Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

АКШ Иранга чара көрүүнү талап кылды


Белгисиз жерде Имад ракетасын сыноо учуру. Иран, 10-октябрь, 2015-жыл
Белгисиз жерде Имад ракетасын сыноо учуру. Иран, 10-октябрь, 2015-жыл

АКШ өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракетаны сыноо боюнча тыйууну бузганы үчүн Иранга чара көрүүнү БУУнун коопсуздук кеңешинен талап кылды.

Анткени БУУнун санкциялар боюнча комитети Иран быйыл 10-октябрда орто аралыкка атуучу баллистикалык ракетаны сынаганын каттоого алган. Тыйууну бузууга байланышкан бул окуя быйыл июлда Ирандын дүйнөнүн алты ири державасы менен талаштуу өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишкенден кийин болуп отурат. АКШнын Иранга чара көрүү талабын Британия, Франция жана Германия колдоп чыкты.

Өзөктүк курал боюнча санкция бузулганда

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен биргеликте өзөктүү курал алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракетаны сынап, мурда киргизилген эрежени бузгандыгына байланыштуу Иранга каршы тиешелүү чара көрүү талабы менен чыкты. Ал муну менен Иран БУУнун бул багыттагы резолюциясын одоно түрдө бузганын айыптап, бул үчүн анын жазасыз калышы кечиримсиз экенин эскертти. Анын бул талабы 15-декабрда БУУнун коопсуздук кеңешинин санкциялар боюнча комитетинде каралды. Саманта Пауэр кеңештин мүчөлөрүн санкцияларды бузганы боюнча далилдер болгонуна карабастан Иранга каршы чара көрбөгөнүн сындап чыкты:

- Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши резолюциянын талаптары бузулган мына ушундай жагдайда Иранга карата өз учурунда жана батыл чара көрүүнүн ордуна кырдаалды жөн гана жайгаруу менен алек болуп алды. Тегеран менен анын өзөктүк программасы боюнча келишимге келгенден кийин ушундай одоно эреже бузууга жол берилип жатканы андан санкциянын шарттарын так аткаруусун талап кылып, кылдат көзөмөл жүргүзүүгө түртөт.

Келишимдин келечеги үзгүлтүккө учуроонун алдындабы?

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Иран 10-октябрда орто алыстыкка атылуучу баллистикалык ракетасын койо берип, сынагандан сырткары санкциянын шарттарын бузган башка учурларга да жол бергенин кошумчалады. Алардын бири катары Ирандан сыртка чыгууга тыйуу салынган Аль-Кудс атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командири Касем Сулейманиге Москвага келүүгө уруксат берилген жагдайды мисал келтирди. Андан тышкары атайын эмбарго салынганына карабастан Иранга тыйуу салынган курал-жарак жөнөтүлүп, бирок ал Омандын жээгинен быйыл сентябрда колго түшкөнү айтылды. Мындан сырткары АКШ Иран жакында өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү экинчи бир ракетаны койо бериши мүмкүн экендиги боюнча маалыматты тез арада иликтөөгө чакырды.

Өз кезегинде расмий Тегеран койо берилген ракета өзөктүк куралды алып жүрүүгө ылайыкташпаганын жана бул БУУнун санкциясынын шарттарын бузбай турганын жүйө келтирген. Бирок БУУнун санкциялар боюнча комитети октябрда учурулган ракета өзөктүк куралды алып учууга ылайыкташканын таап чыккан. Баяндамада ал ракетанын бир тонна жүктү көтөрүп,1000 чакырым узактыкка уча алары көрсөтүлгөн. Мындай кубатуулуктагы ракета өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү деп табылган. Мына ошондуктан БУУнун коопсуздук кеңешине Иранга карата чара көрүү талабы коюлду. Бирок дипломаттар бул талапты кеңештин эки мүчөсү Орусия менен Кытай колдобой коюшу мүмкүн экенин айтышууда. Ирандын тыйууну бузганына байланыштуу ага жаңы санкцияларды киргизүүнү АКШнын президенти Барак Обама колдой турганын Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест билдирген болчу. Иран менен келишимди колдобой келген Республикачылар бул маселени Конгрессте талкуулоо демилгесин көтөрүүдө.

XS
SM
MD
LG