Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизди


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

Кошмо Штаттар баллистикалык ракетаны сыноо боюнча шартты бузганы үчүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. 16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Тегеран өзөктүк программа боюнча бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Андан соң Евробиримдик жана АКШ Иранга киргизилген экономикалык чектөөлөрдү толук алып салган.

Ошол эле кезде Вашингтондун жаңы санкциялары Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан ирандык компанияларга жана жеке жарандарга киргизилди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги маалымдады. БУУнун бир ай мурда жарыяланган докладында Иран 2015-жылдын октябрь айында тыюу салынганына карабастан өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү орто радиустагы баллистикалык ракетаны учурганы маалымдалган.

Өз кезегинде расмий Тегеран ракета өзөктүк куралга ылайыкташпаганын жана бул Улуттар Уюмунун шарттарын бузбай турганын жүйө келтирген.

Иранга каршы санкциялар алынганын "абдан жакшы күн болду" деп сыпаттаган АКШ президенти Барак Обама бул боюнча жасаган билдирүүсүндө:

- Биз АКШ менен Иран ортосунда терең пикир келишпестиктер бар экенин моюнга алабыз. Биз Ирандын Израилге карата коркутуп-үркүтүүлөрүнө, Сирия менен Йемендеги аракеттерине каршы болуп келебиз. Андыктан Ирандын адам укуктарын бузуп жатканы, террорчулукту колдоп жатканы жана баллистикалык ракеталар боюнча программасы үчүн санкцияларды киргизүүнү уланта беребиз.

16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Тегеран өзөктүк программа боюнча бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Андан соң Евробиримдик жана АКШ Иранга киргизилген экономикалык чектөөлөрдү толук алып салганын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф биргелешкен маалымат жыйынында кабарлашкан.

- Иран бардык милдеттенмелерди аткаргандыктан Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу бардык эл аралык жана улуттук экономикалык, каржы чектөөлөр жоюлат, - деген Могерини Евробиримдик жана ага мүчө өлкөлөр да өз алдынча киргизген санкцияларды алып саларын кошумчалады.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Жекшембиде Ирандын президенти Хасан Роухани өз телекайрылуусунда Иран дүйнө менен алака-мамилесинде жаңы доорду ачып жатканын билдирди:

- Бүгүн ирандыктардын саясий айдыңдагы жеңиш күнү. Ирандыктар конструктивдүү сүйлөшүү жана мамиле эң туура жол экенин далилдешти. Биз дүйнө менен өз элибиздин кызыкчылыгына туура келгидей жана башкаларга зыян келтирбегендей шартта сүйлөшө алабыз. Биз бүгүн өлкөбүздө​ дипломатия деген чоң күчкө ээ экенин көрсөтө алдык.

Өткөн жылы Венада кол коюлган келишимдин шарттары боюнча Иран уран байытуучу центрифугалардын санын кескин кыскартып, урандын корун азайтууга жана Арактагы оор суутек алынчу реакторун толугу менен жоготууга милдеттенме алган. Анын жыйынтыгында жакында эле реактор толугу менен цементтелди. Ар кандай маалыматтар боюнча эми эл аралык банктардагы Иранга тиешелүү 100 млрд. доллар камактан бошотулат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иранга каршы чектөөлөрдүн алынып салынышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Иран бийлиги болсо санкциялар жоюлса чийки мунайдын экспортун эки эсеге көбөйтүп, күнүнө 1,1 миллион баррелге жеткирерин өткөн ноябрда убада кылган.

Эл аралык чектөөлөр жоюлар алдында АКШ менен Иран абактагы жарандарды алмашты. Иран Тегеранда өткөн жылы камалган "Вашингтон пост" гезитинин кабарчысы Жейсон Резаянга кошуп үч адамды бошотту. Ал эми АКШ санкциялардын режимин бузганы үчүн камалган үч адамды жана эки өлкөнүн жарандыгы бар төрт ирандыкты эркиндикке чыгарды.

1990-жылдардан тарта АКШ, Евробиримдик жана Улуттар уюму Иран менен аскердик тармактагы соода-сатык, 2010-жылдан бери Ирандын Борбордук банкы аркылуу бардык операцияларга тыюу салып, Кошмо Штаттардын банктарындагы каражаттарын камакка алган.

Евробиримдик 2010-жылдан тарта Иранга каршы мунай, газ соодасына тыюу салып, жогорку технология, байланыш тармагындагы соода алакаларын, аскердик техника жаатындагы байланыштарды токтотуп салган. Улуттар Уюму курал-жарак жана согуштук жабдыктар жагынан Иран менен соода жүргүзүүгө тыюу салган.

Өткөн жылдын 14-июлунда Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы: Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия Венада тарыхый келишимге жетишкен.

XS
SM
MD
LG