Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

"Атам Кыргызстанды сагынып жүрүп кете берди..."


Абдулхалим Ватан Ысык-Көлдө. Архивдик сүрөт.
Абдулхалим Ватан Ысык-Көлдө. Архивдик сүрөт.

14-майда Түркиядагы ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан дүйнө салды. Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын изилдеп, айыл тургундарынын маселелерин Кыргызстанга жеткирип турган.

Маркум Абдулхалим Ватандын жашоо-турмушун жана көздөгөн максатын уулу Памир Ватан "Азаттык" радиосуна айтып берди.

- Атам Абдулхалим Ватан Памирде 1955-жылы туулган. Атасы Молдоаса, апасы Ырыс. Атам бизге "1938-жылы Кыргызстандын Гүлчө деген жеринен көчүп барып Памирге жайгашып калган Сары-Тейит уруусунан Шайымдардан болобуз" деп айтып берчү. Атам ошол Шайым уруусунун Вандагы Улуу Памир айылынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү болчу. Рахманкул хандын жанында жүрүп, аны менен чогуу иш кылган адамдардын бири эле.

- Абдулхалим Ватандын Улуу Памир айылындагы орду кандай эле?

- Атам өмүр бою ван кыргыздарынын той-ашына үзбөй барып турду, баарын изилдечү. Келин алуу, кыз узатуу, үлпөт той, тушоо той сыяктуу салт-санаанын баарын сүрөткө тартып, элди сүйлөтүп сактап койчу.

Аларды жыл өткөн сайын аны кайра айылдагыларга көрсөтүп, кыргыздын үрп-адатын, салтын, тилин унуттурбаганга аракет кылар эле.

Өзгөчө Кыргызстандан Сулайман Кайыпов, Кыяс Молдокасымов баштаган белгилүү кишилерден китептерди алдырып, оболу өзү окуп анан айылдагыларга айтып берчү.

Атам үйдө отуруп эле Интернеттен "Азаттык" радиосунун берүүлөрүн күндө укчу. Андан тышкары телевизордон ЭлТР, "Ала-Тоо 24" каналдарын үзбөй көрчү.

Айылдыктар чогулуп калганда "Кыргызстанда эмне кеп болуп жатыптыр?" деп сурашса, атам саясаттан баштап аба ырайына чейин түшүндүрүп айтып берчү. Айылдыктар атамды урматташчу, сыйлуу конок келсе сөзсүз биздин үйгө алып келишчү.

Абдулхалим Ватан айылдаштары менен. Архивдик сүрөт.
Абдулхалим Ватан айылдаштары менен. Архивдик сүрөт.

- Атаңыз Абдулхалим Памирден Ванга көчүп келгенден баштап кайсыл кесипти аркалады?

- Памирде жашап жүргөндө кичинесинен эле техникага, энергетикага кызыкчу экен. Айылга келгенде электр шаймандарын оңдоп жүрдү. Ошол кесибин кийин мага үйрөттү. Азыр мен да айылдагылардын светин оңдоп-түздөйм.

Мен атамды чыныгы этнограф болмок деп ойлойм. Кыргыздардын санжырасына, тарыхына, маданиятына кызыгуусу өтө терең эле. Жазып, сактап койгон далай жазуулары калды.

Өзгөчө ван кыргыздарынын кийинки урпактары тилди, тарыхты унутпасын деп тырышчу. Ушул жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңешине атайын кат жазган. Анда Улуу Памир айылындагы мектепке Кыргызстандан бир мугалим жөнөтүүнү суранган.

Ал катка Кыргызстандан жооп келди. Анда "мугалимдин айлыгын, жата турган жерин Түркия берсе, мугалим караштырабыз" деп жазылган экен. Атам ушул ван кыргыздары тилди унутпаса экен деп сарсанаа болуп кете берди.

- Эми Абдулхалим Ватандын иштерин улантып кетчү айылда шакирттери барбы?

- Айылда атам жалгыз изилдөөчү болчу. Өзгөчө жаштарга үрп-адаттан, маданияттан, тарыхтан кеп салганда эч ким кызыкпайт эле. Өзү алты тилде сүйлөгөн адам болчу. Мага да кирилл арибин үйрөткөн. Азыр кыргызча китептерди окуй алам. Ал эми атамдын ишине кызыгып, улап кетүүгө аракет кылган эч ким болгон жок.

- Абдулхалим Ватан Кыргызстанга барууну көздөчү беле? Бардыбы Кыргызстанга?

- Атам былтыр Кыргызстанга барган. Өзү самап жүргөн Ысык-Көл, Өзгөн, Нарын, Бишкек, Ошту эки айда кыдырып келди. Туугандарга жолугуп, конок болду. Чыңгыз Айтматовдун жайына барып куран окуганын эстеп калчу. "Эки ай Кыргызстанды кыдырсам да мага жетпеди" деп муңайган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG