, 6-январда атайын билдирүү менен чыгышты. Алардын билдирүүсүндө “азыркыдай окуялар учурунда өлкөнүн душмандары ар убак пайдаланууга аракеттене турганы менен биз тышкы кийлигишүү ички шарттар өкүм сүрмөйүнчө мүмкүн эместигин билишибиз керек”, - деп көргөзүлөт.

Реформачылар ошондой эле өкмөттүн чет элдик кийлигишүү жөнүндөгү ырастоосу ирандыктарды “кемсинтүү” экенин жана бул “нааразылыктын чыныгы себептерин көзгө илбөөгө” алып барарын белгилешкен. Алар “америкалык кийлигишүүнү”, өзгөчө президент Дональд Трамптын “Ирандын ички иштерине кийлигишүүсүн” да сындашкан.

Бир аптадан ашкан нааразылыктар учурунда Иранда кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылды, 1700дөн ашуун киши камакка алынды.

Тегерандын прокурору Аббас Жафари Долатабадинин 7-январда айткандарына караганда, акыркы 48 саатта 70тей адам күрөө менен бошотулду. Башаламандыктын “башкы козутуучуларын эске албаганда” мындан кийин дагы бошотуулар болот деди прокурор.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан нааразылык жыйындары Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда тутанган.

Ирандын ар кыл шаарларына тез арада жайылган нааразылык жыйындарында социалдык талаптардан тышкары учурдагы саясий режимди реформалоого жана ал түгүл жоюуга багытталган ар кыл саясий талаптар да коюла баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG