Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Кутлу: Ванга Түркиядагы окуялардын терс таасири тийген жок


Курманбек Кутлу
Курманбек Кутлу

Курманбек Кутлу - айтылуу Памир кыргыздарынын эл башчысы Рахманкул хандын небереси. Азыр Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" аттуу этникалык кыргыздардын коомдук бирикмесин жетектейт.

Курманбек Кутлу жогорку билимди Кыргызстанда алган. Андан соң Стамбулдагы Мимар Синан университетинде Памир кыргыздарынын көчү тууралуу илимий ишин жазып, магистратурада окуусун улантууда. Курманбек Кутлу “Азаттыкка” маек куруп, сөзүн Түркиядагы саясий кырдаал жана бийликке кайра шайланган АК партия тууралуу баштады.

Курманбек Кутлу: Түркияда болуп жаткан акыркы олку-солкулар дүйнөдөгү окуялар менен тыгыз байланыштуу. 12 жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Адилет жана өнүгүү партиясы Түркияны дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуп, ийгиликтерге жетишти. Бирок быйыл 7-июнда болгон шайлоодо бир дагы саясий партия өкмөттү түзө тургандай добуш ала албай калгандан улам, Түркияда убактылуу кыйынчылыктар болду. Ошентсе да 1-ноябрда кайра шайлоо болуп АК партия жеңип чыкты. Эми өкмөт түзүлүп, кайра стабилдүүлүк орнойт деген ишенимдебиз.

“Азаттык”: Азыр Түркиянын ичинде жана чек араларында коопсуздук маселеси курч. Вандын Улуу Памир айылында мурдатан эле жергиликтүү жигиттер нөөмөт менен айылда сакчылык кылат деп укчубуз. Азыр акыбал кандай?

Курманбек Кутлу: Сакчылык кылуу биздин айылда гана эмес, Түркиянын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарында иштеген, мамлекет тарабынан түзүлгөн нерсе. Анда жергиликтүү жигиттер чек араларды эмес, айыл ичиндеги коопсуздукту күзөтөт. Аларга мамлекеттен айлык төлөнөт. Айыл ичиндеги тартипти жана Күрт жумушчулар партиясынын террорчуларына каршы элди коргоп турушат. Азыр биздин айылда тынч. Эч кандай кооптоно турган нерсе жок. Түркияда болуп жаткан окуялардын айылыбызга терс таасири тийбеди.

“Азаттык”: Улуу Памирликтердин арасынан Сирия-Түркиядагы чек арага барып, аскердик кызмат өтөп жаткандар барбы?

Курманбек Кутлу: Жок, андайлар жок. Негизи сакчы болгон адамдар чек арадагы же өлкө тышындагы кандайдыр бир аскерий кызматтарга барбайт. Ошол өзү жашаган аймактагы коопсуздукту гана камсыз кылат.

“Азаттык”: Акыркы мезгилде эл аралык эксперттер Түркиянын экономикасы 20% түшүп кеткенин айтышууда. Мунун таасири мекендештер арасында билиндиби?

Курманбек Кутлу: Экономикалык солгундоо эми дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу да. Азыр карап көрсөңөр Орусияда, Казакстанда, Кыргызстанда деле кризис бар. Түркиянын чөйрөсү болсо Жакынкы Чыгышка байланышкандыктан, албетте, кризис болуп жатат. Бирок Түркиянын акыбалы чет элдиктер айткандай начар эмес. Экономика стабилдүү эле. Мына шайлоо бүткөндөн кийин доллардын курсу кайра түшүп, биржалар жанданууда. Ушундай көрсөткүчтөрдөн улам экономика келечекте жакшы болот деген ойдомун. Биздин айылдын же Түркиядагы кыргыздардын экономикасы, албетте, ушуга байланыштуу. Маселен иштегендер көп деле кризистен кыйналышпады. Балким жеке ишкердик кылгандар анча-мынча кыйынчылык тартып жатышат чыгар. Жакынкы келечекте баары жакшы болот деген ойдобуз.

“Азаттык”: Түркиядагы кыргыздарга кыргыз тилин окутуу жаатында, кыргызча билим берүүдө кыйынчылыктар барбы?

Курманбек Кутлу: Түркияда эми мамлекеттик тил түрк тили болгондуктан, кыргыздардын баары түркчө билим алышууда. Бирок Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин кыргыз тили, тарых боюнча мугалимдерди Вандагы айылга бирин-экин жиберишкен. Азыр андай жок. Бирок Кыргызстандын элчилиги жардам берип, жакында бул маселе чечилет, кыргыз тили, тарыхтан атайын мугалим барып сабак өтөт деп угуп жатабыз.

“Азаттык”: Вандагы орто муундун өкүлдөрү өз эне тилин, маданиятын сактап кала алды. Силерден кийинки жаш муун кантти экен?

Курманбек Кутлу: Айылдагы кыргыз тилинин деңгээли жакшы. Жалаң кыргыздар жашаган кыштак болгондуктан балдар, жаштардын баары эле кыргызча сүйлөйт, кыргыз тилинде музыка угат, жаштарыбыз кириллица тааныйт. Алар интернеттен кыргыз тилиндеги кабарларды окуп турушат. Анан Кыргызстандан үзбөй киши каттап, пикир алышып турушат. Бирок шаардагы кыргыздардын жаш балдарында кичине кемчиликтер болушу мүмкүн. Эми тилди сактап калуу үй-бүлөгө, ата-энеге байланыштуу да. Балдарына кыргызча тарбия берсе, унутпай чоңоюшат дегендей.

“Азаттык”: Улуу Памирдегилер Кыргызстандагы саясий, коомдук өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп турушабы?

Курманбек Кутлу: Албетте, биздин айылда, деги эле Түркияда “ЭлТР” телеканалы иштейт. Аны үзбөй көрүшөт. “Азаттык” радиосун угуп, интернет сайттардан Кыргызстанда эмне болуп жатса баарын окуп, билип, кызыгып, талкуулап, кабардар болуп турушат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG