Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

КСДП талапкер тандады, Иранда Роухани жеңди


Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер Сооронбай Жээнбеков.
Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер Сооронбай Жээнбеков.

КСДП партиясы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке көрсөттү. Иранда Хасан Роухани президенттикке кайра шайланды. АКШда Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышы болгон-болбогонун иликтөө үчүн атайын прокурор дайындалды.

17-майда Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши премьер-министр Сооронбай Жээнбековду күзүндө өтчү президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөттү. Буга чейин башкаруучу партиядан талапкерликке бир катар таасирдүү адамдардын аты аталганы менен шаршембинин кечине чейин талапкердин ким экени сыр бойдон турган.

Башкаруучу партия талапкерин аттантты

Шайлоо жараянына көз салган эксперттер Сооронбай Жээнбеков партиянын ичинде каралган бир нече адамдын арасынан иргелгенин белгилешет.

Саясий аналитик Арслан Сыдыков “Бул адамдын талапкерлигин тандоодо бийлик партиясынын талапкери үчүн ким негизги атаандаш боло турганы да изилденген. “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов негизги атаандаш болушу мүмкүн деп табылган. Мына ошондуктан бул жерде аймактык фактор дагы эске алынды”, – деген пикирде.

Сооронбай Жээнбеков (ортодо) Чоң-Алайга сапары учурунда. 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков (ортодо) Чоң-Алайга сапары учурунда. 2017-жыл

“Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева президенттик партия талапкер тандоодо орусиялык ыкманы колдонуудан башка жол тапкан жок деп санайт. “Ошондуктан чыныгы техникалык талапкер тандалып алынды. Аны тандоодо “түштүк” фактору биринчи ролду ойнободу, Жээнбековдун техникалык талапкер экенине маани берилди” деп белгилейт саясий аналитик.

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев Жээнбековдун башкаруучу партиядан жалгыз талапкер болуп аттанышын Атамбаевдин саясатта 20 жылга чукул чогуу жүргөн эң ишенимдүү адамы экени менен мүнөздөйт,

- Азыркы президенттин жакшы тааныган партиялашы, үзөңгүлөшү, досу десем жаңылбайм. Тажрыйбасы бар, бир топ кызматтарда иштеди. Айыл чарба тармагында иштеди, депутат, министр болду. Эмгек тажрыйбасы боюнча бир топ жолду баскан. Эми кандай президент болушу мүмкүн экенин айта албайм.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева Жээнбеков “коррупциядан алыс, таза жетекчи экенине” артыкчылык бергенин айтат.

Оппозиция Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөн соң өкмөт башчы кызматтан токтоосуз кетсин деген маселени көтөрдү. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин милдетин аткарган депутат Алмамбет Шыкмаматов «Премьер-министрлик кызматынан пайдаланып, шайлоого камылга көрүшү мүмкүн. Шайлоого жөнөкөй жаран катары катышсын» деген талабын жергиликтүү радиого берген маегинде айтты.

59 жаштагы Сооронбай Жээнбеков кесиби боюнча зооинженер, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган, чарбалык жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, айыл чарба министри, Ош облусунyн губернатору болуп беш жылдан ашуун эмгектенген. Бир жылдан бери кыргыз өкмөтүн жетектейт.

Президенттик шайлоону 15-октябрга белгилөө жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү.

Кыргызстан кызыккан Чехиянын инвестициясы

Жүзгө чукул кыргызстандык ишкерлер Чехияны кыдырып, курулуш-инфраструктура, айыл чарба, тамак-аш, энергетика тармагы менен таанышты.

15-майда Прага шаарында кыргыз-чех бизнес форуму ачылып, ага эки өлкөнүн 150гө жакын компания жетекчилери катышты.

Чехиянын Экспорт банкына биринчи жолу кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга жол ачылды. Банк өткөн жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен келишимге кол коюп, кыргызстандык ишкерлерге бул фонд аркылуу насыя берет. 4% насыя эки жылдан 10 жылга чейин берилет.

Банктын жетекчиси Карел Буреш “Экспорт банк долбоордун 85% каржылайт, калган 15% долбоорду демилгелеген тарап табышы керек. Биз дайыма ушул 85/15 деген катышты карманабыз» деп, насыя алуу үчүн “Чехиядан Кыргызстанга керектүү технология, жабдуулар, аспаптар, же тейлөө кызматын экспорттой алчу компания табуу керек. Ошондо биз Кыргызстанда ошол товарларды, же кызматты импорттой турган компания, же ишкананы да каржылайбыз» деп түшүндүрдү.

Прагадагы форумдун уюштуруучуларынын бири, Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев Кыргызстан менен кызматташууда чех бизнеси үчүн дагы кеңири базар ачыларын белгилейт. Евробиримдик Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин чехтердин Орусияда ишмердүүлүк жүргүзгөн компанияларынын 90 пайызы ишин токтотууга аргасыз болгон.

