Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Өзбекстанда хижабчандарды текшерүү күчөдү


Ташкент эл аралык аэропортунун жаңы терминалы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ташкент эл аралык аэропортунун жаңы терминалы. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын аэропортторунда хижаб кийген кыз-келиндерди текшерүү күч алды. Аэропорт кызматкерлери мындай көзөмөл кандай буйруктун негизинде жүргүзүлүп жатканын айта алышкан жок.

Бул арада президенттик администрацияда аялдардын хижаб кийүүсүнө, эркектердин сакал коюусуна каршы атайын өнөктүк башталганы жөнүндө жашыруун токтом кабыл алынганы маалым болду.

"Кошумча сүрөткө тартып алышты"

Түркиянын Стамбул шаарынан 24-октябрь күнү Ташкентке учуп келген маектешибиздин маалыматы боюнча, аэропортто хижаб кийген кыз-келиндерди башкаларга караганда кылдат текшерип жатат. Анын сөзүнө караганда, паспорт текшерүү кызматкерлери хижаб кийген келинден жоолугун чечүүнү талап кылган. Муну кызматкер келинди сүрөткө тартуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн деп маалымдады "Озодлик" радиосунун кабарчысы:

- Кезек биздин маектешибизге жеткенде кызматкер аны да жоолугун чечүүсүн талап кылган, эмне үчүн деген суроого "чачыңызды көрүшүбүз керек" деген жооп болгон. Андан кийин маектешибизди капталынан жана бет маңдайынан бир нече жолу сүрөткө тартып алышкан. Бул эмне себептен жасалып жатканын сураганда, хижабчан кыз-келиндерди сүрөткө тартуу тууралуу буйрук бар экенин айтышкан. Маектешибиздин айтымында, минтип кошумча сүрөткө тартып өткөрүү хижабчан кыз-келиндерге гана жүргүзүлгөн. Башкалар көзөмөл бекеттен жөн эле өтүшкөн.

"Озодликтин" кабарчысы бул маалыматты тактоо үчүн Ташкент, Бухара, Анжиян, Фергана жана Үргөнч шаарларындагы эл аралык аэропорттор менен байланышкан.

Ташкенттеги эл аралык аэропорттун кызматкери хижабчан кыз-келиндер кылдат текшерүүдөн өткөрүлүп жатканын ырастап, бирок мунун себебин Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы гана айта алышы ыктымалдыгын билдирген.

Бухара шаарындагы эл аралык аэропорттун кызматкери да, жоолук оронгон жүргүнчүлөр тыкыр текшерилип жатканын тастыктады. Анын айтуусунда, мындай текшерүү жакындан тарта эле башталган. Бир нече күн мурун Бухарадан Ташкентке сапар алган кара хижабчан келиндер текшерилген деди кызматкер.

Аталган аэропорттордун жетекчиликтери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Хижабчан келиндер. Архив.
Хижабчан келиндер. Архив.

"Хижабчандарды басынтуубу?"

Бир нече күн мурун Ташкент аэропортунда хижаб кийген жаш кызды жоолугун алып, сүрөткө тартып алышкан. Окуяга күбө болгон кыздын атасы бул көрүнүштү хижабчан аялзатын басмырлоо максатында жасалып жаткан аракет деп баалады:

- Менин кызымдын биометрикалык паспорту бар. Анда анын жылаңбаш түшкөн сүрөтү жана башка бардык биометрикалык маалыматтары турат. Дагы жоолугун чечтирип алып, текшерүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Бул атайын, хижабчан аялдарды башкалардын алдында басынтуу максатында жасалып жатабы? Аэропорт кызматкерлери сылык мамиле кылышты, бирок менин кызым ал жактан ыйлап чыкты.

Маектешибиз да, аэропорттун кызматкерлери да мындай текшерүү өзбек жарандарына гана жүргүзүлүп жатканын ырасташты. Алардын маалыматы боюнча, түрк, араб же башка өлкөнүн жараны болгон хижабчан кыз-келиндерди антип текшерүү болгон эмес.

Жакында эле "Озодлик" радиосуна президенттин өкмөткө жиберилген жашыруун токтому келип түштү. Анда аялдарга хижаб кийүүгө, эркектерге сакал коюуга каршы атайын өнөктүк башталганы жөнүндө сөз болгон.

Бул токтомдун негизинде жалпы өлкө боюнча, хижаб кийген жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыз-келиндердин тизмеси түзүлүүдө. Тизмедеги аялдар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөрүн аткаруу бийлигиндеги ишенимдүү булактар кабарлаган.

Өткөн айда Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев бир жыйында хижаб кийген аялдар менен сакал койгон эркектердин дарегине катуу сын айтканы үчүн парламентте кечирим сураган. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Энелер күнүнө карата уюштурулган чоң жыйында, аялдар жоолукту мойнунун артына өткөрүп салынышы өзбек элинин кылымдардан берки салтына туура келерин жарыялап, ушундай кийинген аялдардын бирин элдин көзүнчө мактаган.

Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлиги учурунда Өзбекстанда кыз-келиндерге жоолукту чүмкөнүп салынууга уруксат берилчү эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG