Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Иранда АКШдан кайтып келген окумуштуу дарга асылды


Шахран Амири
Шахран Амири

Иран бийлиги АКШга 2009-жылы кетип, бир жылдан соң кайтып келген физик, өзөктүк курал боюнча окумуштуу Шахрам Амирини дарга асты. Бул тууралуу маркумдун үй-бүлөсү ВВСге билдирген. Окумуштуунун мойнунда жиптин изи бар жансыз денесин уулуна беришкен.

Шахран Амири 2009-жылы Меккеге зыяратка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бир жылдан кийин АКШда экени аныкталган. Окумуштуу аны америкалык атайын кызмат адамдары уурдап кеткенин жана өзөктүк программа боюнча маалыматтарды талап кылышканын айткан. Бирок тыңчылар аны америкалыктар менен өз ыктыяры менен иштегенин белгилешкен.

Бир жылдан соң мекенине кайткан окумуштууну баатыр катары тосуп алышкан. 2011-жылы мамлекеттин кызыкчылыгын саткан деген айып менен камалган. Былтыр окумуштуу уулуна жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын, коопсуздугу коркунучта экенин билдирген.

Серепчилердин эсебинде, былтыр эле Иранда миңден ашуун адам дарга асылды. Арасында көбү – жаштар. Европа биримдиги адам укуктарын сактоо талабы менен Иранга киргизилген санкцияларды быйыл апрелде узарткан.

XS
SM
MD
LG