Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Иран президентинин иниси коррупцияга аралашкан деп камалды


АКШ Мамлекеттик департаментинин мурдагы катчысы Жон Керри (солдо), Хусейин Ферейдун (ортодо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо) Венадагы маалымат жыйында, 14.07.2015
АКШ Мамлекеттик департаментинин мурдагы катчысы Жон Керри (солдо), Хусейин Ферейдун (ортодо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо) Венадагы маалымат жыйында, 14.07.2015

Иран президенти Хасан Роуханинин иниси Хусеин Ферейдун финансылык кылмыштарга аралашкан деген кине менен камалды. Роуханинин тарапташтары окуяны консервативдүү күчтөрдүн президенттин беделин түшүрүү аракети деп баалашты.

Президент Роуханинин иниси, 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда тарыхый келишимди түзүүгө катышкан, кадыр-барктуу дипломат финансылык көз боёмочулукка аралашкан деген айып менен камакка алынды. Бул тууралуу Иран сотунун өкүлү телеканал аркылуу көрсөтүлгөн маалымат жыйынында элге жарыялады.

«Бул адам боюнча бир катар текшерүүлөр болду. Андан башкалардын иштери дагы иликтенип, айрымдары абакта жатат» деп билдирди соттун өкүлү Мухсени Эжейи. «Кечээ ал күрөөгө коё берилген, бирок анын шарттарын бузгандыктан абакка жиберилди» деп кошумчалады ал. Ошондой эле сот өкүлү Ферейдун кайра “күрөө койсо камактан бошотулушу мүмкүн” экендигин четке каккан жок.

Жекшембиде телеканал аркылуу тараган кабар ирандыктардын ар кандай реакциясын пайда кылды. Парижде жашаган ирандык журналист Реза Алиян президенттин инисинин камалышын “саясий жана коркутуу чарасы” катары көрөт.

Стамбулдагы ирандык серепчи Реза Хакикатнежад: “Соңку айларда президент Роухани Ислам революциясынын сакчыларынын дарегине сын айтып, экономикалык кылмыштарга аралашат деп айыптаган. Аскерий корпус менен президенттин тиреши ачыкка чыгып эле калган”, – деп чечмеледи “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде.

Ал арада Кошмо Штаттар Тегеранды “жасалма кылмыш иштер” боюнча айып тагылган америкалык жана башка чет элдик жарандарды тезинен бошотууга чакырды.

“Иранда мыйзамсыз камакка алынган АКШнын бардык жарандарын тезинен бошотууга чакырабыз, алар үй-бүлөлөрүнө кайтып келиши керек” деген Мамлекеттик департаменттин расмий сөзүн "Ассошиэйтед пресс" агенттиги таратты.

2013-жылы Роухани бийликке келгенде анын башкы жардамчыларынын бири болгон Ферейдунга каршы айыптоолор өткөн президенттик шайлоонун алдында күчөгөн. Иран лидерине каршы консервативдик күчтөр соттук териштирүүнү талап кылышкан.

Бир нече жыл мурун Ферейдун деген фамилиясын өзгөрткөн Роухани экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, май айында шайлоонун биринчи айлампасында жеңип чыккан.

Консерваторлор узактан бери эле Ферейдунду финансылык кылмыштарга жана коррупцияга аралашкан деп айыптап келишкен. Буга чейин белгилүү болгондой, президенттин иниси мамлекеттик камсыздандыруучу компаниянын менеджерлеринин айлык акысын эсепсиз көтөргөн деген чырга кабылган.

Январь айында иран парламентиндеги консервативдүү саясатчылардын тобу Ферейдундун ишин экономикалык кылмыштар боюнча сотто кароону көтөрүшкөн. Мындай сунушка каршы болгондор иштин саясий өңүтү бар деп мүнөздөшкөн.

Ирандын сот системасына таасири күчтүү консерваторлордун көбү Ферейдун көмөктөшкөн 2015-жылкы ядролук келишимдин жетишилгенин жактырышкан эмес. Алардын көз карашы боюнча Иран Батышка көп нерсе берип, өзү арзыбаган нерсеге алымсынып калган.

16-июлдагы маалымат жыйынында АКШнын жана дагы бир өлкөнүн жарандыгы бар киши тыңчылыкка айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылганы дагы кабарланды. Соттун өкүлү өкүм качан чыкканын жана кесилген кишинин аты-жөнүн айткан жок.

“Ал Американын түздөн-түз көрсөтмөсү менен маалымат жыйнап жүргөн жана 10 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмгө каршы ал арызданса болот”, – деди маалымат катчы. Соттолгон киши АКШнын жана Ирандан башка бир өлкөнүн жараны экенин ал бышыктады.

Соңку кезде АКШнын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн жарандыгын алган бир нече ирандык "Тегеранга кас башка өкмөттөр менен" кызматташканы үчүн айыпталып, темир тор артына отургузулган.

Январь айында Тегерандын баш прокурору шаардын абактарында жетимиштей “тыңчылар” жаза өтөп жатышканын айткан.

XS
SM
MD
LG