Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Иран: Могерини менен сүрөткө түшкөндөр сындалды


Өткөн дем алыштарда Ирандын президенти Хасан Роуханинин ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеранга барган Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини күтүлбөгөн жерден көңүл чордонунда болуп калды. Учурда жергиликтүү депутаттардын аны менен түшкөн сүрөттөрү Иранда кызуу талкуу жаратып жаткан кези.

Парламенттеги эркек депутаттардын башына жоолук салынган Могерининин жанына туруп жабыла сүрөткө түшүп жатышын айрым саясатчылар, социалдык тармактардын колдонуучулары "кемсинтүүчү" деп аташууда. Атүгүл Твиттер, Фейсбукта ошондой хэштэг да пайда болду.

Мыйзам чыгаруучулардын бири Алиреза Салими кесиптештеринин жүрүм-турумун «Батышка багынуу» катары сыпаттап, парламенттин тиешелүү комитети ал жорукту иликтеши керек дегенге чейин барды.

Бир катар депутаттар болсо Могерини менен селфилерди Иран парламентин сыйлабастык деп баалашат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Еврошаркет Ирандагы адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн атомдук программасына байланыштуу ислам жумуриятына каршы санкцияларды киргизген.

Бул окуя социалдык тармактарда бир топ тамаша комментарийлерге да жем таштады.

- Могерини менен селфи тарткан депутаттардын бири кечирим сурады. Ал эми тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кээ бир чет өлкөлүк депутаттар да аны менен сүрөткө түшкөнүн, бул нормалдуу көрүнүш экенин, бирок маалымат каражаттары Могеринини гана чагылдырып, ошого көңүл бурушканын айтты. Жергиликтүү гезиттер дүйшөмбү күнү селфи окуясын байма-бай жазып, аны оңтойсуз абал деп сүрөттөп жатышты. Эскичилдердин «Кехан» деген гезити Могеринини атомдук келишимди бузган адам деп атады жана алар душман деп атаган кишинин жанынан сүрөткө түшүүгө кезекке турган депутаттарды айыптады, - дейт ирандык журналист Фарин Асеми.

Евробиримдиктин башкы дипломаты менен сүрөткө түшкөндөрдүн бири Ахмад Мазани депутаттарга салтанат учурунда сыйлуу коноктор менен баарлашууга уруксат берилбегенин, андыктан ант берүүдөн кийин Могерини менен сүрөткө түшкөнүн Твиттерге жазды.

Ал эми Иран президентинин кеңешчиси Хесам Ашена бул окуя – саясий эмес, маданий маселе деп, ар бир ошол мыйзам чыгаруучу менен түшүндүрүү ишин жүргүзүү керектигин айтты.

Мурдагы президент Мохамад Хатаминин жардамчысы болсо бардык парламентарийлерге "моралдык баалуулуктарды үйрөткөн сабак өткөрүүнү" сунуш кылды.

Могерини кызматка дайындалгандан бери Евробиримдик менен Тегерандын мамилелери жакшырганын айта кетүү зарыл. Брюсселдин өкүлү Иранга визити тууралуу билдирүү жасап, бирок селфи окуясын сөз кылган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG