Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Сарыгулов: Стамбулда кыргыз айылы пайда болот


Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун башчысы Айбек Сарыгулов Стамбулдагы кыргыздардын ынтымагы жана жакында өтчү бизнес-форум тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": "Кыргызстан достук жана маданият" коомунда төрт адам айлык алып туруктуу иштейт экен, шаардын борборундагы жакшы имараттан кеңсе алыпсыздар. Мындай биримдик очогун кантип түптөдүңөр? Каражат жагын кандай чечип жатасыңар?

Айбек Сарыгулов: Каржылоо жагын айта турган болсом, биздин коомго киргендер мүчөлүк акы төлөшөт. Ушул тапта мүчөлөрүбүздүн саны 330га жетти. Андан сырткары бул жактагы ишкерлер өздөрү көңүлүнөн чыгарып, ай сайын акча жагынан жардамдашып турушат. Алардын бергени, мүчөлөрдөн чогулган акчаны кошуп кеңсебиздин акысын, айлык сыяктуу маселелерибизди чечип алабыз.

"Азаттык": Бул коомго президент, өкмөт башчыдан тарта көп эле аткаминерлер келишет экен. Аларга кандай муктаждыгыңарды айтасыңар? Эмне жардам сурайсыңар?

Сарыгулов: Биз атайын коом болуп түзүлүп иштеп жаткандан кийин көп маселелерди өзүбүз чечкенге аракет кылабыз. Өлкө жетекчилиги келсе даттанып кирбейбиз. Кеңсебиздин ачылышына президентибиз Алмазбек Атамбаев катышты. Ошондо "бизге маданият жана достукту чыңдоо жаатында гана көңүл бурушуңуз керек. Материалдык эч кандай жардамга муктаж эмеспиз" дедик. Коомдун өкүлдөрү да өз күчүбүз менен бутубузга турган сайын жардам сурабайбыз деп өз ара сүйлөшкөнбүз.

"Азаттык": Айрым өлкөлөрдө кыргыздар уюм, диаспора болуп бөлүнөрүн уккан элем. Түркиядагы кыргыздар ынтымактуу элесиңерби?

Сарыгулов: Түркиядагы кыргыздар максаттарыбыз бир болгон үчүн эч кандай бөлүнүү-жарылуу деген түшүнүк жок. Башка өлкөлөрдө айрым адамдардын жеке амбициясынан гана бөлүнүү болушу мүмкүн, болбосо диаспоралардын баарынын бир эле максаты болот. Ошол өлкөдөгү кыргыздарды бириктирип, карым-катнашты күчөтүп, иш-чараларды өткөрүү.

"Азаттык": Жакында Стамбулда бизнес-форум өтөт турбайбы. Форумдун маңызы кандай болот, кимдер катышат?

Сарыгулов: 24-25-августта чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандык ишкерлерди чогултуп, бири-бирибиз менен пикир алышып, таанышып-сүйлөшкөнгө бир платформа түзүп берели деп атабыз.

20 жылдан бери сыртта өз тушоосун өзү кесип, бизнесин түптөп, ишкерлик менен алектенген мекендештерибиз көп. Четте ишкерлерибиз дагы көбөйсө мамлекетибизге эле пайдасы тийет. "Азаттык" аркылуу да ишкерлерге кайрылгым келет: Стамбулдагы иш-чарабызга катышып кетиңиздер.

"Азаттык": Мен Стамбулдагы кыргыздардын иш-чараларын көрсөм эле боз үйлөр турган болот. Азыр коомдун кеңсесине кирсем да сокодон тарта кыргыздын бардык улуттук буюмдары турат. Аларды Кыргызстандан алып келүү оор болсо керек?

Сарыгулов: Азыр бизде алты боз үй бар. Элчиликтин, консулдуктун атынан алып келчүбүз, эми фирмалар менен сүйлөшүп эле алып келүүдөбүз.

Боз үйлөрдү Нооруз майрамында, Эгемендик күнү тигип, өзүбүздүн маданиятты, салтты тааныталы дейбиз. Азыр бул жакта Стамбулдун акимиаты менен сүйлөшүп атабыз, шаардын четиндеги токойдо кыргыз айылын ачалы деген ниетибиз бар. Жергиликтүү бийлик да макул болду, азыр жер карап жатабыз. Буйруса ошол кыргыз айылына боз үйлөрдү тигип, маданиятыбызды таанытып, анан бул жактагы мекендештерибиз той өткөрсө ошол жерге өткөрүп, жай айларында ошол кыргыз айылында чогулуп турсак деген ниетибиз бар. Буйруса, эмки жылы Стамбулда кыргыз айылы туруп калат.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG