Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Ирандан санкциялардын алынышы Казакстанга кедергисин тийгизеби?


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Ирандын президенти Хасан Роухани
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Ирандын президенти Хасан Роухани

Ирандан эл аралык санкциялардын толук алынышы Казакстандын дүйнөлүк мунай базарындагы турумун кыйла солгундатып коюшу ыктымал деп эсептешет эксперттер.

Бир нече жылдан бери тыкыр чектөөгө кептелген Ирандын дүйнөлүк банктарда камакта жаткан активдери бошотулуп, Тегеран өз мунайын эркин экспорттоого мүмкүнчүлүк алды.

Эми Иран бийлиги күнүнө 500 миң баррель нефть өндүрө ала тургандыгын баса белгилөөдө. Санкциялардын алынышы ансыз да арзандап кеткен мунайдын дүйнөлүк баасын дагы төмөндөттү. Өткөн дүйшөмбүдө Лондондогу биржада брент маркасындагы мунайдын бир баррели 27,72 долларды түздү.

Казакстандык экономист Сергей Смирновдун айтышынча, Ирандан бардык санкциялардын алынышы Казакстандын дүйнөлүк базардагы соодасына кыйла кедергисин тийгизиши ыктымал. Эл аралык базарда казак мунайы башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кымбатыраак турат.

- Араб мунайы 10 доллардан арзан турат. Ирандыкы да ошондой эле. Расмий маалыматтарга ылайык, деңизде өндүрүлгөн казак мунайынын баасы 20 доллар, өзөн мунайы 70-80 доллар, ал эми Кашаган мунайы 100 доллар турат , - деген Смирнов Иран менен Сауд Арабия Европага экспорттой турган мунайдын көлөмүн көбөйтүүнү болжоп жатышканын кошумчалады.

Эгер Иран санкция маалында жоготкон мүмкүнчүлүгүн тез арада калыбына келтирүүнү көздөп жатса, Сауд Арабия жаңы кардарларды - Польша менен Швецияны тапты. Эксперт бул жагдай Казакстандын абалын эл аралык базарда кыйла солгундатарына токтолот.

- Орусия мурдараак мунайдын баасы баррелине 15 долларга чейин түшүп кетсе да даяр экенин билдирген. Казакстан мындай баага макул боло албайт. Эгер мунайдын баасы дагы төмөндөй берсе, менин оюмча экспорттун көлөмү кыскарат. Казакстан 10-15 долларга мунайды сатпайт. Мына ушунун жыйынтыгында бюджет кыскарат жана башка кесепттери болот.

2015-жылдын күз айларында өткөн Казакстан-Иран өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жарым жылда эки өлкө ортосудагы товар алмашуу 360 млн. долларды түзгөнүн, бул сан 2014-жылга салыштырмалуу 37 пайызга аз экени айтылган. Айрым байкоочулардын баамында, Ирандан санкциялардын алынышы эки мамлекет ортосундагы бир катар багыттардагы алака-катышка таасирин тийгизиши ыктымал.

Казакстан менен Иран ортосундагы жүк ташуу менен алектенген компаниянын өкүлүнүн айтымында, чектөөлөр алынган соң төлөө системасы жеңилдетилет.

- Чындыгында бул бизге көп деле таасирин тийгизбейт. Төлөмдөрдүн системасы жеңил болуп калат. Эми биз ирандык жүк ташуучуларга акчаны ачык эле которуп калабыз, алар да оңой кабыл алып калышат. Мурда дал ушул процесс бир топ көйгөйдү жаратчу эле - деди “Азаттыкка” компаниянын өз атын атагысы келбеген кызматкери.

Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин алдындагы Заманбап иликтөөлөр институтунун директору Мухит-Ардагер Сыдыкназаров эки өлкө ортосундагы алака-катыш, өзгөчө соодак- сатык багытындагы мамилелер жаңыланарын эскертет:

- 2014-жылы ишке берилген Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун өнүгүшү аркылуу Иран менен товар алмашуунун көлөмү өсөт деген үмүттөр бар. Бул темир жол негизинен казак буудайын экспорттоого багытталган.

Түркмөнстан, Казакстан жана Иран ортосундага жаңы темир жол 2014-жылдын 3-декабрында ачылган.
Түркмөнстан, Казакстан жана Иран ортосундага жаңы темир жол 2014-жылдын 3-декабрында ачылган.

Ушул тапта Казакстан Иранга негизинен буудай, мунай азыктарын жана түстүү металлдарды экспорттойт. Ал эми Ирандан казактар жер-жемиш, курулуш материалдарын алат. Мурдагы дипломат Казбек Бейсебаев Казакстандын Иранга сунуштай турган нерсеси аз болсо да эки өлкөнүн алака-катышы товардын импорту менен эле чектелбеши керек деп белгилейт.

- Азыр бардык санкциялар алынды. Иранда эми бизнес жасоого толук шарттар бар үчүн Батыш Европанын өкүлдөрү жайнап жүрүшөт. Биздикилер да ошого умтулушу керек. Иран менен биздин эч кандай саясий, экономикалык талаш тартышыбыз жок. Болгону байланышыты мындан ары өнүктүрүш керек.

2015-жылдын 15-июлунда Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосундагы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, тарыхый келишимге кол коюлган.

Вена келишимине ылайык, Иран Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин байкоочуларын өлкөгө киргизип, ал эми Батыш мамлекеттери Ирандан акырындык менен санкцияларды жоюуга милдеттенме алышкан. 16-январда МАГАТЭ Иран келишимдеги шарттарды толук аткарганын жарыялаган соң Батыш өлкөлөрү Иранга каршы санкциялар алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG