Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Иран депутаты аялды айбанга теңеди


Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 20-февраль, 2016-жыл.
Реформачылардын шайлоо жыйынына келгендер. Тегеран, 20-февраль, 2016-жыл.

Иранда өткөн жума күнкү шайлоонун жыйынтыктары катаал турумду карманган айрым саясатчыларды капа кылгандай. Алардын бири аялзатын "эшекке" теңеп, аялдарга парламентте орун жок деген сөздөрү үчүн кескин сынга кабылды.

57 жаштагы Надир Газипур өткөн жумада Иран парламентине кайра шайланган депутаттардын бири.

Өзүн аятолла Али Хаменеинин “кызматчысы жана жоокери” деп атап жүргөн Газипур аялдарды парламентке жолотпоо чакырыгын Батыш Азербайжан провинциясында кичи мекени Урмие шаарчасында тарапкерлери менен жолугушуу учурунда жасады:

- Парламент аялдар эмес, эркектердин орду. Биз ар бир түлкүнү,эшекти парламентке жибере берсек, өлкөнү оңой-олтоң көзөмөлдөй албайбыз. Парламент эшектердин орду эмес.

Ирандык аялдар.
Ирандык аялдар.

Газипурдун бул айткандары интернеттеги “YouTube” видео каналы аркылуу тарагандан бери коомчулуктун сынына кабылды, айрымдар аны атүгүл депутаттык мандаттан ажыратууга да үндөп жатышат.

Өкмөттүн аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча мекемесинин өкүлү Захра Нижадбахрам жергиликтүү кабар агенттиктерге берген маегинде осол жана орой сөз айткан саясатчыга депутаттык мандат бербөөгө үндөп, “өлкө калкынын жарымын кордой алам деп ойлогон адам ошого жараша жооп алышы зарыл", - деп белгиледи.

"Революциячыл аялдардын ислам коому" деген уюм дагы Газипурду “чектен чыккан жана уятсыз” сөздөрү үчүн парламенттен кууп чыгууга үндөдү.

Ал эми социалдык медиада мындай чакырыктар Иранда депутаттыкка талапкерлерди иргей турган Сакчылар кеңешинин дарегине багытталууда.

Кызмат мөөнөтү аяктаган парламентте кен жана өнөр жай комиссиясынын мүчөсү катары иштеген Газипур чуу жараткан сөзүнө байланыштуу аны жазып алып тараткандарды айыптады. Ал оюнан кайтпаганын кошумчалап, бирок кичи мекени Урмие шаарчасынан аялдарынан гана кечирим сурап, сөзүндө аларды эске алган жокмун деп ырастады.

26-февралда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына караганда, парламенттен 20дай аял орун алганы турат. Бул Иран үчүн рекорддук көрсөткүч.

Реформачылардын жетишкендиги

Өткөн жума күнкү шайлоонун натыйжасында байистүү саясатчылар тайпасындагы президент Хасан Роухани жана анын реформачыл өнөктөштөрү Эксперттер ассамблеясы - маанилүү мамлекеттик институттагы орундардын басымдуу бөлүгүн ээледи.

Бул конституциялык орган Ирандын Улук лидерин тандоо укугуна.

Жаңы парламентте болсо реформачылар үч негизги саясий күчтүн бирине айланууда:

- Эми саясий жана социалдык атаандаштыктын мезгили бүттү. Баары эми өткөндүн маселелерине эмес, кызматташтыктын жолдорун табууга көңүл бурушу керек,- деди президент Роухани 1-мартта шайлоо жыйынтыгын комментарийлеп.

Реформачылар соңку жылдар жалаң катаал турумду карманган эскичилдер көзөмөлдөп калган парламентке 2004-жылдан бери алгач ирет кайтып келип жатышат.

Талдоочулар шайлоо жыйынтыгы Ирандын бийлик балансын өзгөртпөй турганын, чечүүчү бийлик мурдагыдай эле консервативдүү көз караштагы диний истэблишменттин колунда каларына көңүл бурушууда.

Иран парламенти. 1-март, 2016-жыл.
Иран парламенти. 1-март, 2016-жыл.

Ал эми президент үчүн санкциялардан жабыр тарткан экономикада ачыгыраак саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кеңейчүдөй.

Анткени шайлоо санкциялардын жоюлушуна алып келген жагдай - Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнө державалары менен келишим түзүүсүнө, Батыш менен кандайдыр бир кызматташууга караманча-каршы чыккандардын жеңилүүсүн көргөздү.

Иранда экономикада эркиндик күтүлгөнү менен социалдык жана саясий эркиндикти кеңейтүү жагы сот бийлиги, күч түзүмдөрү жана мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан көзөмөлдөнүп чектелип турат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG