Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Майкл Флинн Орусиядан акча алганын маалымдаган эмес


Флинн RT каналынын мааракесинде.
Флинн RT каналынын мааракесинде.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн орусиялык телеканалдан жана ишканадан акча алганы тууралуу өзүнүн каржылык маалыматтарында билдирген эмес. Бул тууралуу Ак үй жарыялаган жаңы документтерде айтылган.

1-апрелде жарыяланган документтерде Майкл Флинндин орусиялык уюмдарда, мамлекеттик RT телеканалында жана "Волга-Днепр" аба компаниясында сүйлөгөн сөздөрү саналган. Бирок, Флиннге сүйлөгөн сөзү үчүн канча акча төлөнгөнү тууралуу айтылбаганы менен, алар "жылына 5 миң доллардан ашпаган кенемте булактары" категориясына киргизилген. Бул документтерге Флинн өзү кол койгон.

RT телеканалынан алынган акчалар кыйыр түрдө маалым болгон. Конгресстин өкүлдөр палатасынын мүчөсү Илия Каммингс 16-мартта Флиннге АКШдагы президенттик шайлоого чейин орусиялык ишканалар тарабынан 67 миң доллардан ашуун акча төлөнүп берилгенин жарыялаган. Мунун ичинен 33 750 доллар мамлекеттик телеканалдан берилген. Каммингс Флинндин телеканалдан акча алуусу отставкадагы генералдардын чет өлкөлөрдөн белек алуусуна тыюу салган Баш мыйзамга каршы келет деп бекемдейт.

Майкл Флинн 13-февралда президент Трамп тарабынан кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG