Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-сентябрдан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жарандарды сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Андан ары бул иш аймактарда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алгач тобокел топторуна кирген жарандар акысыз эмделет. Алар - жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар.

Эмдөө мамлекеттик жана жеке менчик клиникаларда жүргүзүлөт.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев коронавирус эпидемиясы жыл сайын күзүндө көп катталуучу сасык тумоо башталганда абалды оорлотушу ыктымал экенин айткан. Буга жол бербеш үчүн эмдөөдөн өтүү зарыл.

Өкмөт 900 миң кыргызстандык сасык тумоого каршы бекер эмделерин билдирген.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы бир миңден ашуун адамдын өмүрүн алды, жалпысынан бул ооруга 45 миңдей адам чалдыкты. Анын 41 миңден ашууну сакайып, 1063 киши жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG