Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Иран-АКШ кайым айтышуусу күчөдү


Ирандагы өкмөттү колдогон акция. Мешхед шаары, 4-январь, 2018-жыл
Ирандагы өкмөттү колдогон акция. Мешхед шаары, 4-январь, 2018-жыл

Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциялары мурдагыдан басаңдай түшкөнү кабарланганы менен, дипломатиялык кайым айтышуу токтой элек. Ирандын бийлиги АКШны ички ишибизге кийлигишип жатат деп айыптап чыкты.

Иранда бийликке каршы митингдер башталгандан бери сегиз күн күн өттү. Бейшембидеги демонстрациялар жума башына салыштырмалуу канчалык басаңдаганы азырынча так белгисиз. Бирок кеминде 22 адамдын өмүрүн алып, миңдей кишинин камалышын шарттаган толкундоолорго байланыштуу дипломатиялык кайым айтышуу токтой элек.

3-январда кечке жуук Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Голамали Хошро уюмдун баш катчысына жана Коопсуздук кеңешине кат жолдоп, анда АКШны эл аралык нормаларды бузуу менен өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады.

"АКШнын президенти менен вице-президенти өздөрүнүн "Твиттердеги" акылга сыйгыс билдирүүлөрүндө ирандыктарды деструктивдүү кадамдарга аралашууга азгырды. Америка өкмөтү Ирандагы демонстранттарды өкмөттү алмаштырууга шыктандыргысы келерин Мамлекеттик департамент мойнуна алды", - деп жазылган элчинин катында.

Иран БУУну Вашингтондун билдирүүлөрүн айыптап чыгууга чакырган. Расмий Тегерандын мындай кайрылуусунан бир нече саат мурда АКШ президенти Доналд Трамп "Твиттер" аркылуу кайрадан өкмөткө нааразылык билдирип чыккан ирандыктарга колдоо көрсөткөн. "Ылайыктуу учурда силер АКШдан чоң колдоону көрөсүңөр",-деп жазган Трамп.

Трамптын мындай позициясын вице-президент Майк Пенс да кубаттап, ирандыктар "эркиндикке жана демократияга умтулуу" багытында АКШны "табигый өнөктөш" деп билүүгө тийиш экенин айтты.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

"Иранда көчөгө чыккан адамдар президент Доналд Трамптын тушунда жалгыз эмес экенин, Америка эли алар менен бирге экенин билет деген үмүтүм бар. Алар өз көз карашын жактоого дилгирлигин көрсөтүүнү, ошондой эле эркин жана демократиялык келечекке умтулууну уланта берсе, Америка жана дүйнө алар менен бирге болот", - деди Пенс "Америка добушу" радиосуна берген маегинде.

Иранда нааразылык акциялары башталгандан кийин Ак үй кырдаалды талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырган.

"Биз Иран элинин үнүн угузууга жардам бергибиз келет", - деп билдирген 2-январда Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

Америкага кошулуп, Европанын бир катар лидерлери да Ирандагы демонстранттардын өмүрүн алган окуяларды айыптап, Тегеранды тынч митингчилерге өз нааразылыгын эркин билдирүүсүнө уруксат берүүгө үндөшкөн.

Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади ирандык демонстранттарды нааразылык акциясын улантууга чакырды.

Ирандын бозгундагы мураскер ханзаадасы Реза Пахлави 3-январда Вашингтондон "Рейтер" агенттигине маек куруп, ирандыктарды өзүнө гана ишенүүгө үндөдү.

"Иран элине айткым келет, эгер Батыш жардам берем десе, жакшы. Андай кылат деп үмүттөнөм. Бирок ишенип отура бербейли. Биз өзүбүзгө гана ишенишибиз керек. Чет элдиктер бул жолу Иран эли менен гана мамиле түзүү керектигин түшүнөт деп үмүттөнөбүз", - деди Пахлави.

Реза Пехлави.
Реза Пехлави.

28-декабрда Ирандын Мешхед шаарында азык-түлүктүн кымбатташынан улам башталган нааразылык акциялары тез арада өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, аларда "Диктаторго өлүм" деген сыяктуу саясий чакырыктар айтылган.

Дале болсо Тегеран, Казерун, Новшахр сыяктуу шаарлардагы бийликке каршы демонстрацияларды көрсөткөн видеолор интернетке тарап жатат. Бирок азырынча алар качан тартылганы тактала элек.

Шаршембиде күндүз Ирандын бир нече шаарында өкмөттү жактаган миңдеген адамдар жүрүш уюштурушту. Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан жогорку диний жолбашчы Аятолла Али Хаменеи 2-январда демонстрациялар боюнча өлкөнүн "душмандарын" айыптап, бирок кайсы бир мамлекеттин атын так атаган эмес.

Президент Хасан Роухани да митингдердин артында Ирандын душмандары турат деп белгилеп, бирок көчөгө чыккан ирандыктардын айрым талаптары жүйөлүү экенин белгилеген.

Ирандагы толкундоолордо 22 адам өлүп, миңдей киши камалды:
Ирандагы башаламандыкта өлгөндөрдүн саны өсүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Ирандагы соңку нааразылык акциялары акыркы он жыл ичиндеги режимге каршы эң ири саясий жүрүш болуп калды.

2009-жылы да Махмуд Ахмединежаддын экинчи ирет президент болушун шарттаган талаштуу шайлоодон кийин Иранда ири нааразылык акциялары өтүп, анда 30дай адамдын өмүрү кыйылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG