Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Түркияда коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемиясынан улам чоң иш-чаралар менен чогулуштарга толугу менен тыюу салды. Министрлик муну өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптардын көбөйүшү менен түшүндүрдү.

Ошондой эле Түркияда той-топурларга келген адамдардын санына жана убактысына да чектөө киргизилди. Жаңы эрежеге ылайык той бир канча саат ичинде, аз кишинин катышуусунда бүтүшү керек экендиги жазылган. Жаңы коюлган талаптарды жергиликтүү бийликтин кызматкерлери көзмөлдөйт.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдө жагдай курч болуп турганын айткан. Өзгөчө Стамбул, Анкара жана Измир сыяктуу ири шаарларда вирус жуккандар көп каттала баштаган.
Сентябрь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйүп, расмий маалыматтар боюнча Түркияда 6-сентябрда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 6673 кишиге жеткен. Вирусту жугузуп алгандар 270 миңден ашты. Ошол эле маалда 251 миңге жакын бейтап сакайды.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан. Бул өлкөдө 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. (ElB)

XS
SM
MD
LG