Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Вандагы боордоштор кыргыз мугалимге муктаж


Түркия, Улуу Памир айылы
Түркия, Улуу Памир айылы

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында орто мектепте 350 окуучу бар. Алар Түркиянын Билим берүү министрлиги бекиткен программанын негизинде окушат.

Ванда кыргыз тилдүү мугалимдерге суроо-талап күч. Бирок бул аймакка 2000-жылдардын башынан бери кыргызстандык мугалимдер келе элек. Мунун айынан кыргыз тилинен, кыргыз тарыхынан сабактар азыр окутулбай калган. Вандык кыргыздар бул сабактарды өтүүнү каалаган мугалимдер келсе алардын иштешине, жашоосуна бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин айтышты.

Алия Чоткараева эки жарым жыл мурда Вандын Улуу Памир айылына Кыргызстандан келин болуп келген. Бул аралыкта ал этникалык кыргыздардын өзгөчөлүгүн, жашоо-шарттарын тез эле өздөштүрүп кеткен.

- Тойдо кара жорго бийлегенди жактырышат. Айылдагы аксакалдар менден кыргыз тарыхын көп сурашат. Кыргыз тилин, тарыхын унутуп баратабыз деп санааркашат. Ушул сабактардан мугалим болсо дегендерин көп угам. Балдарга кыргыз тилин унуттурбай үйрөтсөк жакшы болмок. Акыркы эки-үч жылдан бери айылдыктар Кыргызстанга көп каттап калды.

Алия Түркияга келин болуп келгенге чейин Бишкектеги жогорку окуу жайында окуган. Ал "мугалим болуп албайсыңбы" деген сунушту көп эле угат. Бирок Алия Ван аймагына Кыргызстандан тажрыйбалуу мугалимдер келсе деп кыялданат.

- Айылда кыргыздар жашаганы менен теңи түркчө сүйлөйт. Бирок кыргыз тили басымдуулук кылат десем болот. Кыргызча сүйлөшкөнү менен алфавитти билбегендиктен жаза алышпайт. 90-жылдары келип кыргыз тамгаларын үйрөткөндөр болуптур. Алардан сабак алган айыл тургундары жазып, окуганды билет. Ал эми жаштар тилди интернеттен үйрөнгөнгө аракет кылып жүргөнүн көрүп калам.

Улуу Памирде айыл өкмөтү болуп иштеген Эйүпхан Кошардын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, эки өлкөнүн макулдашуусунун негизинде 1990-жылдардын аягында Кыргызстандан мугалимдер тобу Ван аймагына келип иштеп кеткен. Бул салт кайра жаңылана элек:

- 1998-99-жылдары айылга кыргыз мугалимдер келип тамга тааныткан да. Эки өлкө арасында келишим түзүлүп тарых, музыка, кыргыз тили жана адабияттан үч мугалим келип иштеген. Алар кеткенден кийин эч ким келе элек.

Улуу Памир айылында Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу орто мектеп иштейт. Мектептин жалпысынан 350гө жакын окуучусу, 20 мугалими бар. Окуучулардын жетишкендиги боюнча мектеп райондо үчүнчү орунда турат. Учурда айылда мугалимдер үчүн жаңы жатакана курулуп жатат. ​

Улупамир айылындагы орто мектеп 2017
Улупамир айылындагы орто мектеп 2017

Мектептин мүдүрү Рашит Алп эгер, кыргызстандык мугалимдер Улуу Памирдеги кыргыздарды окутабыз деп келсе, иштеп-жашаганына ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө даяр экенин билдирди:

- Мугалимдер биздин Билим берүү министрлиги тарабынан такталгандан кийин келет деп ойлойм. Анткени эки өлкөнүн ортосунда келишим болсо гана расмий иштейт алышат. Келсе жатакана ж.б. шарттарын түзүп беребиз. Буга чейин мектеп программасында атайын кыргыз маданиятына же тарыхына мүнөздүү иш-чаралар боло элек.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, былтыр Ванга бара турган кыргыз мугалимдеринин саны такталган, бирок Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин долбоор ишке ашпай калган:

- Былтыр келишимди бүтүрүп келе турган үй-бүлөнү да тактап койдук эле. Алар келерде Түркияда төңкөрүш аракети болуп ал үй-бүлө менен байланыш үзүлүп, таппай калдык. Түркчө, кыргызча билген үй-бүлө болчу. Ванга барып жашап, эмгектенгенге макул болушкан.

Чет өлкөлүк педагогдордун иштөө шарттары Түркиянын 4817-мыйзамында каралган. Ага ылайык, педагогикалык дипломго, кеминде эки жылдык иш тажрыйбасына ээ ар бир чет өлкөлүк жаран Түркиядагы билим берүү мекемелеринде эмгек визасы аркылуу иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылын 1986-жылы атайын Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү куруп берген. Айылда жалпысынан 2000ге жакын этникалык кыргыз жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG