Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Өзбек Сенатында аким кечирим сурады


Шухрат Ганиев кечирим сурап жаткан учуру. Ташкент. 30-сентябрь, 2019-жыл.
Шухрат Ганиев кечирим сурап жаткан учуру. Ташкент. 30-сентябрь, 2019-жыл.

Өзбекстандын Фергана облусунун акими сакалчан эркектерге жана хижабчан аялдарга орой сүйлөгөн видеосу Интернетке тараган. Көп өтпөй аким бул сөзү үчүн Сенатта кечирим сурады.

Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев аймактагы райондордун бириндеги жыйында сүйлөп жатып, сакалчандарга жана жоолукчандарга сын таккан сөзү видеотасмага алынып, Интернетке тараган. Тасмада аким алардын кийиниши улуттук салтка туура келбейт деп айткан:

Эч нерсесине карабай, жоолугун жулуп алып, силердин оозуңарга тыгам

- 386 киши сакал койгон акмактар. Сакалды коюп алып, аны таза кармабагандар Кокондо, Ферганада жана Маргалаңда. Булардан тышкары 851 аял жоолук оронот. Бул кийимдер биздин маданиятка туура келбейт. Акимдер, угуп койгула: эгер дагы бир жолу жыйынга барып, ага жоолук оронгон аял катышып отурганын көрсөм, анын ким экенине карабайм, мугалимби, ишкерби, депутатпы - эч нерсесине карабай, жоолугун жулуп алып, силердин оозуңарга тыгам.

Шухрат Ганиев ошол эле жыйында сакалчандар менен жоолукчандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү сакалдарын алып, жоолуктарын артына байлашканын айткан.

Бул тасма Интернетке жайылып кеткенден кийин облус акимчилиги маалымат таратып, «акимдин сөзү контексттен кыркылып, туура эмес мааниде берилген» деп билдирди.

Танзила Норбоева, Өзбекстан Республикасынын Сенатынын төрайымы.
Танзила Норбоева, Өзбекстан Республикасынын Сенатынын төрайымы.

Бир жума өтпөй өкүмзор акимдин иши Өзбекстандын Сенатында каралды. Сенаттын Регламент жана адеп комиссиясы Шухрат Ганиевге сөгүш жарыялап, үч айлык сыноо мөөнөтүн берди.Комиссия жыйынында Сенаттын төрайымы Танзила Норбоева акимдин соцтармактарда тараган видеосунда ал өтө орой сүйлөп, көпчүлүктү нааразы кылганын баса белгилеп айткан.

Kun.uz сайтынын маалыматына караганда, Шухрат Ганиев айыбын мойнуна алып, кечирим сураган.

Ошол күнү орой сүйлөп, чектен чыкканымды мойнума алам.

- Албетте, менин ата-энем, менин ата-бабаларым да салттуу кийинип келишкен. Мен өзүм деле үйдө салттуу кийинем. Ошол күнү орой сүйлөп, чектен чыкканымды мойнума алам. Айыптуумун. Айыбымды оңдогонго сөз берем. Мага ишеним кылган президентибизден өтүнүп-өтүнүп кечирим сурайм. Урматтуу сенаторлор, сиздерден да кечирим сурайм. Мага мүмкүнчүлүк берсеңиздер, мен чын дилден аракет кылам. Албетте, кандай жаза болсо да, тартууга даярмын. Миң мертебе үзүр, кечирим сурайм, - деген аким.

Ганиев Өзбекстанда сакалчандарга жана жоолукчандарга каршы бийлик өкүлү ачык көрсөтмө берген биринчи аким болду. Буга чейин өзбек бийлиги сакал койгондор менен хижабчандарга ачык тыюу салган учур болгон эмес. Ошентсе да акыркы убактарда айрым аймактарда бийлик өкүлдөрү атайын өнөктүк баштаганы кабарланууда. Ташкент жана Наманган облустарында эркектерге сакал коюуга тыюу салып, айрым учурларда мажбурлап алдырып жатышканы айтылган. Ал эми Төрө-Коргон аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган топ үймө-үй кыдырып, жоолукту чүмкөп салынган аялдардан аны артка байлоону талап кылышкан тасма тараган.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавхат Мирзиёев.
Өзбекстан Республикасынын президенти Шавхат Мирзиёев.

Бир нече күн мурун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Энелер күнүнө карата уюштурулган чоң жыйында жоолукту артына салынган аялды мактаган:

- Социалдык тармактарда ар кандай сөздөр айтылып жатат. Өзбек аялга мына ушундай кандай гана сонун жарашат! Мага сиз чыныгы өзбек эненин символу болуп турасыз. Биздин мээримдүү энелерибиз, эже-карындаштарыбыз ушундай кийинип жүрүшүнө эч ким, эч качан тоскоолдук кыла албайт.

Өзбекстанда аялдардын жоолукту чүмкөй салынып же хижаб кийишине маркум президент Ислам Каримовдун тушунда тыюу салынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG