Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ирандын тышкы иштер министри Саудияны айыптады


7-июндагы кол салуудан мерт болгондорду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Тегеран, 9-июнь, 2017-жыл.
7-июндагы кол салуудан мерт болгондорду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Тегеран, 9-июнь, 2017-жыл.

Мухаммад Жавад Зариф Сауд Аравияны Ирандын батышы менен чыгышындагы террордук топторду “активдүү” колдоп жатканы үчүн айыптады.

13-июнда Ослодогу конференцияда сүйлөгөн кезинде Зариф Тегеранда Сауд Аравия Ирандын түштүк-чыгышында, Ооганстан жана Пакистан менен чектеш Систан-Балучистан провинциясында террористтик топторду колдоого активдүү тартылганы боюнча чалгын маалыматтары бар.

“Батыш тарапта да мына ушундай эле иш жасалууда”,- деди Зариф.

Систан-Балучистан - Ирандын суниттер көбүрөөк жашаган провинциясы.

Тышкы иштер министри Зарифтин Саудияны азыркы айыптоосу быйыл 7-июнда Тегерандан эки жеринде кол салуу жасалгандан кийинки учурга туш келди.

Парламент имаратындагы жана аятолла Хомейнинин күмбөзүндөгү кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

Иран бийликтери исламчыл согушкерлерди, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобун Сауд Аравия каржылайт деп санашат.

Ирандын аймактык атаандашы Сауд Аравия өз тарабынан анын Тегерандагы кол салууга катышы бар деген айыптоолорду четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG