Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Хаменеи: Иран АКШ менен кызматташпайт


Хаменеи.
Хаменеи.

Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи Тегеран башкы душманы деп эсептеген АКШ жана Улуу Британия менен аймактык маселелер боюнча кызматташпасын билдирди.

3-июнда мамлекеттик телеканалда Хаменеи 2015-жылы Ирандын ядролук программасын токтотуу боюнча дүйнөлүк державалар менен жетишилген макулдашууга Вашингтон кайдыгер карап жатканы үчүн айыптады.

“Алар өз милдеттемелеринен качыш үчүн адам укуктары, терроризм дегендерге жамынууда”, деди Хаменеи.

Январь айындагы өзөктүк программа боюнча мунасага ылайык, Ирандан экономикалык санкциялар алынган. Андан кийин өлкөнүн батыш менен соода алакасы кайра калыбына келтирилген.

Ага карабастан, АКШ Иранды терроризм жана адам укуктарын бузууга айыптап, айрым санкцияларын албай келатат. Буга ылайык, АКШ банктары аталган өлкө менен кызматташа албайт.

XS
SM
MD
LG