Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Түркия: жабыркаган кыргыздар жардамга муктаж


Түркияда зилзаладан кийин миңдеген адамдар түнөксүз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00
Түз линк

Ванда зилзалада 300дөн ашуун киши набыт болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз. Рейтер агенттиги, 25.10.2011

23-октябрда Ван өрөөнүндө болгон зилзаладан набыт кеткендердин саны 430дан ашканы айтылууда. Алардын ичинен төртөө этникалык кыргыздар.

Кырсык кесепетин четтетүүгө айылдарга өкмөттүн колу жетпей, жер силкинүүнүн толкуну дагы деле басылбай улам кайталанып жатат.

Күз чыкыроондо памирликтер үйгө түнөй албай, ачык асман алдында чатыры жок, тамак-аштан кыйналып жатышкан экен.

Зилзала болгон Ван, Эржиш, Улуу Памир аймактарында 4 миңге чукул этникалык кыргыз бар. Жер титирөө очогуна жакын Улуу Памир айылынын мурдагы өкмөт башчысы Сали Санжактар аймактагы акыркы абал тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Сали Санжактар: Жер титирөө катуу болду. Шаар борборунда үйлөр урап түшүп калган. Азырга чейин ошол уранды астынан чыгарыла элек кишилер бар деп жатышат. Шаарда 120 миң калк бар. Ошол жерде чыгым көп болгондуктан, өкмөттүк күчтөр бошой албай жатат.

Улуу Памир айылында 500 үй бүлө бар. Бизде чоң чыгым болбосо да үйлөрдөн жарака кетти. Бирок жердин термелгени али басылбай, майда силкинүүлөр улам кайталанып жаткандыктан, үйгө кире албай сыртта турабыз. Аба ырайы да суук. Ушу маалга чейин чатыр келген жок. Суукта ачык асман астында турабыз.

"Азаттык": Өкмөттөн жардам жеткен жокпу? Күн суук болсо, ачык асман алдында кантип жашап атасыңар?

Сали Санжактар: Сыналгыдан элге жардам жеткирип жатканын айтышууда. Чындыгында андай эмес. Өкмөттүн жардамы Эржиштен ашпай жатат. Ал жерде эл талап кылып, келген жардамды алып коюп жатышат.

Өкмөт уранды астында калган кишилерди чыгаруу менен алек болуп, бизге көңүл бура албай жатат. Четтен жардамдар келүүдө, бирок ал бизге жетпей жатпайбы. Армия, полиция, бийлик өкүлдөрү уранды астында калгандарды бошотуу менен алек болуп, бизге окшогон айылдарга колу жетпей жатат.

Биздин айылда 500 кожолук бар. Мектепте балдар бар, алар да кыйналып жатышат. Тамак-аш жагынан да кысылып калдык. Сатыкта эч нерсе жок.

"Азаттык": Эржиштен Улуу Памирге 30 чакты үй бүлөнү көчүрүп алганы айтылды эле?

Сали Санжактар: Кээ бирлери келди, айрымдары шаарда эле калышууда. Айылга келген менен бул жакта деле баш калкалоого бир нерсе керек да. Оорулуулар бар арасында. Ошондуктан баары келе албай, шаар борборунда эле турушат.

"Азаттык": Түнүндө аба ырайы кандай?

Сали Санжактар: Күн суук. Бүгүн жаан болот деп айтышты. Эртең кар түшөт деп айтылган.

"Азаттык": Эгер кар жааса баш паанексиз калган эл кантээр экен?

Сали Санжактар: Ар ким шартына карап жашай берет да. Эми анча-мынча оорулууларыбыз да бар. Ооруканада жай да жок болуп жатат. Оорукананын имараты жабыркаган. Шашылыш чара көрчү оорулуу болсо башка шаарга жөнөтүп жатышат.

"Азаттык": Шыван ажы баш болгон 4 кыргыз боордош набыт болгону айтылды эле, алар жерге берилдиби?

Сали Санжактар: Ооба, алар кечээ жерге берилди.

"Азаттык": Жакын арада силерге өкмөттүн колу жетчүдөйбү? Тамак-аштан кысылып жатабыз дедиңиз эле.

Сали Санжактар: Жок, өкмөттүн колу жакын арада бизге жетпейт го. Анткени бизсиз деле жумушу көп болуп жатат. Урандыларды качан тазалап бүтөөрү белгисиз. Өкмөттүн жардамы айылга жетпей жатат.

"Азаттык": Сали ага, аман болуңуздар. Боордошторго көңүл айтып, кайрат кылгыла. "Кыйынчылыкты аманчылык жеңет" дейт.

XS
SM
MD
LG