Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

COVID-19 боюнча абал Баткенде эң кооптуу болуп турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын үч аймагында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, республика боюнча көрсөткүчтү ар бир 100 миң кишиге деп санаганда Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарында жогору болууда.

«Мисалы, 7-13-сентябрда республикада көрсөткүч жети болсо, Баткенде 19, Ысык-Көлдө жана Бишкекте 11 болду. Башка аймактарга караганда булардын көрсөткүчү жогору», - деди ал.

Министр аталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталышы керек экенин белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Андан бери бул илдетке 44 999 адам чалдыкты. Алардын 41 103ү айыгып чыкты, 1 063ү каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG