Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Иран Европанын эшигин кайрадан ачты


Иран президенти Хасан Роухани Италиянын президенти Сержио Маттарелло менен жолугушту, Рим, 25-январь, 2016-жыл.
Иран президенти Хасан Роухани Италиянын президенти Сержио Маттарелло менен жолугушту, Рим, 25-январь, 2016-жыл.

Бир канча жылдан бери саясий жана экономикалык блокадага кабылган Иран Ислам Республикасы дүйнө өлкөлөрү менен мамилесин калыбына келтире баштады.

Ирандын президенти Хасан Роухани өзөктүк макулдашуу боюнча санкциялар алынгандан кийин алгачкы жолу Европага сапарын баштады. Иш сапардын алкагында бир канча жылдан бери үзүлүп калган соода-экономикалык кызматташтыкты жөнгө салууну караган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Он жылдан кийинки оңолгон мамиле

Ирандын президенти Хасан Роухани 25-январдан тарта Европага расмий сапарын баштады. Бул Иран жетекчилигинин Европа менен мамилеси бузулган соңку он жылдыктан берки алгачкы расмий сапары. Иранга каршы санкциялар алынып салынган күндүн эртеси Европа менен Азиянын бир катар өлкөлөрү Тегеран менен кызматташтыкты калыбына келтирүү сунуштары менен чыгышкан. Буга байланыштуу Европа өлкөлөрүнөн расмий чакырууну кабыл алган Ирандын президенти Хасан Роухани баштапкы сапарын Италиядан баштады.

Хасан Роухани Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелло жана премьер-министр Маттео Ренци менен жолукту. Бул жолугушуунун алкагында тараптар жалпы көлөмү 17 миллиард еврого барабар экономикалык багыттагы макулдашууларга кол коюшту. Иранга эл аралык санкция киргизилгенге чейин анын Италия менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7 миллиард АКШ долларына чейин жеткен болчу. Эми эки тараптын ишкер чөйрөсү тоо-кен, металлургия жана текстиль тармактары боюнча үзүлүп калган алаканы калыбына келтирүүгө ниеттенишүүдө.

Президент Роуханинин расмий твиттер баракчасы ирандык делегация Римге келип түшкөнүн маалымдады.

Ирандын президенти баштап бараткан 120 адамдан турган расмий делегациянын Италиянын ишкер чөйрөсү менен жолугушуусу дайындалган. Сапардын алдында Ирандын жетекчилиги Европага мунайды 17 долларга чейин арзан сатууга даяр экенин жарыялаган.

Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеранда жолго чыгар алдында Европа сапарынын мааниси тууралуу мына буларга токтолду:

- Биз бул сапардын алкагында кызматташуу тууралуу эки маанилүү документти караганы турабыз. Ал документтер эки өлкө менен тең - Италия, Франция менен кыска жана жакынкы мөөнөттөгү кызматташуунун жол картасы болуп эсептелет.

Андан ары президент Роухани 27-январда Парижге сапар тартып, анын француз президенти Франсуа Олланд менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Иран учактарды дүңүнөн сатып алат

Франциянын маалымат каражаттары дипломаттар арасындагы булактарына таянып, Роухани менен Олланддын жолугушуусу 28- январга белгиленгенин жазып чыгышты. Тегеран менен Париждин ортосунда автомобиль куруу, энергетика, авиация жана темир жол тармактары боюнча бир топ макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө. Президент Хасан Роухани Европа сапарынын алдында Иран европалык Airbus авиакурулуш компаниясынан 127 жүргүнчүлөр учагын сатып аларын жарыялаган болчу. Ирандын маалымат каражаттары президенттин сапарынын алкагында бул тууралуу макулдашууга кол коюла турганын жазып чыгышты. Тегеран ошондой эле америкалык Boeing компаниясынан жүздөн ашуун жаңы учак сатып алуу ниети бар экенин билдирген. Иран муну экономикалык санкциялардан улам өлкөнүн эскирген авиапаркын жаңылоого муктаждыгы менен түшүндүргөн. Ирандын транспорт министри Аббас Ахунди өлкө төрт жүздөн ашуун жаңы учак сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 23-январда Тегеранга келип, Роухани менен 17 макулдашууга кол койгон. Анын ичинде Иранда эки атом электр станциясын куруу жана мунайды узак мөөнөткө сатуу келишимдери бар. Тегерандын дүйнөлүк державалар менен келишкен өзөктүк макулдашуусуна ылайык, быйыл 16-январда Ирандан эл аралык санкциялар алынып салынган.

XS
SM
MD
LG