- Биз Кыргызстан Бажы коомуна киргенден кийин өзүбүздү ошонун ичиндеги бир ортомчу катары сата алсак болот. Мен дагы Чехиядагы ардактуу консул катары Чехиянын Соода министрлигине ушул маселени эки жылдан бери айтып келип, акыры ынандырдым. Себеби, Кыргызстанга келип, кандайдыр бир өнөр жай ачсаңар, анда силерге ЕККУнун базары ачылат деп айтып жатам.

Үч күндүк форумдун алкагында кыргызстандык ишкерлер чакан ГЭСтерди, энергиянын кайра калыбына келчү булактарын өндүрүүчү жабдыктарды чыгарган ишканаларды, “Шкода” автомобиль заводун, фермаларды, сүт азыктарын чыгарган, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды кыдырышты.

Форумда Кыргызстан үчүн чехтердин курорттук жайларды иштетүү тажрыйбасын өздөштүрүү, медицина тармагына кызыгуу чоң болду.

Чехия: ишкерлер суктанган уй ферма
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00

Иранда Роухани кайра шайланды

Жума күнү өткөн шайлоодо учурдагы президент Хасан Роухани 57% добуш алып, экинчи мөөнөткө шайланды. Анын атаандашы, мурдагы баш прокурор Эбрахим Раиси 38% ашуун добушка ээ болду.

68 жаштагы Хасан Роухани 20-майда улуттук телеканалда сүйлөгөндө “Ирандыктар экстремизди четке кагып, кызматташуунун жолун тандады. Иран эли бүткүл дүйнө менен тынчтыкта жана достукта жашагысы келет” деп айтты.

Иран бийликтери шайлоого катышууга укуктуу 55 миллион калктын 41 миллиону өз тандоосун жасанын билдирет. Шайлоочулардын активдүүлүгү 73% түзүп, добуш берүүгө кезекке тургандарды тейлөө үчүн шайлоо бекеттери түн ортосуна чейин ачык турду.

Хасан Роухани добуш берүүдө. 19-май
Хасан Роухани добуш берүүдө. 19-май

Шайлоодо башкы атаандаш болгон мурдагы прокурор 56 жаштагы Эбрахим Раиси Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш менен жетишилген келишимди туура эмес деп, "Роухани Ирандын экономикасын өнүктүрө алган жок, өлкө өзүн өзү камсыздай албай калды" деп сындап келет.

2013-жылы Роухани президенттик кзыматка киришкенден эки жылдан кийин Тегеран Батыш менен ядролук программа боюнча тарыхый келишимге жетишип, экономикалык изоляциядан чыгууга жол ачылган.

Ага карабастан элдин жашоосу оңолбой, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы санкциялар заманынан жакшырганы менен күткөндөгүдөй илгерилөө болгон жок. Өткөн төрт жылда Иранда инфляция 40 пайыздан 9,5 пайызга азайган.

Жума күнү өткөн шайлоо реформачыл жана консервативдик күчтөрдүн таймашы болду. Иранда эки башкы талапкерди “ак селдечен” менен “кара селдечендин” таймашы катары тамаша чалгандар да болду. Роухани дипломдуу диниятчы болгондуктан ак селде, Раиси Мухаммед пайгамбардын тукуму деген салттуу агымга киргендиктен кара селде оронот. Эки лагерь тең шайлоонун биринчи айлампасында жеңүү үчүн болгон күчүн үрөдү.

Иран ислам республикасында президент жогорку шайланма кызматты аркалайт жана аткаруу бийлигинин башчысы.

Роуханинин саясий лексиконун анализдегенде сабырдуулук, токтоолук деген сөз басымдуулук кылат. Ал шайлоо өнөктүгүндө реформачыл саясатчы, 1997-2005-жылы Иранды жетектеген Мохаммад Хатаминин жардамына таянды.

Ирандын маалымат каражаттарына чыгууга тыюу салынган Хатами «Көйгөйлөргө, кыйынчылыкка жана учурдагы түйшүккө карабастан Роуханинин башкаруусу абдан ийгиликтүү болду. Ага добуш берсек, сөз эркиндигине, мыйзамдуулукка, диалогго, жарандардын укуктарынын корголушуна, социалдык акыйкаттыкка добуш беребиз» деп үгүттөгөн.

Хасан Роухани жогорку билимдүү диниятчы, аалым, юрист. Шотландияда докторлук диссертациясын жактаган. Араб, англис, француз, немис жана орус тилдерин билет.

Иран Жакынкы Чыгыштын саясий картасында эң башкы оюнчулардын бири. Тегеран ядролук программасын өркүндөтүү үстүндө ишти улантууда. Ирандын Орусия менен бирге Сириянын президенти Асаддын бийлигин колдогону бир жагынан кооптондурса, экинчи жагынан Тегерандын аймактагы талылуу маселелерди чечүүгө күчү жетерин көрсөтөт.

