Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

"Азаттыкты" 57 жыл уккан вандык кыргыз


Абдилхалим Ватан.
Абдилхалим Ватан.

Түркиянын Ван облусунда Улуу Памир кыргыз айылы жайгашкан. Бул айылдагылар 1978-жылы Ооганстандагы ички чыр-чатактан улам Пакистанга көчүп, 1982-жылы Түркияга жеткирилген.

Айылда үч миңден ашуун киши жашайт. Улуу жана орто муундагылар жаштыгын Памирде өткөргөндүктөн көп окуялар али эсинде. Алардын бири - Абдилхалим Ватан. 63 жаштагы бул кишини тааныгандар "айылдын архиви" деп коюшат.

Абдилхалим абада чындап эле көптөгөн китептер, журналдар, гезиттер, эски кассеталар, дисктер бар. Бул маалыматтарды дагы бекем сактап, байытыш үчүн төрт-беш жыл мурда атайын компьютер сатып алган. Маалыматтарды электрондук формага өткөрүп, компьютерде сактап коюптур. Алардын баары оогандык, вандык кыргыздар тууралуу жазылган французча, англисче, немисче, орусча, түркчө, фарсча, кыргызча эмгектер экен. Үйүндө Кыргызстандан чыккан журнал, гезиттер да бар. Ошолорду карап жүрүп кыргыз арибин да үйрөнүп алган.

Мен таң калып булардын баарын каяктан топтоп жүргөнүн сурадым. Абдилхалим Ватан Памирде жүргөндө эле жаш чагынан өз чөлкөмүндө, дүйнөдө эмне болуп жатканына кызыгып, радио тыңшап, алыстан келгендер менен баарлашып турганын айтты. Рахманкул хан Кабулга барып Ооганстандын жетекчилери менен жолукканда да жанында жүрүптүр. 1978-жылы Пакистанга көчүп барышканда төрт жылдай кыргыздардын айыл өкмөтү болгон.

Азыр айылда бул кишини "Ломбардер Алим" деп коюшат. "Ломбардер" урду тилинен "айыл өкмөт" дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан ал Памир кыргыздары, кимдер менен жолугушуулар болгону тууралуу жакшы билет. Чет өлкөлүк изилдөөчүлөр, түрк изилдөөчүлөрү, Кыргызстандан барган изилдөөчүлөр сөзсүз бул киши менен жолугуп, маалымат алат. Алар жөн эле барбай колундагы китеп, журнал, сүрөт, видео материалдарды да таштай кетет. Өзү кабардар болуп калса, атайын алдыртат экен.

Телевизордон берген Кыргызстан жана чет өлкөлүк кыргыздар тууралуу даректүү тасмаларды, кабарларды дароо көчүрүп, компьютерине сактап койгонду адатка айландырган. Кыргызстандан Улуу Памир айылына келип кеткен Кадыралы Коңкобаев, Дооронбек Садырбаев, Орозбек Кутманалиев, Сулайман Кайыпов, Кыяз Молдокасымов, Султан Абдырахманов, Алмаз Нурдинов өңдүү кыргыздын чыгаан инсандары, изилдөөчүлөрү келип Абдилхалим авадан көп маалымат жыйнап кетишкен. Бир тобуна атайын маек бергенин айтты.

Абдилхалим Ватандын колундагы материалдар.
Абдилхалим Ватандын колундагы материалдар.

Кыргызстан тууралуу мени менен сүйлөшүп калып, азыркы саясий айдыңда болуп жаткан окуялардан кеп салды. Мурдагы өкмөт башчылардын жана бир нече мамлекеттик кызматкерлердин камалганын, кээ бирөөлөрдүн качып кеткенин, Акаев, Бакиев, Атамбаев бийликте болгон кездеги окуялардан кыргызстандыктардан кем эмес маалыматы болгонуна ынандык.

Кыргыз кинолорун, Памир жана Ван кыргыздары тууралуу тартылган түрдүү тилдеги даректүү тасмаларды сактап коюптур. Андан сырткары кыргыз күүлөрү, ырлары, айтыштар, манасчылардын "Манас" айтканы жазылган эски кассеталарды, ырларды чогулткан.

"Эстебес Турсуналиевдин, Замирбек Үсөнбаевдин, Рысбай Абдыкадыровдун, Нурак Абдырахмановдун чыгармаларын эргүү менен угам" деди сыймыктана. Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков алп жазуучулар экенин, аларды сыйларын билдирди.

Совет доорунда мамлекет башкарган Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов тууралуу да кабардар экен.

Кыргызстанга бир да жолу барбаптыр. Ошого карабай Кыргызстандын бардык аймактарын билет. Мен буга таң калсам, "алты жашыман бери, тагыраагы 1961-жылдан бери "Азаттыкты" угам" деди. Союз мезгилиндеги инсандар, окуялар тууралуу ошондон кабардар болгон тура.

"Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Шарип, Эркинтоолук деген кыргыздар "Азаттыктан" жаңылыктарды тааныштырып турчу" дейт. Ошол күндөн ушул күнгө чейин "Азаттыкты" тынбай тыңшап, Кыргызстан тууралуу кабардар болуп турат.

- 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин "Азаттыктын" да көп кабарчылары келип, көрсөтүүлөрдү, берүүлөрдү даярдап, биз жөнүндө жазып, биз менен байланышып калды. Кадыралы Коңкобаев, Кыяс Молдокасымов келип, алар менен кийин да байланышып турдум. 2003-жылы Вандан Памирге кыргыздар баратканда Кыяс Молдокасымовго чалып, "кабарды уктуруудан берип кой" деп өтүнсөм, радиодон бериптир. Аны Памирдегилер да угуп, бара жаткандардан кабардар болуп, даярданып турушкан экен. Барып сурашканда "Азаттык" радиосунан укканын айтышыптыр, Памирде да "Азаттыкты" угушат экен, - деди. Би-Би-Си радиосунун фарсча чыгарылышын азыр да угуп тураарын айтты.

Вандык кыргыздар Абдилхалим Ватан, Атилла Гүвен жана кыргызстандык Дастан Разак уулу.
Вандык кыргыздар Абдилхалим Ватан, Атилла Гүвен жана кыргызстандык Дастан Разак уулу.

Абдилхалим Ватандан азыркы ооган кыргыздары тууралуу да кеп салып, аларды кантип сактап калуунун жолдорун сурадым.

- Аба, учурда Памирдеги кыргыздар оор абалда жашап жатат. Алар өлүм-житимдин көптүгүнөн, ооруларды айыктырууну билбегендиктен жана шарттын жоктугунан жыл санап азаюуда. Сиздин пикириңизде аларды Кыргызстанга көчүрүп баруу туурабы же жаңылыштыкпы?

- Бир жерден бир жерге көчүрүп барып, жайгаштырууда көнүшкөнчө, аралашканча көп убакыт керек. Мисалы биздин көчүп келгенибизге 36 жыл болду. Эми араң дыйканчылыкты үйрөнүп жатабыз. 36 жыл мурда эле дыйканчылык кылып, бак тигип койсок, азыр алар жетилип, жашоо-тириликке жардам болмок. Келгенден кийин жер-жемиш, жумуртканы сатып алып жеп жүрдүк. Эми гана жер айдаганды, тоок бакканды үйрөнүп жатабыз. Кыргыз бийлиги памирликтерге өздөрү байырлаган жерге шарт түзүп берсе жакшы болот. Ал жерди эзелтен бери кыргыздар мекендеген. Кыргыздан башка эч бир улут бийлеген да, жашаган да эмес. Памирлик кыргыздарды сактап калуунун бир жолу - жакшылап шарт түзүп, оорукана куруп, там салып, дарыгерлер менен мугалимдерди жиберүү керек. Ошондо эл сакталып калмак.

- Көпчүлүгү "Памир деңиз деңгээлинен өтө бийик болгондуктан үй, там курууга болбойт, сууктан дубал турбайт" деп айтышат, чындыгын сизден сурасак?

- Ал жерде дубал курууга болот. Ошол жерде турган Бозой-Күмбөз деген ылайдан тургузулган. Аталарыбыздан сурасак, ал күмбөзгө кеминде миң жылдай болуптур. Андан сырткары Таш-Сери, Андеми, Эчкили деген да топурактан тургузулган күмбөздөр бузулбай эле турат. Ал жерге там, сарай салууга болот. Менин да төрт бөлмөлүү үйүм бар эле, азыр анда жашап жатышат. Биз убагында Кытай жана СССР тарапта чек ара жабык болгону үчүн курулуш материалдарын алып келе албай калдык. Ооганстандын өзүнө бир ат бата турган жол менен бараар элек, он күн жол жүрүп материал алып келүү мүмкүн эмес болчу. Азыр Тажикстан, Кытай менен чек ара ачык, автоунаа келет, үй куруп берип кыргыздарды сактап калса жакшы эле болмок.

- Демек, ооган кыргыздарын сактап калыш үчүн Кыргызстанга көчүрүп келүү туура эмес деп эсептейт экенсиз да?

Дүйнөдө Памирдей жер жок, ар бир жылгадан суу мол агып түшөт.

- Ооба, Памирге эле жакшылап шарт түзүп берип, кыргыздын тарыхый жерин сактап калыш керек. Эгер ал жерден кыргыздарды көчүрүп кетсе, ата конушубузду башкалар ээлеп алат. Памирлик кыргыздарга вахан, шугнан, рушан, ишкандар жакын жашайт. Биз аларды "сарттар" деп коёбуз. Биз кетсек ошолор ээлейт. Дүйнөдө Памирдей жер жок, ар бир жылгадан суу мөлтүрөп агып турат. Мөңгүгө бай. Ар бир жылгага Токтогул сыяктуу ГЭС курганга болот, ал аркылуу ошол жерди өнүктүрсө болот. Топоз, кой, жылкы, төө байырлаган жер.

- Азыр ал жакта калган туугандар менен баарлашып турасыздарбы?

- Ооба, ал жакта азыр телефон колдонуп калышкан. Тажикстан телефон станциясын орноткон экен, ошол жакка барып, биз менен сүйлөшүп турушат.

- Памирде сиздин 20 жылдан ашуун жашооңуз өткөн экен, ал күндөрдү сагындыңызбы?

- Памирдин ар бир кокту-колоту, жылгалары, жайыттары, шар аккан суулары көз алдымда турат. Бир жагынан көп туугандарым да ошол жакта калган, Памирди тынбай эстей берем. Ооганстандагы соңку таасирдүү хандардын бири Абдрашит хан экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган болгон. Абдрашит хан көзү тирүү кезинде мен Түркиядан паспорт алып, Иран аркылуу Кабулга баргам. Ошондо өзү менен жолугуп келгем.

Дастан Разак уулу, Түркия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG