Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Вирус Түркиядагы кыргыз айылына да жайылды


Улуу Памир, Түркия.
Улуу Памир, Түркия.

Түркиянын Ван облусунда жайгашкан Улуу Памир айылында жүздөн ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Жуктургандардын дээрлик көпчүлүгү айыл сакчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Ал эми түрк бийлиги акыркы бир жума ичинде вирус боюнча көрсөткүчтөр эки эсе көбөйгөнүн билдирди.

Улуу Памир айылынын сакчысы Памир Ватан бир жумадан бери үйүндө, апасы менен чогуу дарыланып жатат. Ал вирусту ишине байланыштуу тышка чыкканда жугузуп алганын айтты:

"Айыл сакчысы болуп иштегендиктен кошуна айылдарды кыдырып, күзөттө турабыз. Бир күнү жакын досум алы кетип, ооруп жатканын айтты. Аны менен 12 айыл сакчысы чогулуп ооруканага барып тест тапшырдык. Ошол жерден эле сегиз кишинин тести оң чыгып, калганы терс чыкты. Бир жумадан бери үйдө апам экөөбүз карантинде жатабыз. Күнүнө догдур берген дары-дармектерди ичебиз. Азырынча абалыбыз туруктуу".

Памир Ватан менен үйүндө 68 жаштагы апасы Ниса Ватан да карантинде отурат. Эне-бала өзүнчө үйгө бөлүнүп, тамак-ашты келини даярдап келип, каалгадан берип жатканын айтышты.

"Келиним уулум экөөбүзгө тамак жасап келип, бөлмөбүздүн босогосуна акырын коюп кетет. Ал үч неберем менен башка үйдө, биз башка үйдөбүз. Уулум экөөбүздүн бөлмөлөрүбүз башка. Догдурлар улам келип текшерип кетет. Өзүбүздүн кыргыз тамактарын эле ичип жатабыз. Ысык чай ичүү керектигин айтышты", - деди Ниса Ватан.

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Айылда 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Алардын 200гө жакыны айыл сакчысы болуп иштейт.

Улуу Памирде алгач айыл сакчыларынан аныкталган коронавирус илдети бара-бара алардын үй-бүлөсүнө да жугуп, учурда айылдагы жүздөн ашуун адам карантинге алынган.

Улуу Памирдеги айыл башчысы Эйүпхан Ватансевер карантиндик режим талаптары тыкыр сакталып жатканын билдирди.

"Айылда карантинде жаткандарды көзмөлдөй турган атайын төрт кишилик топ түздүк. Айыл ичин кыдырып, үйдө дарыланып жаткандарга сыртка чыкпагыла, эл менен аралашпагыла деп жатабыз. Тартипке баш ийбегендерге айыппул салууга мажбурбуз. Вирустун айыл ичинде тарап кетишине той-топурлар себеп болду деп ойлойм. Анткени айылдыктар алыска чыкканда эле беткап тагып, тартипти сактабаса айыл ичинде эрежени эч ким этибар алган эмес. Азырынча бейтаптардын абалы жакшы. Кудайга шүгүр жергиликтүү бийлик дары-дармек берип жатат".

7-сентябрдан баштап Түркиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемиясынан улам чоң иш-чаралар менен чогулуштарга тыюу салган. Министрлик муну өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптардын көбөйгөнү менен түшүндүрдү.

Ошондой эле Түркияда той-топурларга келген адамдардын санына жана убактысына да чектөө киргизилди. Жаңы эрежеге ылайык, той бир канча саат ичинде, аз кишинин катышуусунда бүтүшү керек экендиги жазылган. Жаңы коюлган талаптарды жергиликтүү бийликтин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

10-сентябрда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөнүн чыгыш аймагында жайгашкан Мардин, Диярбакыр, Батман жана Сиирт облустарында коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүп жатканын билдирген. Ошол эле чөлкөмдө жайгашкан Ван облусуна иш сапары менен барып, бул аймакта вирус боюнча көрсөткүчтөр эки эсе көбөйгөнүн эскерткен.

Өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдө жагдай курч болуп турганын кабарлаган. Өзгөчө Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында вирус жуккандар көп каттала баштаган.

Сентябрь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 15-сентябрда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 7186 кишиге жеткен. Вирусту жугузуп алгандардын саны 294 миңден ашты. Ошол эле маалда 261 миңге жакын бейтап сакайды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG