Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Иран парламенти өзөктүк программа боюнча келишимди колдоду


Иран парламенти.
Иран парламенти.

Иран парламенти өкмөткө өзөктүк программа боюнча дүйнөнүн алты ири державасы менен түзүлгөн келишимди аткарууга уруксат бергенин бүгүн расмий ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Бирок келишимди колдоо менен бирге ирандык парламентчилер өз чечиминде эл аралык инспекторлор өлкөнүн аскерий жайларына чектөө менен киргизилүүсү керектигин да белгилешти.

Быйыл июлда жетишилген келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын токтотуп, ага каршы киргизилген санкциялар кезек-кезеги менен жоюлушу керек.

Бүгүнкү добуш берүүдө келишимди Иран парламентинин 161 депутаты колдоду, 59су каршы болду, 13 депутат калыс калды.

Ирандагы эрежеге ылайык мыйзам күчүнө кириши үчүн аны динаятчылардан турган көзөмөл кеңеш бекитиши керек. (UE)

XS
SM
MD
LG