Ислам республикасынын жогорку руханий лидери президенттин ишмердүүлүгүн да көзөмөлдөйт. Президент өлкөдө таасирдүү болгону менен иш жүзүндө руханий лидер менен талаш-тартышка барбайт. Руханий лидер менен тирешүү же каяша айтуу иран коомунда исламдын эрежелерине каршы чыгуу катары бааланат.

Иранда шайлоодо Хасан Роухани жеңди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

АКШ: президент, медиа, импичмент

АКШда президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөө үчүн атайын прокурор дайындалды. Эми ФБРдин мурдагы директору Роберт Мюллер талаштуу иликтөөнү эч кимден көз карандысыз жүргүзөт.

Президент Дональд Трамп бейшемби күнү Твиттердеги баракчасына атайын прокурор дайындалганына байланыштуу "АКШ тарыхында саясатчыга карата эң катуу куугунтукка кириптер болуп” жатканын жазды.

ФБРдин экс-башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.
ФБРдин экс-башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.

16-майда америкалык медиада президент Дональд Трамп коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланышын иликтөөнү токтотууну ФБРдин мурдагы башчысы Жейс Комиден суранганы тууралуу маалыматтардын чыкканы буга түрткү болду.

Юстиция министрлигинин талаштуу ишти иликтөө үчүн атайын прокурор дайындоо чечимин Конгресстеги эки партия тең кубаттады.

АКШнын юстиция министринин орун басары Род Розенштейн атайын прокурорду дайындоону "кылмыш жасалды жана соттук териштирүү кепилденет" деген ишенимден улам эмес, "Америка коомчулугу иликтөөнүн жыйынтыгына толук ишенүүсү үчүн" деп түшүндүрдү.

АКШда мыйзам боюнча атайын прокурор эч бир тараптан көз карандысыз болуп саналат. Ал иликтөөнү өзү тандаган команданын жардамы менен жүргүзүүгө, ошондой эле Юстиция министрлиги, Ак үй менен кеңешпей коюуга укуктуу.

Мындан сырткары атайын прокурор иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлүгү аныкталган адамды сот жообуна да тарта алат.

9-майда күтүүсүздөн кызматтан алынган ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми Сенаттын Чалгын комитетинде майдын аягында ачык угууда көрсөтмө берүүгө макул болду. Комитет жетекчиси Ричард Берр президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөөнүн жүрүшү жана медиага чыгып жаткан айыңдар тууралуу маалыматтарды угуу үчүн Коми чакырылганын айтты.

Медиага чыккан кабарларга караганда ФБРдин башчысы февралда, Флинн кызматтан четтетилгендин эртеси күнү Ак үйдө президент менен түштөнгөн. Трамп Коми менен көзмө көз калганда Флинндин ишин иликтөөнү токтотуу тууралуу айтканын америкалык таасирдүү медиа каражаттары жазып чыкты.

Ак үй болсо маалымат чыгары менен Трамп Комиден иликтөөнү токтотууну суранганын жокко чыгарды. “Президент эч качан Комиден же башка бирөөнөн эч бир иликтөөнү токтотууну суранган эмес” деп билдирген.

Трамп болсо Твиттерге “Жеймс Коми прессага билгизбей маалымат бергенден көрө биздин сөзүбүздүн эч кандай жазуусу жоктугуна ишенсин!” деп жазды.

Трамп Ак үйдө Орусиянын тышкы иштер министри Лавров жана элчиси Кисляк менен жолукканда “мээсинен айныган” ФБРдин башчысы Комини иштен айдагандан кийин “орустардын изин иликтөөнүн жүгү” жеңилдей түшкөнүн айтып кубанганын аты-жөнү айтылбаган булактар журналисттерге жеткирген.

Орустардын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси болсо Трамп менен жолугушууда ФБРдин башчысынын иштен кеткени жөнүндө сөз болбогонун айтып, “биз ал темага деги эле кайрылган жокпуз” деди.

Юристтер президенттин мындай иштери непадам далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз берерин, андан ары импичментке жол ачарын белгилешет.

Жыл башында ФБР Флинн Орусиянын шантажына дуушар болгон деп шектенип, иликтөө баштаган.

Маалымат каражаттарында чыккан чуулгандуу кабарлардан кийин Конгресстеги демократтар улуттук коопсуздук коркунучта деп коңгуроо кага башташты.

“Тарых бизди карап турат” деген Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер “ушул тапта өлкө мурда-кийин болуп көрбөгөн сыноодон өтүп жатканын” айтса, Коргонуу комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн Ак үйдөгү кырдаалды “Уотергейттин масштабындай” деп бир кезде импичмент менен президенттик кызматтан кеткен Никсондун тарыхын эске салды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG