Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Түркия: Зилзала 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Түркияда зилзалада жүздөгөн адам жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
Түз линк

Жекшембиде Ван өрөөнүндөгү зилзалада 217 адам набыт болуп, миңден ашуун киши жарадар экенин түрк өкмөтү билдирет. AP тасмасы, 24.10.2011

23-октябрда Түркиянын чыгышында болгон жер титирөөдөн 200дөн көп киши мерт болгону кабарланууда.

Түркиянын ички иштер министри Идрис Наим Сахимдин билдиришинче, зилзаладан Эржиш шаарында 117, Ван шаарында 100 адам курман болду. Кеминде 1090 адам жарадар болгон.

Эржиште жашаган улуупамирлик Шыван ажы аялы жана кызы менен уранды астында калып каза тапканын Түрк радиосунун кабарчысы Алмазбек Асанбаев “Азаттыкка” түз эфирде курган маегинде айтты.

7, 2 баллдык зилзаладан кийин жер дагы 70тен көп жолу силкинген.
НАТО, Кытай, Жапония, АКШ, Азербайжан жана Европа өлкөлөрү Түркияга жардам сунуш кылды.

АКШнын Геологиялык кызматы кечээ жер титирөөдөн кийин күчү Рихтер таякчасы боюнча 7, 3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ван шаарынан 19 чакырым түндүк-чыгышта болгонун билдирген эле.

Түрк радио жана телекорпорациясы кечээ (ТРТ) зилзалада зыянга учураган Ван аэропорту убактылуу жабылгандыгын билдирди. Жер силкинүү Битлис, Сиирт, Батман, Эрзурум, Бингөл, Агры, Муш жана Диярбакыр облустарында сезилди.

"Зилзаланын очогу катталган Табанлы айылынын айланасындагы жолдор толугу менен колдонулгус абалга келди. Вандын борборунда жана Эржиште көп сандаган имарат кулады. Эржиште көп сандаган атуул жаракат алды. Урандылардын астында калгандарды куткаруу аракети жүрүп жатат", - деп кабарлады аталган телеканал.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Ван шаарынын ишкер бөлүгүндө айрым имараттар кыйраган. "Анадолу" жаңылыктар агенттиги шаардын ооруканаларына кеминде 50дөй киши жеткирилгенин кабарлады.

Ал эми Ванга коңшу Арсис шаарынын мэри Зулфикар Арапоглунун айтымында, бул жерде бир нече имарат кыйраган, “каза тапкандар да көп”.

Истамбулдагы Кандили сейсмологиялык институтунун директору профессор Мустафа Ердиктин 23-октябрдагы басма сөз жыйында билдиргенине караганда, зилзаладан каза тапкандар саны “500дөн 1000ге” чейин жетүүсү мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетти.

Ал эми Ван провинциясынын кыргыздар жашаган Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Варол “Азаттыкка” буларды айтты:

- Зилзаладан улам айылдын баары сыртка чыкты. Айылдагылар аман-эсен. Улуу Памирдеги үйлөр кыйраган жок, бирок жарака кеткендери бар. Райондун борборунда көп үйлөр жыгылып, силкинүү күчү 7.2 даража болгону айтылып жатат. Телефон байланышы начарлап, кабаралашуу кыйын болууда.

Бүгүнкү зилзаланы Армения борбору Еревандын тургундары да сезип, көптөр үйлөрүнөн сыртка чуркап чыгышкан. Жер силкинүүсү Иран менен Грузиянын аймактарында да сезилди.

1999-жылы Түркияда болгон эки жер тербетүү 20 миңдей адамдын өмүрүн алган. Ал эми 1976-жылы Ван провинциясынын Чалдыран шаарында жер силкип, 5 миңден көп адам набыт болгон.


Түркиядагы жер титирөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG