Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Түркиялык кыргыздар кыргыз бийлигине нааразы


Зилзаладан жабыркагандар чатырларда күн өткөрүп жатышат.
Зилзаладан жабыркагандар чатырларда күн өткөрүп жатышат.

Зилзалада жабыркаган түркиялык кыргыздардын абалын кыргыз бийлигинен эч ким сурай элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Ворал билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркиянын чыгышында болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 500дөн ашып, 800дөй киши жабыр тарткан.

23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 даражага жеткен жер титирөө катталган. Ал жерде жашаган жарандыгы түрк 2 миңдей кыргыздын төртөө набыт болгон.

Эржишке жакын кыргыздар отурукташкан Улуу Памир айылынын башчысы, Түркия жараны Касымбек Варолдун “Азаттыкка” айтымында, учурда жер титирөөдөн жабыркаган беш адам Эрзурум шаарында ооруканада жатат. Алардын бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Касымбек Варол суук түшүп калгандыктан чатыр маселеси курч турганын кошумчалады:

- Мындай жардамдар келип атат, бирок чатыр жетпей жатат. Бизде боз үй да жок, көптөрү жер титирегенден коркуп калышыптыр, үйлөрүнө кире албай жатышат. Өздөрү эле сыртка палас тосуп отурушат. Күн суук. Мен кечээ "тобекел кылып үйүңөргө киргиле, суукта ооруп калсаңар, дары-дармек да табылбайт" деп бардыгына айттым. Коркпогондор кирип атышат, бирок көптөрү кире албай жатышат.

Эржиш шаарында жашаган 15-20 чакты теги кыргыздардын үйлөрүнөн жарака кеткен. Жердин термелүүсү али күнчө уланып жаткандыктан көпчүлүк кайрадан үйүнө кирүүдөн коркуп, көчөдө калышууда.

Зилзалада Чынар Окандын үйүнүн да бир топ жеринен жарака кеткен. Өзүнө кошуна турган кызынын үйү да ошондой эле абалда. 27синен 28-октябрга караган түнү да эки жолу жер силкингенин белгилеген Чынар айым, үйгө кирүү коркунучтуу болуп жатат дейт. Анткен менен чатырда жашоо да кыйын болуп жаткан экен. Жамгыр, кар, түнкү чыкыроон кошумча түйшүктү жаратууда.

- Үйлөрүбүз бардыгыбыздыкы эле жарылган. Жарылбаган үй жок. Жер термелгенде эле бала-бакыра ыйлап, сыртка качып чыгып атышат. Бөлмөлөрүнөн, шыптан жарака кеткендер бар. Эшикте жаан, суук. Түнү үшүп чыгабыз. Кечээ болсо кар жаады.

Кыргызстандан кабар күтүп...

Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Варол түрк өкмөтү болушунча жардамын берип, тамак-аш, жылуу кийим-кечектен өксүк кылбаганын билдирди. Ошентсе да Кыргызстандан моралдык колдоо көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Жада калса телефон аркылуу алар менен байланышып, абалдарын сураган бийлик жетекчилери болбоптур.

- Кыргызстандагы президентибиз болсун, чоңдор, депутаттар болсун мен буларга бир аз капа болдум. Түркиянын бардык жеринде жашаган кыргыздарды билиши керек эле. Биз билинген эле кыргызбыз. Келе алышпаса да телефон чалып, "тирүү калдыңарбы, өлдүңөрбү" деп өзүнүн калкынан кабар алса жакшы болот эле. Жымжырт калды, ошого капа болдум. Түркия канчалык чоң өлкө болсо да биздин мекенибиз Кыргызстан да.

Түркиядагы кыргыздар зилзала болгон жердеги кыргыз тектүүлөргө жардам берүү аракетин көрүүдө. Стамбул шаарында жашаган эркин журналист Нурланбек Карыпбай уулунун айтымында, учурда акча, жылуу кийимдер жыйналып жатыптыр.

- Кошуна Азербайжан ошол эле күнү үч учак, бир канча адамы менен келип, жардам берип атат. Кыргыздарга кеч маалымат жеттиби билбейм, эми кеч болсо да 50 адамды жиберип коюш керек.

Гумжардам жөнөтүлөт

Ал эми Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов Түркияга жөнөтүлчү гуманитардык жардам азыр даяр экенин, учурда аны жеткирүү үчүн учак маселеси каралып жаткандыгын белгиледи.

Бекиловдун айтымында, 1 миллион сомдук гуманитардык жардамдын ичине чатыр, жылуу кийим-кечек жана айрым тамак-аш продуктулары кирет.

- Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркия мамлекети менен байланышканбыз. Алар куткаруучулар керек эместигин айтышкан. Ал эми бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун иш бөлмөсүндө жыйналыш болуп, гумжардам жөнөтүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Түркияга чатыр, одеялдар, жылуу кийим-кечек, суу, ун, шекер, төө буурчак жөнөтүүгө даярдалууда. Азыр учак маселеси чечилип жатат. Буйруса бүгүн-эртең гумжардам жөнөтүлмөкчү.

“Азаттык” зилзаладан жабыр таркан кыргызстандыктардын абалы туурасында дагы маалымат берип турмакчы.

XS
SM
MD
LG